Copyright: ©
Исламабадда өткөн Глобалдык саммиттин алкагында Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу болуп өттү
11.01.2024 / Просмотров: 7829
2023-жылдын 10-январында Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан Саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын Саламаттык сактоо министри доктор Надим Ян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда медициналык билим берүү системасын уюштуруу жана жогорку медициналык окуу жайлардын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана фармацевтика тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун жаңы перспективалары каралды.
Жолугушууда Пакистандын Саламаттык сактоо министри доктор Надим Ян Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, Пакистанга келгенден кийин аттестациядан өтө алышпайт деген пикирин билдирди. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн кызматташып, биргелешкен күч-аракет жумшоо ниетин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кесиптешине жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз кезегинде Кыргызстандагы тиешелүү билим бербеген медициналык ЖОЖдордун ишин текшерүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда мындай ЖОЖдордун студенттерин алардын талабы боюнча башка окуу жайларына которууга даяр экендигин билдирди. Мындан тышкары, Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты жемиштүү улантуу, атап айтканда, медициналык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча меморандумду иштеп чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Пакистандын саламаттыкты сактоо министри доктор Надим Ян, алар өз тарабынан Пакистандын Медициналык кеңеши менен бирге медициналык билим берүү маселелерине байланыштуу кызматташуу меморандумуна кол коюу сунушун кароого даяр экенин белгиледи.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот
Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.
Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү
Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.
Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.
Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.
«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.
«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.
03.12.2024
Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды
Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Букуев Нурбек Медетбековичти тааныштырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алымкадыр Бейшеналиев Нурбек Медетбековичтин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемдеп, дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди.