Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
Президенттин бардык тапшырмалары аткарылды: Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүлүү улантылууда
11.07.2023
Бишкекте полиомиелитке каршы даярдык боюнча тренинг өтүүдө
2023-жылдын 11-12-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ ЕРБнын консультанттары менен биргеликте полиомиелиттин чыгышына каршы аракеттенүү боюнча тренинг өткөрүүдө. Симуляциялык машыгуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Эмдөө боюнча Улуттук техникалык эксперттик топтун мүчөлөрүнүн, Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Дары-дармек департаменти жана облустук деңгээлдеги иммунолог, эпидемиолог адистеринин катышуусунда өткөрүлүүдө.
Тренингдин негизги максаты – улуттук өнөктөштөрдүн жана эксперттердин эпидемиологиялык жактан коопсуз өлкөлөрдөн оору жуктуруп келген учурга жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруудаярдыгын жогорулатуу.
Тренингде дүйнөдөгү жана аймактагы кырдаалга сереп салуу, полиовирустун жайылуу тобокелдигине баа берүү, жапайы полиовирустун келишинен улам же вакцина менен байланышкан полиовирустун (cVDPV) циркуляциясынан улам чыгышы мүмкүн болгон полиомиелиттин учурундагы тобокелдиктер боюнча ДСУнун сунуштары жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына негизделген андан аркы аракеттер көрсөтүлөт. Тренингдин жыйынтыгында полиовирустук учурга же эпидемияга каршы Улуттук колдонмо жана чара көрүү планы жаңыланат.
11.07.2023
Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун аты ыйгарылды
Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген хирургиялык практикага жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана жетишкендиктерин баса белгилейт. Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүнүн жана жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат.
Маалымат үчүн: Чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.
10.07.2023
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс өз ишин Аксы жергесинде улантат
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт. 2023-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев комплекстин жашоочуларды кабыл алууга жана текшерүүгө даярдыгы менен таанышты.
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин ачылыш аземи Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиевдин, Аксы районунун акиминин орун басары Бердалы Мырзагуловдун, Кербен шаарынын мэри Эрнст Зияйдиновдун, мобилдик комплекстин адистеринин жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.
Диагностикалык комплекс райондун бардык жашоочулары үчүн акысыз медициналык текшерүүлөрдү, дарылоо жана консультацияларды, ошондой эле ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта диагностикалык кызматтарды көрсөтөт.
Мобилдик комплекс медициналык изилдөөлөрдүн көптөгөн түрүн жүргүзүүгө жана ар кандай ооруларды диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши медицинага жетүүдө көйгөйлөргө туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.
«Көптөгөн адамдар үчүн бул аймактан чыкпай туруп эле адистер менен өз маселелерин карап чыгуу жана талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк», - деп баса белгиледи Тилек Мамадалиев.
Мобилдүү комплекстин ишин уюштурууга колдоо көрсөткөн жергиликтуу бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз.
Эске салсак, долбоор 5 жылга эсептелген жана ИӨБ мобилдик клиниканын ишин тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү май менен камсыздап, дарыгерлердин айлык акысын каржылайт. Мобилдик клиника дарыгерлер үчүн бөлмөлөр, анализ жүргүзүү лаборатория, компьютердик томография жана маммография, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борборунан турат. Ошондой эле мобилдик клиниканын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да каралган.
07.07.2023
Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы жыйынтыкталды
Бүгүн, 7-июлда Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы аяктады.
Бул маанилүү миссиянын алкагында Кыргыз Республикасына коомдук саламаттык сактоодогу коркунучтарга жооп кайтарууга даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн системалуу баалоодон өтүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Баалоо Эл аралык медициналык санитардык эрежелерди ишке ашыруу контекстинде жүргүзүлдү, ал адамдарды коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнөн коргоо үчүн негиз болуп саналат.
Апта ичинде эл аралык жана улуттук эксперттер 19 техникалык багытты изилдешти. Алар саламаттык сактоо системасынын ишинин натыйжалуулугун, жардамдын сапатын, өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу жана жооп кайтаруу, лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтарды чогултуу жана талдоо ж.б.
Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы саламаттык сактоо системасын мындан ары жакшыртуу боюнча баалуу сунуштарды берди. Баалоонун натыйжалары медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегиялык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле калктын ден соолук коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталат.
«Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алуу Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын тынымсыз жакшыртууга жана калктын ден соолук коопсуздугун камсыздоого умтулуусун тастыктайт. Миссия чоң иш аткарды. Алынган жыйынтыктар саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү потенциалын күчөтүү боюнча мындан аркы иш аракеттерди көрүү үчүн негиз болуп, эксперттердин сунуштары биздин ишибизде маанилүү багыт болот», - деди Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев. Ал мындан тышкары, Биргелешкен тышкы баалоого катышкан эксперттерге ыраазычылык билдирди.
Министрдин орун басары эл аралык коомчулук менен кызматташууну күчөтүү жана эл аралык стандарттарды жана эрежелерди колдонуу Кыргыз Республикасында күчтүү жана ишенимдүү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин баса белгиледи.
07.07.2023
Республикалык иммунопрофилактика борбору Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору менен байланышты жакшыртуу үчүн жабдуу алды
2023-жылдын 7-июлунда ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборуна (РИБ) заманбап жабдуулардын жети комплекти берилди. Жаңы жабдуу COVID-19 пандемиясы сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда координацияны жакшыртып, адистерди аралыктан окутуу үчүн бардык облустук борборлорду туташтырууга жардам берет. Вакцинация жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (ВИГА) CDS-2 долбоорунун алкагында берилген жабдуулардын жалпы наркы 2,5 млн сомдон ашык.
Жабдууну расмий тапшыруу салтанаты Бишкекте РИБдин директору Гүлбара Ишенапысова менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиолонун катышуусунда өттү.
Гүлбара Ишенапысованын айтымында, бул жабдуу калктын вакциналарга болгон ишенимин арттыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жардам берет.
“Жабдуулар вакциналар менен башкарууга боло турган инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн бардык облустук борборлоруна өткөрүлүп берилет. Бул бардык тапшырмаларды бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке интеграциялоону камсыз кылат жана иштин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп белгиледи ал.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору интерактивдүү такталар, видеобайланыш үчүн микрофондор жана камералар менен жабдылат.
“COVID-19 пандемиясы кризис учурунда натыйжалуу координация, байланыш жана даярдык чечүүчү мааниге ээ экенин көрсөттү. Биз бул жаңы жабдуу Кыргызстандын саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын мындан ары жогорулатууга жардам берет деп үмүттөнөбүз”, — деди Кристина Бруджиоло.
ЮНИСЕФ COVID-19га жана башка ооруларга каршы эмдөөнү жайылтууда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосун улантууда. ЮНИСЕФ вакциналарды сактоону жакшыртууга, санариптик чечимдерди киргизүүгө, медициналык кызматкерлерди окутууга жана вакциналарды сатып алууга жардам берип келатат.
Негизги максаты – эмдөөнү жана ар бир баланын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу.
07.07.2023
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан «Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча сөздүгү» иштелип чыкты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 510 «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы» токтомун аткаруу максатында орусча-кыргызча медициналык терминдер сөздүгүн: «Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча сөздүгүн» даярдаган.
Департаменттин имаратында 2023-жылдын 6-июлунда Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча сөздүгүн биринчи талкуулоо иш-чарасы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун» директору Н.К. Маражапова баш болгон комиссия мүчөлөрү жана Департаменттин жетекчилери менен бирге кызматкерлер катышты.
Иш-чара тил саясатын өнүктүрүүгө багытталып, адистештирилген сөздүк мамлекеттик тилдин беделин өстүрүүгө түрткү болуп, кыргыз тилинин тармактуу-медициналык, заманбап тил катары мамлекеттик деӊгээлде өнүгүшүнө салым кошот.
07.07.2023
В г.Чолпон-Ата прошла международная научно-практическая конференция
В г. Чолпон-Ата, в санатории «Голубой Иссык-Куль» прошла Международная научно-практическая конференция «Проблемные болезни 21 века, особенности течения в горных условиях», посвященная 30-летию Академического консорциума «Международный университет Кыргызстана» и II форум АКК «Курортная медицина», организаторами которой выступили Международная школа медицины Международного университета Кыргызстана, Ассоциация курортов Кыргызстана при поддержке Кыргызского Государственного медицинского института переподготовки и повышения квалификации имени С.Б. Даниярова, ОО «Активное долголетие кыргызстанцев» с участием Академии полярной медицины и экстремальной экологии человека (Россия), Альянса сотрудничества больниц стран ШОС, университета ОKAN и «Fountain Group» (Турция), первого Московского государственного медицинского университета им. И.М. Сеченова (Россия), «Союз здоровья» - «Ци Хуань» (Китай), представителей ассоциаций курортов Узбекистана, Казахстана, Болгарии и Латвии.
