Телефон:
62-26-80Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович
Министр
1960-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун "Дарылоо иши" бөлүмүн, 1985-жылы - КММИнин клиникалык ординатурасы, 1988 – жылы КММИнин аспирантурасын аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1989 - "Он эки эли ичегинин жарасынын клиникалык жана иммунологиялык аспектилери" деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
1989-1995 - КММИнин факультет хирургиясы кафедрасынын ассистенти.
1995 - КММИнин факультеттик хирургия кафедрасынын доценти.
2000 - "Ашказан жарасы жана он эки эли ичеги жарасы хирургиясындагы алгачкы мезгилдин операциядан кийинки татаалдашын алдын-алуу жана алдын алуу" деген темада доктордук диссертациясын жактоо.
2000 - КММИнин факультеттик хирургия кафедрасынын профессору.
2002 - Факультеттин хирургия бөлүмүнүн башчысы, КММИ.
2004-жылдан 2020-жылдын октябрына чейин - И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын пропедевтикалык хирургия бөлүмүнүн башчысы.
2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
2022-жылдын августунан 2023-жылдын сентябрына чейин – «Алтын Балалык» эс алуу жана реабилитациялык комплексинин директору
2023-жылдын сентябры – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу
Кошумча маалымат:
270тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 14 монографиянын, 10 окуу колдонмосунун, 9 ойлоп табуунун, 35 рационализатордук сунуштун автору.
Анын жетекчилиги астында 13 кандидаттык жана 1 докторлук диссертация корголгон.
Бейшеналиев А.С. - Коомдук саламаттыкты сактоонун отличниги 1998, И.К. Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын лауреаты 2017. Патронаждык жана кайрымдуулук иш-аракеттери үчүн "Ак жүрөк", "Айкөлдүк" белгиси менен сыйланган.
37 жылдык практикалык хирургиялык иш-аракеттердин жүрүшүндө ал 20000ден ашуун бейтапка операция жасаган.
Телефон:
Мамадалиев Тилек Абдыганыевич
Заместитель министра
1988-жылдын 22-ноябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында туулган, үй-бүлөлүү, эки баласы бар.
Билими: Жогорку. 2005-жылы И.К. Ахунбаев ат. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) дарылоо факультетинде окуган.
Эмгек ишмерлиги:
2011-жылы – “Хирургия” адистиги боюнча ординатурадан өткөн.
2008-ж. – Бишкек ш. №1 Шаардык клиникалык ооруканасында медициналык ага;
2014-2016-жж. – Чүй облусунун Аламүдүн районунун паспорттук-визалык каттоо иштери бөлүмүндө иш кагаздарын жүргүзүүчү;
2017-2020-жж. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин жардамчысы;
2018-2019-жж. - Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын директорунун орун басары;
01.09.2022-05.12.2022-жж. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси;
05.12.2022-ж. тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.
Телефон:
62-65-22Садыков Улан Асанбекович
Заместитель министра
1973-жылы Бишкек шаарында туулган.
Билими: Жогорку. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын (КММА) аяктаган.
2001-ж. – КММАнын балдар хирургиясы жана травматологиясы кафедрасында клиникалык ординатурадан өткөн.
2014-ж. – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
Эмгек ишмерлиги:
2001-2005-жж. – Бишкек Шаардык тез жардам балдар ооруканасында травматолог-ортопед врачы;
2005-2007-жж. – Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы Балдардын медициналык-социалдык реабилитациялык борборунда травматолог- ортопед врачы;
2007-2018-жж. – Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургиялык инфекция бөлүмүнүн башчысы, илимий кызматкер;
2018-2021-жж. - Human медицина борборунда травматолог- ортопед врачы;
2021-2022-жж. - Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы врачынын орун басары;
2022-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.
Кошумча маалымат:
Тубаса кемтиктери менен балдардын таяныч-кыймыл аппаратынын оперативдик кийлигишүүсүнүн заманбап техникасын билет. Балдардын бутун дарылоонун заманбап принциптери боюнча бир нече жолу адистешүүдөн өткөн (Понзетти клиникасы, Айова, АКШ), Лапароскопиялык хирургия боюнча сертификаты бар (Клармонт-Ферранд, Франция). Септикалык ооруларды дарылоо жөндөмүнө ээ. Бир нече жолу торакалдык хирургиясы боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн.
Жогорку категориядагы врач, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мыктысы.
Телефон:
66-24-14Арыкбаева Бубужан Камчыбековна
Заместитель министра
Талас облусунун Кара-Буура районунда 1964-жылы туулган.
Билими: Жогорку. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн.
Эмгек ишмерлиги:
1988-1991-жж. – Коомдук тамактануу бирикмесинде санитардык врач;
1991-1993-жж.- Чүй облусунун Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (МСЭКБ) санитардык врачы;
1993-1995-жж. - Чүй облусунун Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы;
1995-2000-жж. - Чүй облусунун МСЭКБ бөлүм башчы;
2000-2004-жж. - Чүй облусунун МСЭКБ башкы врачынын орун басары;
2004-2008-жж. - Бишкек ш. МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы;
2008-2010-жж. – Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мамлекеттик санитардык көзөмөл бөлүмүнүн начальниги;
2010-2012-жж. – Чүй облусунун Аламүдүн районунун МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы;
2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын санитардык көзөмөл башкармалыгынын начальниги;
2013-жылдан тартып 2022-жылдын июнь айына чейин - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын начальниги;
2022-жылдын июнь айынан бери - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.
Кошумча маалымат:
Жогорку категориядагы врач, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мыктысы.
“Манас” эпосунун 1000 жылдыгынын медалы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
“Санитардык коопсуздукту камсыздоодогу өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” жана “Коомдук саламаттык сактоо тармагына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” ардак наамдарга ээ.
Телефон:
66-24-14Джангазиев Бакыт Ишенович
Заместитель министра по цифровому развитию
1991-жылы 7-апрелде Ысык-Ата районунун Кант шаарында туулган.
Билими: Жогорку. 2014-жылы 2005-жылы И.К. Ахунбаев ат. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Медициналык-профилактикалык иши факультетинде окуган.
2015-жылы КММАнын дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинде интернатурадан өткөн.
Кошумча маалымат:
2016-2018-жж. - Казакстан, Алмата ш. «Прикладдык эпидемиология», гибриддик формат курсу;
2018-2019-жж. – Армения, Ереван ш. «Түзүмдөштүрүлгөн операциялык изилдөөлөр», гибриддик формат курсу;
2022-ж. май - «Санариптик трансформация», Россия эл чарбасы жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Жетекчилерди жана санариптик трансформациялоо борборунун онлайн курсу;
2022-ж. январынан – 2022-ж. декабрына чейин - «Саламаттык сактоодогу кадр ресурстарынын менеджменти”, гибриддик формат курсу, Университет Салфорд, Лондон, Великобритания.
Эмгек ишмерлиги:
08.2014 - 02.2017 - Ысык-Ата райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог врачы;
02.2017 - 07.2020 - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы, эпидемиолог врачы;
07.2020 - 10.2021 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары;
11.2021 – 01.2022 - Кыргыз Республикасынын Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору;
01.2022 – 04.2022 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары;
05.2022 – 01.2023 - Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун санариптик өнүктүрүү жана саламаттык сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча консультанты, Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк офиси;
2023-жылдын февраль айынан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары.
Кошумча маалымат:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкандагы үчүн» төш белгиси, “Коомдук саламаттык сактоого сиңирген өзгөчө эмгеги жана өзгөчөлөнгөнү үчүн” төш белгиси менен сыйланган.