Copyright: ©

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга грант бөлөт

16.02.2024 / Просмотров: 7457

Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында 2024-жылдын 15-февралында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен Москва шаарында жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча өлкө үчүн тез жардам унааларын сатып алууну камтыган жаңы долбоорду талкуулашты.

Министр Евразиялык Фондго Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишти. Автоунааларды сатып алуу Кыргызстандагы тез медициналык жардам системасын жакшыртууга маанилүү салым болот.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.09.2024
Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 миллион долларлык медициналык жабдуулар берилет

Бүгүн, 7-сентябрда КР Саламаттык сактоо министри Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, жаңы курулуп жаткан клиникалык диагностикалык бөлүмдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Оорукананын директору Шаят Абдурахманов министрге курулуш иштери 90%га бүтүп, сентябрь айынын аягына чейин толугу менен бүтөрүн билдирди. Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында ОШКО 5 млн долларлык 14 аталыштагы медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши керек болчу.

Мындан тышкары, министр 300 орундуу көп функционалдуу оорукананын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалып, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6 633,5 м2 болгон оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, ашкана, кир жуучу жай, кампалар болот.

07.09.2024
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында катарактага акысыз операциялар жасалууда

Бүгүн, 2024-жылдын 7-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-сентябрдан бери катаракта боюнча акысыз операциялар жүргүзүлүп жаткан Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына (ООКБО) барды. Бул операциялар “Экспресс ден соолук: жаркын саякат” долбоорунун алкагында 2-сентябрдан 12-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

 

Министр менен бирге ООКБОго Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана башка коноктор да келишти.

 

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан баштап кытайлык адистердин тобу өз күч-аракетин катарактадан жапа чеккен жана көрүүсү начарлаган бейтаптарга жардам берүүгө багыттоодо. Долбоордун командасы 10 күндүн ичинде үч облустан: Ош, Жалал-Абад жана Баткенден келген бейтаптарга катарактага бекер операция жасашат. Учурда 100гө жакын бейтапка операция жасалып, жалпысынан 300 кыргызстандыкка операция жасоо пландалууда.

 

Мындан тышкары, Кытай тарап оорукананын жетекчилигине наркы 7,5 миллион сомдон ашык турган офтальмологиялык жабдууларды өткөрүп берүү сертификатын тапшырды.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле долбоор эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрөөрүн баса белгиледи. “Өткөн жылы бул долбоордун аркасында 600дөн ашык кыргызстандыктар катарактага бекер операция жасатышкан. «Экспресс ден соолук» долбоору көрүү мүмкүнчүлүгүн гана калыбына келтирбестен, бейтаптарга жашоонун кубанычын жана келечекке болгон үмүтүн кайтарып берди. Бул медициналык долбоор биргелешкен аракеттер адамдардын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келеринин үлгүсү жана далили болуп калды”, - деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

07.09.2024
Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын аймагында 3 мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы иштейт

Бүгүн, 7-сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кезектеги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул оорукананын аймагында иштеп, калкты жеткиликтүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылган үчүнчү дарыкана.

Учурда республика боюнча 86 “Эл Аман” мамлекеттик дарыкана ийгиликтүү иштеп жатат.