Цель конференции – обсуждение и анализ текущих тенденций в медицинском образовании с целью разработки новых подходов и стратегий, демонстрация научных достижений, повышение квалификации врачей, внедрение в практику последних достижений медицинской науки, а также повышение профессионального уровня специалистов различного профиля в области санаторно-курортного лечения, медицинской реабилитации и спортивной медицины, ознакомление с передовым опытом внедрения инновационных медицинских технологий.
С приветственным словом к участникам и гостям конференции выступили: президент Академического Консорциума «МУК», член-корреспондент НАН КР Айдаралиев А.А., президент Конгресса женщин Кыргызстана Акбагышева З.А., академик Европейской академии естественных наук д.м.н. Тогузбаева К.К. (Республика Казахстан); академик полярной медицины и экстремальной экологии человека профессор Чухрова М.Г. (Российская Федерация); президент ассоциации курортов Кыргызстана Батырбекова Л.К. и др.
Основными научными направлениями конференции стали: проблемы образования в медицинских вузах; клинические аспекты внутренних болезней и особенности течения в горных условиях, возрастные особенности патологии у жителей горных регионов и коморбидные заболевания, медицинская реабилитация больных с использованием лечебных климатических условий и природных лечебных ресурсов, медицинские и психологические аспекты жизнедеятельности и безопасности в экстремальных и чрезвычайных условиях.
В рамках работы конференции были проведены мастер-классы и школа для практических врачей с выступлением ведущих профессоров Кыргызстана по современной диагностике и особенностям лечения распространенных сердечно-сосудистых заболеваний в горных условиях.
В форуме «Курортная медицина» приняли участие представители многих курортных ассоциаций СНГ и дальнего зарубежья, которые поделились опытом современных тенденций использования природных ресурсов и климатических условий для лечения и восстановления здоровья людей.
Международная конференция, где приняли участие более 180 делегатов, стала авторитетной научной площадкой, где было представлено более 90 докладов по актуальным проблемам в области образования и медицины, а также курортной медицины. Кроме этого, обсуждены и определены приоритеты развития международного сотрудничества, стратегического партнерства и передача опыта в медицинском образовании и науке, проблемы геронтологии и гериатрии для разработки программы «Активное долголетие кыргызстанцев», повсеместное распространение концепции Активное долголетие.
07.07.2023
Кызамык менен ооругандардын 81% эмдөө албагандар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Улуу Британия, Австрия, Түркия, Сербия, Армения, Тажикстан, Россия Федерациясы, Казакстан сыяктуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык регионунун 17ден ашык өлкөлөрүндө кызамык оорусунун көбөйүшүн эске алуу менен, өз убагындагы кызамыкка каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн эскертет.
COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда оорунун өсүшүндө негизги ролду ойноду.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 1001ге жетти. Белгилей кетсек, ооругандардын көбү (81%) кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Эмдөөдөн өтпөгөн топтун 29%нын жаш курагы (6 жана 8 ай) жетишсиз болгондуктан эмдөөдөн өтүшкөн эмес, 33%ы эмдөөдөн баш тартышкан, 8%ы медициналык себептерден, 1,3%ы миграциялык факторлордун таасиринен улам эмдөөдөн өтүшкөн эмес жана 10 %ынын эмдөө статусу белгисиз.
Кызамык оорусун аймактар боюнча каттоо: Ош облусу - 394 учур, Ош шаары - 207 учур, Бишкек шаары - 135 учур, Баткен облусу - 67 учур, Жалал-Абад облусу - 55 учур, Чүй облусу - 44 учур, Талас облусу - 55 учур жана Ысык-Көл облусу - 44 учур. Бойго жеткен калктын арасында илдеттин катталышы бирин-серин.
Кызамыкка жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кызамыкка каршы эмдөө балдарга 1 жашында (12 ай), ал эми кайталап эмдөө 6 жашында жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Учурда республиканын аймагында оорунун очогун аныктоо, андан ары жайылышын алдын алуу боюнча жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетчү нерсе, кызамыктын атайын дарылоосу жок, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга болот. Эмдөө кызамыктын жайылышын алдын алуунун жана калктын саламаттыгын сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.
Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен социалдык бакубаттуулукка да салым кошот.
«Эмдөө балдардын жана коомдун ден соолугун вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан коргоонун маанилүү кадамы болуп саналат. Бардык жарандарды Кыргызстанда кызамык оорусунун жайылышын алдын алууга жардам берүүгө чакырабыз. Биз биргеликте балдарыбыз жана жалпы коом үчүн коопсуз жана сергек чөйрөнү түзө алабыз”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова.
05.07.2023
В рамках проекта «Экстренное реагирование на COVID-19» будут построены 8 складов для хранения вакцин по всей республике
В рамках проекта “Экстренное реагирование на COVD - 19”, финансируемого Всемирным банком, планируется строительство 8-ми складов для хранения вакцин в межрайонных центрах профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора по всей республике.
В настоящее время идет процесс строительства 6-ти складов для хранения вакцин в межрайонных центрах профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора в г. Токтогул, г. Ала-Бука, и г. Баткен, в центре профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора г. Джалал-Абад и санитарно-эпидемиологическом отделе в с. Араван и в Ак-Талинском районе. Ожидается начало строительных работ в ЦПЗиГСЭН г. Бишкек, санитарно-эпидемиологическом отделе г. Кербен.
Отметим, что в рамках проекта уже отремонтированы склады для хранения вакцин в санитарно-эпидемиологических отделах Московского, Кеминского, Базар-Коргонского районов, а также в межрайонном центре профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора г.Талас. Проведены отделочные работы внутри помещений с заменой окон, дверей, покрытий пола и электрических cетей. Также были установлены вытяжные системы вентиляции, водонагреватели и раковины, а также проведена прочистка канализационных труб. Ремонтные работы подходят к завершению в санитарно-эпидемиологическом отделе в с. Чаек.
Кроме этого, за счет Проекта для Департамента профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР было закуплено 50 морозильных камер и 50 термоконтейнеров для хранения вакцин. В рамках Проекта также ожидается поставка фризерной комнаты для Республиканского центра иммунопрофилактики (фризерная комната – это объемная специализированная морозильная холодильная камера для хранения вакцин при температуре хранения (-15-25 градусов)).
Цель Проекта-содействие Правительству Кыргызской Республики в укреплении способности реагирования на пандемию COVID – 19 путем обеспечения надлежащих профилактических мер, закупки лекарственных средств, расходных материалов и медицинского оборудования, а также улучшения условий в организациях здравоохранения.
05.07.2023
Субрегионалдык окуу семинарында Кыргызстандын вакциналардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү боюнча иши баса белгиленди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун улуттук эксперттери 2023-жылдын 26-30-июнунда Германиянын Франкфурт шаарында өткөн вакциналардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүдө сапатты камсыздоо жана маалыматтарды башкаруу боюнча субрегионалдык окуу семинарына катышышты.
Семинарга Албания, Армения, Азербайжан, Беларусь, Босния жана Герцеговина, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Косово, Молдова Республикасы, Черногория, Сербия, Тажикстан, Түндүк Македония Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.
3 күндүк окуу семинарынын жүрүшүндө катышуучулар вакцинанын сапатын камсыздоо маселелери менен таанышып, эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлерге байкоо жүргүзүүнүн маалыматтарын чогултуу жана колдонуу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен алмашышты.
Алардын ичинен 3 өлкөдө: Кыргызстанда, Сербияда жана Грузияда вакциналардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү боюнча иштер өзгөчө белгиленип, аларга тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берилди.
Семинар Пауль Эрлих институтунун эксперттери, EMA, АКШнын CDC, ECDC, Упсаладагы ДССУнун Кызматташуу борбору жана ДССУнун адистери тарабынан колдоого алынды.
Семинардын жүрүшүндө ар бир өлкөнүн өкүлдөрү иммунизациядан кийинки кыйыр таасирлер боюнча маалыматтардын сапатын камсыздоого жана башкарууну жакшыртууга багытталган иш пландарын иштеп чыгышты.
05.07.2023
Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт
2023-жылдын 6-июлунан 13-июлуна чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Кароо Кытай Эл Республикасынан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.
Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.
Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт.
Көңүл бургула! Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:
- кош бойлуулук;
- этек кир;
- скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.
Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.
Аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 2023-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган кытайлык адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилгенин белгилейбиз.
Кытай келечекте Кыргыз Республикасынын медицина тармагындагы маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Жатын моюнчасынын рагы - биринчи эл аралык медициналык кызматташуу долбоору болот. Кытай делегациясынын иш сапарынын максаты - биздин аялдарга жатын моюнчасынын рагын алгачкы баскычта аныктоого мүмкүнчүлүк берүү.
03.07.2023
Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарга карата жооп кайтаруу чараларын күчөтүү: Биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлөт
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясын кабыл алууда.
Коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана тез арада чара көрүү боюнча Кыргызстандын потенциалын баалоо үчүн 2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин өтө турган бул миссияга ар кайсы өлкөлөрдөн, техникалык институттардан жана БУУнун агенттиктеринен келген 15 эл аралык техникалык эксперт катышат.
Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусу менен биргелешкен процесстин алкагында иммундаштыруу, лабораториялар жана башка 19 техникалык тармакты изилдейт.
Бул эксперттер Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү менен бирге жума ичинде боло турган биргелешкен талкууларга катышат жана жер-жерлерге сапарларга да барышат. Бул миссиянын максаты саламаттык сактоо системасынын коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу баалоо, кемчиликтерин жана күчтүү жактарын аныктоо, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн өлкөнү баалуу маалыматтар менен камсыз кылуу болуп саналат.
Кыргызстан ДССУнун Европа регионундагы 53 өлкөнүн ичинен биргелешкен тышкы баалоонун экинчи раундун өткөргөн биринчи өлкө болуп саналат. Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын коопсуздугунун потенциалын чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтөт.
Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан саламаттык сактоонун коопсуздугу боюнча стратегиялык жана оперативдүү Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга дем берүү менен саламаттык сактоо системасынын коопсуздугун чыңдоодо чечүүчү ролду ойнойт.
“Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу жана жалпы эле саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо биздин өкмөттүн башкы орундагы милдети болуп саналат. Эл аралык кесип өтүүлөр кеңири жайылган мезгилде эффективдүү медициналык-санитардык коргоо калктын саламаттыгын камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Биргелешкен тышкы баалоо көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди гана ачып берүүчү терс процесс катары каралбашы керектигин түшүнүү керек. Тескерисинче, бул өзүңдүн жетишкендиктериңди жана потенциалыңды көрүү, ошондой эле андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк”, - Гулнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.
ДССУнун Кыргыз Республикасындагы Аймактык директорунун Атайын өкүлү жана кеңсе башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу доктор Шахин Хусейнов бул ыктыярдуу Биргелешкен тышкы баалоо миссиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Кыргызстандын Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алууга даярдыгы анын саламаттык сактоо системасынын коопсуздук потенциалын чыңдоого жана өз калкынын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтүп турат. Бул баалоонун жыйынтыктары жана сунуштары өлкөнүн даярдыгын жогорулатуу жана чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча келечектеги аракеттерге багыт берет.»
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана CDC саламаттык сактоонун коопсуздугун бекемдөө жана өз жарандарын коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардан коргоону камсыз кылуу аракетинде Кыргыз Республикасын колдоого мурдагыдай эле даяр.
CDCтин Кыргыз Республикасы боюнча өлкөлүк директору Доктор Patrick Nadol:«Бүгүнкү өз ара тыгыз байланышкан дүйнөдө глобалдык саламаттык сактоо коопсуздугу болуп көрбөгөндөй маанилүү. CDC экинчи Биргелешкен тышкы баалоону өткөрүү үчүн Кыргызстан жана өнөктөштөр менен кызматташта болгонуна кубанычта. Бул системалуу көп сектордук баалоолор коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана аларга чара көрүү жаатында Кыргызстандын потенциалын бекемдөө үчүн колдонула турган бир катар тармактар боюнча негиз салуучу маалыматты берет.»
***
Маалымат үчүн:
Биргелешкен тышкы баалоо — бул ыктыярдуу, биргелешкен, көп секторлуу процесс, өлкөнүн коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарды, алар табигый жол менен пайда болобу, же атайылап же кокусунан болгон окуялардын натыйжасында пайда болобу, алдын алуу, аныктоо жана аларга тез арада чара көрүү жөндөмдүүлүгүн баалоо. Биргелешкен тышкы баалоо өлкөлөргө адамдын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоо системасындагы эң маанилүү боштуктарды табууга, даярдыкты жана чара көрүүнү жогорулатуу үчүн артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого жардам берет.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Америка Кошмо Штаттарынын саламаттык сактоо боюнча алдыңкы улуттук агенттиги болуп саналат. CDC ооруларды, жаракаттарды жана майыптуулукту көзөмөлдөө жана алдын алуу аркылуу коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо үчүн иштейт.
