Copyright: ©
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат
09.02.2024 / Просмотров: 5972
Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен жолугушту. Алар биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүндө болушту.
Министр жана шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая бөлүмдөрдү кыдырып, бейтаптар менен баарлашты.
Алымкадыр Бейшеналиев шейхке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин “Ас-Сафа” фондунун аркасы менен рак жана башка ооруларга чалдыккан балдар үчүн заманбап клиникалык-диагностикалык бөлүм бардык керектүү медициналык жабдуулар менен курулган.
«КР Саламаттык сактоо министрлиги менен «Ас-Сафа» фондунун биргелешкен аракетинин аркасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапаты бир топ жогорулап, жабдуулар менен камсыздоо жана дарыгерлердин квалификациясы жакшырды”, - деди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов.
Сапардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда балдардын онкологиялык кызматын өнүктүрүү максатында мындан аркы кызматташууну макулдашты.
Министр борбордун жетекчилигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмүн уюштуруу боюнча ишти баштоону тапшырды. Шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая министрдин сунушун колдоп, жилик чучугун трансплантациялоодо негизги болгон өзөк клеткаларын чогултуу үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга 150 миң доллар бөлүүнү убада кылды.
Министр ошондой эле балдар онкологдору жана лаборанттар менен жолугушуу өткөрүп, анда жилик чучугун трансплантациялоо боюнча окууга чет өлкөгө жөнөтүлө турган 10 адамдан турган топ түзүү тапшырмасын берди.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.10.2024
Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты
2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди. Иш сапардын алкагында министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышы керек».
04.10.2024
Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты
2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда «Vision Eye Camp Kyrgyzstan» компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү. Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.
Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.
Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.
04.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “Климат жумалыгынын” иш-чараларын колдойт жана БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын 29-конференциясына катышууга даярдык көрүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 7-11-октябрында өтө турган "Климат жумалыгынын" алкагында иш-чараларды активдүү колдойт. Негизги темаларга климаттык тобокелдиктердин саламаттыкка тийгизген таасирин баалоо, саламаттыкты сактоо тутумунун аялуу жактары жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо кирет.
Мындан тышкары, министрлик 2024-жылдын 11-22-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына катышууну пландап жатат. Кыргыз Республикасынын павильонунун алкагында 18-ноябрда адам капиталы, ден соолук, балдар, жаштар жана билим берүү темалары боюнча тематикалык сайт-ивенттер уюштурулат. Бул жолугушуулар саламаттыкты сактоо секторунун өзгөрүлүп жаткан климаттык шарттарга ылайыкташуу маанилүүлүгүн баса белгилеп, сектордун туруктуулугун жогорулатуу стратегияларын карап чыгууну көздөйт.
Климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна кандай таасир этет?
Климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна коркунуч жаратып, жугуштуу оорулардын жайылышын көбөйтөт, ичүүчү суунун сапатына жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизет, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынын өсүшүнө шарт түзөт. Мындан тышкары, аялдар, балдар жана улгайган адамдар аялуу калк топтору экенин белгилей кеткибиз келет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооп чаралары:
1. Саламаттыкты сактоо министрлиги климаттык коркунучтарды байкап, саламаттыкты сактоо системасы үчүн улуттук адаптациялык планды иштеп чыгууда.
2. Калкты климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасири жана анын таасирин азайтуу жолдору тууралуу маалымдоо программалары иштелип чыгууда.
3. Өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен активдүү кызматташып, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо программаларын ишке киргизүүдө.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык жарандардын ден соолугун коргоо үчүн гендердик жана инклюзивдик аспекттерди эске алуу менен саламаттыкты сактоо тутумунун климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун күчтөндүрүүнү улантууда. Коомчулукту тартуу жана эл аралык кызматташуу ийгиликтүү адаптациялоо үчүн маанилүү кадамдар болуп саналат.