Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

08.01.2024 / Просмотров: 6042

Бүгүн, 2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан COVID-19га каршы эмдөө алды. Министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталындаPfizer вакцинасынын20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, республикада COVID-19 илдетине жумалык мониторинг улантылууда. Ага ылайык, жумасына 2ден 6га чейин учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Курч респиратордук оорулар менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын ичинен көрсөткүчтөр боюнча COVID-19га анализдер тандалып алынат, лабораториялык жыйынтыктар боюнча 1 жуманын ичинде 1 тастыкталган учур катталган (Ош ш.).

  Ошондой эле, COVID-19га шектелген учурда ПЦР изилдөөгө анализ алынат. Учурда баардык облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборлорунда ПЦР лабораториялары иштеп, тесттик системалар менен камсыздалган.

Маалымат үчүн:

2021-жылдын мартынан 2023-жылдын декабрына чейинки мезгил аралыгындажалпысынан 6 889 780 доза вакцина келип түштү жана сатылып алынды, анын ичинен:

1 548 780 доза - COVAX механизми боюнча;

2 780 200 доза – гуманитардык жардам;

Республикалык бюджеттин эсебинен «Синофарм» өндүрүшүнө таандык 2 560 800 доза вакцина сатылып алынган, алар өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн ДССУнун өзгөчө тизмесине киргизилген. Бул дозалар 2021-2022-жылдары колдонулган, эмделген адамдар жөнүндө маалыматтар коронавируска каршы эмдөөлөрдүн электрондук реестрине киргизилген. Бул системага 3,2 миллиондон ашык маалымат киргизилип, 1,5 миллиондон ашык сертификат түзүлгөн.

Эмдөө боюнча маалыматтар:

- Биринчи дозасы менен эмделгендердин саны 1 700 833 адамды (76%) түзөт;

- экинчи дозасы менен эмделгендердин саны 1 516 904 адамды (63%) түзөт;

- Үчүнчү доза менен эмделгендердин саны 430 329 адам.

- Жалпы колдонулган – 4 700 439 доза вакцина.

Бул дозалар калкты кошумча жана кайталап эмдөө үчүн колдонулат. Бүгүнкү күндө республикадагы бардык эмдөө пункттарында коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза өлчөмүндө ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталында Pfizer вакцинасынын20,000 дозасы келет деп күтүлүүдө.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

11.05.2024
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнү белгиленди

Бүгүн, 2024-жылдын 11-майында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын 12-майда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримовдун, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Быйылкы жылы майрамдын урматына республика боюнча 95 адис «Саламаттык сактоонун ардактатуу кызматкери» төш ​​белгиси, 21 адис Ардак грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө калкка медициналык жардам көрсөтүү процессинде медайымдардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүткүл дүйнөдө медайым дарылоо процессинде дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды жигердүү ишке ашыруунун негизинде билимди жогорулатуу жана илимге жол ачуу максатында бакалавр даражасы киргизилди. Ага ылайык медайымдын функцияларына көз караш өзгөрдү. Эгерде мурда оорулууларга камкордук берүүгө басым жасалса, азыр медайым башка медициналык адистер менен бирге алардын өнөктөшү катары иш алып барып, өз алдынча  саламаттыкты сактоо тармагындагы изилдөөлөргө катышып, билимин жогорулатып заманбап дүйнөнүн чакырыктарына жооп бере турган адис катары иш алып барып жатат. Азыркы учурда биздин өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо максатында ипотека аркылуу турак-жай менен камсыздандыруу, айлык маянаны көтөрүү боюнча чон иш чаралар жүргүзүлүп жатат”,-деди министр.

Медайымдар жана акушеркалар Кыргызстандагы кесипкөй медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Медайымдардын жана акушерлердин толук профессионалдык потенциалында иштөөсүнө шарт түзүү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, жалпы саламаттыкты камтууга жетишүү жана калктын учурдагы жана келечектеги ден соолук муктаждыктарын канааттандыруу үчүн маанилүү. Медайымдар өмүр бою адамдар менен иштешет, бул бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин ортосундагы байланыштардын жалпы санынын 90% түзөт. Көп учурда бул адамдын медициналык тейлөө системасы менен болгон биринчи жана жалгыз байланышы, анткени өлкөбүздүн алыскы аймактарында медайымдар жана акушеркалар дарыгерлердин жетишсиздигинен өз алдынча медициналык кызмат көрсөтүшөт.

 

10.05.2024
Бишкекте дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. Дагы бир мамлекеттик дарыкана Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Токтогул көчөсү, 250 дарегинде жайгашкан филиалында ачылды.

№1 ҮМБнын филиалы Мурас-Ордо жана Жеңиш конуштарынын тургундарын кошкондо 40 миңге жакын калкты тейлейт.

Министр белгилегендей, планга ылайык ушул жылдын аягына чейин мамлекеттик дарыкананын 100гө жакын филиалы учурда республика боюнча иштеп, аларда дары-дармектин 1500дөн 2000ге чейин түрү бар.

10.05.2024
Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.

Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи. Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

Жабырлануучулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго алардын дарылануусуна көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле Адана клиникасынын бардык медициналык кызматкерлерине, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугуна жана аларга жардам берген Түркиядагы бардык мекендештерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.