CDC дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө коомдук саламаттык сактоо жаатындагы потенциалын бекемдөө үчүн техникалык экспертиза жана колдоо көрсөтөт.
02.07.2023
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу медицина кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Мамлекеттин эң негизги байлыгы - эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү деп күрөшүп келе жатасыздар.
Сиздердин бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүттөрүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.
Мамлекетибиз социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандардын саламаттыгын чыңдоо, жашоо сапатын жакшыртуу жана өмүрүн узартууну өлкө саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын өзөгү катары карайт.
Акыркы жылдары республикалык бюджеттин жана ошондой эле эл аралык фонддордун, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын белгилей кетүү керек.
Дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экени айкын. Электрондук саламаттык сактоону толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдейт.
Саламаттык сактоо тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле ооруканаларыбызды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматтарын көрсөтүүгө жетишүү үчүн медицина тармагына инвестиция салуу – башкы максатыбыз. Ошондо гана жалпы журтубуздун, айрыкча, алыскы аймактардагы элибиздин сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай алабыз.
Биз ооруларды алдын алуу ишин биринчи орунга коюу менен баштапкы медициналык санитардык жардам системасын маанилүү багыт деп билебиз. Бул багыт, албетте, тажрыйбалуу дасыккан медициналык адистерсиз натыйжа бере албайт.
Ардактуу саламаттык сактоо кызматкерлери, тизмектелип өткөн иш-чаралар сиздердин жардамыңыздар менен гана өз максатына жетет, сиздердин эмдүү, шыпаалуу колуңуздар менен мээримдүү мамилеңиздерди бир да медициналык шайман алмаштыра албайт. Андыктан, улут саламаттыгы сиздердин колуңуздарда. Ар бир дени сак мекендешибиз өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошот. Ошондуктан, өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер деп айтууга толук негиз бар.
Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалайм. Жакындарыңыздар менен бирге бакубат өмүр сүрүңүздөр. Элдин сак-саламаттыгы жаатындагы ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!
Дагы бир жолу майрамыныздар менен!”.
02.07.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырованын Медицина кызматкерлерин күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу кесиптештер!
Кадырлуу медицина кызматкерлери!
Улуттун саламаттыгы - өлкөнүн келечектүүлүгүн аныктайт. Демек, ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн саламаттыгынын чың болушу - сөзсүз түрдө өлкөнүн өнүгүүгө карай жол алышына шарт түзөт.
Өмүр сакчыларына жардамга келүүгө ар дайым даяр болуп, кесиптик милдеттерин жан үрөп аткарууга байланышкан татаал миссия жүктөлгөн. Бул миссия эбегейсиз чоң күчтү, энергияны, сезимталдыкты талап кылат.
Дарыгерлер мындай өтө зор жоопкерчиликти бийик коюп, чебер колдору, камкор, мээримдүү мамилеси аркылуу жакшылыктын булагы болуп, кээде чыныгы кереметтерди жаратышат.
Канчалаган адамдарга шоола чачкан алардын эмгеги эсепсиз жана эбегейсиз.
Адам өмүрүнөн жана ден соолугунан кымбат эч нерсе жок. Бул баалуулуктардын сакчылыгында турган жалгыз гана кесип ээлери - ал урматтуу дарыгерлер! Өз өмүрүн медицинага арнагандардын баардыгына таазим этип, ыраазычылыгымды билдирем жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бардыгына эмгегиндеги жаратмандыкты, жетишкендиктерди жана үй-бүлөдөгү таалайлуу, байсалдуу өмүрдү каалайм. Ар дайым эл кызматында эсен-соо болунуздар!
Майрамыңыздар куттуу болсун!
Урматоо менен,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
Гулнара Баатырова
29.06.2023
Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат
Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет.
Бүгүн, 2023-жылдын 29-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган республиканын медицина коомчулугунун салтанаттуу жыйыны болуп өттү.
Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, саламаттыкты сактоо тармагынын ардагерлери жана өлкөдөгү саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Куттуктоо сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, элдин ден соолугу – мамлекеттик саясатта негизги артыкчылык экенин билдирди.
“Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө дени сак элдин көп болушу маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Президент кабыл алган 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасы – медицина тармагындагы стратегиялык программаларды, долбоорлорду, пландарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. ООНдун Туруктуу өнүгүү максаттарында – Саламаттык сактоо – 3-максат. Анда жалпы элди сапаттуу саламаттык сактоо менен камтуу – маанилүү ролдо турат”, – деди Акылбек Жапаров.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова миңдеген медицина кызматкерлеринин армиясын – бүт өмүрүн адам ден соолугуна жана өмүрүнө кам көрүү үчүн арнагандарды кесиптик майрамы менен куттуктап, медицина кызматкерлеринин күнүмдүк эбегейсиз зор эмгеги, кызматына жана кесибине берилгендиги, кесипкөйлүгү жана мыкты адамдык сапаттары эң жогорку баалоого жана алкышка татыктуу экенин белгиледи. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагынын ардагерлерине, калктын ден соолугуна кам көрүүгө жумшаган көп жылдык талыкпаган эмгеги жана шакирттердин бүтүндөй армиясын тарбиялаганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Бул керемет күн Т.Сатылганов атындагы филармониянын чыгармачыл жамаатынын өнөрлөрү менен кооздолуп, күнү-түнү өлкөбүздүн калкынын саламаттыгынын сакчылыгында турган ак халатчан баатырларга майрамдык маанай тартуулады.
Мындан тышкары, майрамдык иш-чаранын алкагында мыктылар жана татыктуулар сыйланды. Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын 663 кызматкери «Саламаттык сактоонун аркасында кызматкери» төш белгисинин, дагы 525 өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
27.06.2023
Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди
2023-жылдын 20-июнунда Бишкектеги Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.
Бул 33 жаштагы Чъй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия (РИТ) шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 2023-жылдын 23-июнунда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагыкам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.
26.06.2023
ДМЧАларды коргоо үчүн санариптештирүү: Күбөлөндүрүү процедурасын жөнөкөйлөтүүнүн алгачкы жыйынтыктары
23-июнь 2023-жылы Эндокринология борборунун жана №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлери керектүү документтердин пакетин ийгиликтүү түзүп, аларды санариптик чечимдин жардамы менен медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына (МСЭК) жөнөтүштү. Мурда белгиленгендей, бул маалыматтык системаны ишке киргизүүдө талап кылынган документтердин саны 11ден 2ге чейин кыскарат.
МСЭК тарабынан документтердин каралышына жараша саламаттык сактоо системасына кароонун жыйынтыктары жөнүндө жооп жөнөтүлөт, бул саламаттык сактоо уюмдарына майыптуулук тобуна ылайык жеңилдетилген шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошентип, санариптик чечимди ийгиликтүү ишке ашыруу күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү жана майыптык фактысын аныктоо процедурасынан өтүүдө бюрократияны азайтат, аны жеңилдетет жана жеткиликтүү кылат.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2023- жылдын 17-мартында «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүүгө старт берген, анын алкагында көйгөйдү чечип, коюлган максатка 100 күндүк мөөнөттө жетүү зарыл.
23.06.2023
Улуттук госпиталдын “Ден соолук кербени” Чүй облусунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүдө
Улуттук госпиталдын «Ден соолук кербени» автопоездинин базасындагы көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын бөлүмү айылдардын жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын ооруларын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу максатында айыл тургундарын жана алыскы аймактардын жашоочуларын профилактикалык кароодон өткөрөт.
“Ден соолук кербенинин” камтуу аймагына Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары кирет.
«Ден соолук кербени» 2022-жылдын май айынан ноябрга чейин Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жети районундагы 129 миң 770 жашоочусу бар 24 айыл округун кыдырып, 41 815 тургундумедициналык кароодон өткөрүп, анын ичинен 4 621и лабораториялык жана диагностикалык жабдууларды колдонуу менен деталдуу текшерүүдөн өткөн.
2023-жылдын март айынан май айына чейин «Ден соолук кербени» Ысык-Көл облусунун 11 айыл округунун тургундарын камтып, анда 16 826 адам текшерилип, анын ичинен 2 437 адам лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын жардамы менен деталдуу текшерүүдөн өттү.
Учурда Улуттук госпиталдын көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын «Ден соолук кербени» Чүй районунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүнү улантууда. 2023-жылдын июнь айынын башынан бери 6 миңден ашуун адам текшерүүдөн өткөрүлдү.
Көчмө консультациялык-диагностикалык кызмат бөлүмүнүн иши «Ден соолук кербени» автопоездинин базасында ишке ашырылат. «Ден соолук кербени» автопоезди төрт модулдуу (чиркелген кабина) эки «Камаз 43118» унаасынан турат, булар офтальмологиялык, гинекологиялык, терапиялык, стоматологиялык, эндокринологиялык жана кардиологиялык ооруларды аныктоого ылайыкташтырылган «Флюорограф», «Стоматолог», «Диагностика» төрт модулдуу мобилдүү дарылоо-профилактикалык модулдары.
22.06.2023
Камаздын базасындагы Ош облусунун Мобилдик клиникасы Өзгөн районунда ишин алып барууда
Оорулардын алдын алуу жана алыскы аймактардын жашоочуларына медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында Мобилдик клиникалар жер-жерлерде жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрүп келет.
Камаздын базасындагы Ош облусунун Мобилдик клиникасынын адистери тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан медициналык кароо ушул тапта өз ишин Өзгөн районунда улантууда. 2023-жылы 13-июндан 16-июнга чейинки убакытта Өзгөн районундагы Дөң-Булак, Карча-Бек, Кызыл-Тоо жана Эркин-Тоо айылындарынын тургундары медициналык кароодон өткөрүлдү. Төрт күн аралыгында терапевт дарыгеринин кароосунан – 157, акушер-гинеколог дарыгеринин кароосунан – 86 (төртөө кош бойлуу), УЗИ кызматына – 124 кайрылса, Гепатит В,С, ВИЧ жана жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга 198 адам тестирлөөдөн өткөн. Текшерүүдөн өткөн айыл тургундары, медициналык кароонун жыйынтыгы менен 68 жаран диагнозуна жараша тиешелүү ооруканаларга кошумча изилдөөдөн өтүүгө жана дарыланууга жөнөтүлдү.
21.06.2023
Саламаттык сактоо министрлиги санариптик медициналык сүрөттөрдү бир тармакка бириктирет
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги облустук бириккен ооруканаларда орнотулган 5 компьютердик томографты санариптик медициналык сүрөттөрдүн бирдиктүү тармагына туташтырууну аяктоодо. Бул демилгенин негизги максаты – кийинчерээк сүрөттөрдү баяндоо үчүн медициналык сүрөттөрдү бөлүшүүнү жеңилдетүү. Мындай ыкма региондордон келген бейтаптардын диагноз коюуга жана тиешелүү дарылоону баштоого жетишүүсүн кыйла жеңилдетет.
«Санариптик саламаттыкты туруктуу өнүктүрүү жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизи болуп саналат. Биз “маалымат бейтапты ээрчийт” принцибин ишке ашырышыбыз керек жана бул демилге бул багыттагы дагы бир кадам”, - деди саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова.
Жогорку квалификациялуу дарыгерлери бар алдыңкы улуттук борборлор алардын жумуш профилине дал келген КТдан алынган санарип сүрөттөрдү баяндоо менен алектенишет. Бул натыйжаларды чечмелөөнүн сапатына жана тактыгына кепилдик берет.
Санариптик медициналык сүрөттөрдү сактоонун бирдиктүү тутумун түзүү медициналык тармактагы студенттерди окутуу, иштеп жаткан дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен сүрөттөрдү баяндоодо дарыгерлерди колдоого мүмкүндүк берет.
Санариптик медициналык сүрөттөрдү бир тармакка бириктирүү маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана каржылык чыгымдарды азайтууга жардам берет. Бул ар кандай мекемелердин ортосунда медициналык сүрөттөрдү өткөрүүгө жана алууга кеткен убакытты кыскартат жана кам көрүү үчүн керектүү маалыматтарга тезирээк жана так жетүүгө мүмкүндүк берет.
Бул демилге өлкөнүн саламаттык сактоо системасын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат. Бул диагностиканын жана дарылоонун сапатын жогорулатууга, медициналык адистерди окутууга жана медициналык ишмердүүлүк жаатындагы чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.