Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

06

12

2023

Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы балдар стационарларында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук ооруларына байланыштуу болуп жаткан кырдаал мезгилде ишти күчөтүүгө тапшырма берди

06.12.2023

СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун гранттык каражатына Кыргызстандын өлкөлүк өтүнүчүнө кол коюлат

06.12.2023

КР Саламаттык сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Улуттук госпиталга барышты

17.03.2022
Түркия менен дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатуу боюнча келишим түзүлдү

Түркия Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында 17-мартта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа мырза менен жолугушту.

Жыйынга Түркиянын «Усхаш» мамлекеттик акционердик коомунун (ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы) өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар департаментинин өкүлдөрү катышты. 

Жолугушууда Кыргызстанды дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо, ошондой эле оор дартка чалдыккан кыргызстандыктарды Түркияда дарылоо үчүн квоталардын көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды.

Талкуулардын жыйынтыгында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатуу боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды алып кирүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин уюштуруу боюнча чаралар көрүлөт. Бул Украинадагы кырдаалды эске алуу менен кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан дары рыногун толуктоого мүмкүндүк берет.

КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түрк тарапка активдүү кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушууда министр кесиптешинен Кыргызстандын жаранын түрк клиникаларынын биринде дарылатууга көмөктөшүүнү суранды. Кыргызстандын жараны К.Э.А Түркия Республикасынын Измир шаарында жашап, акысыз кымбат баалуу медициналык жардамга муктаж.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа мырза Кыргыз Республикасынын жаранына бекер медициналык жардам көрсөтүү маселесин карай тургандыктарына ишендирди.

17.03.2022
Дарыгерлер кул эмес! Ыкчам консультациялык медициналык жардам бөлүмдөрүнүн (санитардык авиация) кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча түшүндүрмөлөр

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жыл сайын саламаттыкты сактоо уюмдарындагы Ыкчам консультациялык медициналык жардам бөлүмдөрүнүн (санитардык авиация) бөлүмдөрүнүн иш жүзүндөгү чыгымдарын жабууга максаттуу каражаттарды бөлөт.

Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоонун 7 мекемесинде медициналык тез жардам (санитардык жардам) бөлүмдөрү иштеп жатат жана 2021-жылга 20,7 млн ​​сом каражат каралып, каржыланган, анын ичинен Улуттук госпиталга 9,7 млн ​​сом, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 6,9 млн сом, Баткен ОБО 600,0 миң сом, Жалал-Абад ОБО 1,2 млн сом, Ысык-Көл ОБО 1,0 млн сом, Нарын ОБО 600,0 миң сом, Талас ОБО 600,0 миң сом.

Бирдиктүү төлөм системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары финансылык автономияга ээ, алар каражаттарды алгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша чыгымдардын структурасын өз алдынча пландаштырышат жана бекитишет жана бекитилген чыгымдар сметасына учурдагы өзгөртүүлөрдү киргизишет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарып, көрсөтүлгөн медициналык кызматтарды өз убагында каржылоону камсыз кылат.

Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

Кызматкер нөөмөткө турган учурларда акы төлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түнкү иш сааты жана майрам күндөрү үчүн кошумча төлөмдөрдү кошуп, үчүн иш жүзүндөгү иштеген сааттарына жараша жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында иш сапардын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Сапарлык чыгымдарды белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет. «Санитардык авиация» үчүн путёвкаларды аткарган медицина кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) боюнча төлөнөт.

Ошентип, саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгын, ошондой эле ашыкча иштөө убактысына, түнкү жумушка жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан башка чыгымдарга акы төлөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууну эске алуу менен саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө тартылган медицина кызматкерлерине тиешелүү кошумча төлөмдөрдү төлөөгө милдеттүү.

Буга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлигинде саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин базалык эмгек акысын жогорулатуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону кайра карап чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, анда саламаттык сактоо уюмдарында ыкчам медициналык консултациялык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн (санитардык авиация) кызматкерлерине эмгек акы төлөө механизмдери маселеси да каралууда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматына интеграцияланган кырсыктар медицинасы бирдиктүү системасын уюштуруу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

17.03.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУ 2022-2023-жылдарга эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту

2022-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасында иш сапары менен болуп, саламаттыкты сактоо жана миграция маселелери боюнча “Качкындардын жана мигранттардын саламттыгын коргоо концепциясын биргелешип түзүү” жыйынына катышат.
Бул жолугушуунун алкагында 16-мартта министр ДССУнун Европа аймактык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолугушуп, анда тараптар КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУнун Европа Регионалдык бюросунун ортосундагы 2022-2023-жылдарга карата эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.
      Бул эки жылдык Кызматташуу келишими Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо боюнча улуттук органдары менен ДССУнун Европалык Регионалдык бюросунун ортосундагы ырааттуу консультациялар процесси аркылуу макулдашылган кызматташуунун практикалык негизин түзөт жана ДССУнун 2019–2023-жылдарга Он үчүнчү жалпы программасынын, 2021-2025-жылдарга «Ден соолукту чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер» Европалык иш программасынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун улуттук саясатынын милдеттерине жетишүү жалпы максатын көздөйт.
Негизги приоритеттүү багыттары: Саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга (ВОУЗ) жетишүү, Саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана ден соолукту чыңдоо, бакубаттуулукту жогорулатуу.
Жолугушууда тараптар буга чейинки макулдашууну ишке ашырууда жетишилген ийгиликтерге карабастан, бир катар стратегиялык милдеттер сакталып турганын белгилешти.
Жалпысынан алганда, өлкө жугуштуу эмес жана жугуштуу оорулар менен байланышкан олуттуу ден соолук көйгөйлөрүнө туш болууда. Медициналык кызматтын камтылышы жагынан саламаттык сактоо системасында дагы эле олуттуу кемчиликтер бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысынын жогорулашына карабастан, республиканын алыскы райондору дагы эле медкызматкерлер менен кадрдык камсыздоонун  жетишсиз деңгээлине дуушар болушууда.
Саламаттыкты сактоо системасынын алдында саламаттыкты сактоонун маалыматтык системаларын чыңдоо жана аларды санариптештирүү боюнча чоң милдеттер турат.
«Биздин милдет – баштапкы медициналык-санитардык жардамдын потенциалын күчөтүүнү улантуу, санариптик чечимдерди ишке ашыруу аркылуу коомдук саламаттыкты сактоо инциденттерин эрте аныктоону жана жооп кайтарууну жакшыртуу.
Бул милдеттер бардык курактагы адамдар үчүн дени сак жашоону камсыз кылуу жана бакубаттуулугун жогорулатуу багытында натыйжалуу алга жылууга мүмкүндүк берет», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

16.03.2022
Кайсы борборлор кайра түзүлүп, бөлүм катары иштеп жатат?

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Улуттук онкология жана гематология борборунун Маммология борбору, Чүй облустук бириккен ооруканасынын алдындагы Реконструктивдүү хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борбору өз ишин токтотту. 
Мындай чечим үчүнчү денгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын алдында борборлорду уюштуруу максатка ылайыксыз болгондуктан кабыл алынганын белгилейбиз. Бул борборлордун ишинин токтотулушу медициналык тейлөөнүн сапатына таасир этпейт, анткени алардын бардыгы тиешелүү бөлүмдөргө айландырылып, штаттык режимде иштеп жатышат.

15.03.2022
Мектеп курагындагы балдардын ден соолугуна карата жүрүм-туруму

2022-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору «Мектеп курагындагы балдардын ден соолугуна карата жүрүм-туруму» деген темада тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго: Кыргыз Республикасынын Президентинин Экспертиза жана чечимдер бөлүмү жана Президенттин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, ЮНИСЕФ, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, билим берүү жана медициналык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун негизги максаты – Кыргыз Республикасында өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо жаатында натыйжалуу саясатты, программаларды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасындагы «Мектеп курагындагы балдардын ден соолугуна карата жүрүм-туруму» I Улуттук изилдөөсүнүн негизинде социалдык көрсөткүчтөр, ден соолук жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна карата жүрүм-туруму боюнча учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берүү жана кырдаалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү.

 

“Бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга карата калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам өнүккөн өлкө” Программасынын алкагында өспүрүмдөрдүн саламаттыгы боюнча ведомстволук планды иштеп чыгуу процессинин бир бөлүгү болуп саналат.

Өлкөбүздөгү актуалдуу жана мамлекеттик өзгөчө көңүл бурууну талап кылган өтө олуттуу маселелердин бири болгон өспүрүмдөрдүн ден соолугунун абалы, медициналык тейлөөнү уюштуруу темасын талкуулап, ага токтолобуз.

Бул жердегилердин көбү мени менен макул болот деп ишенем. Бирок ошол эле учурда өспүрүмдөрдүн ден соолугуна байланыштуу абал бизди тынчсыздандырат. Акыркы 15-20 жылдын ичинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн өнөкөт ооруларынын негизги себептеринин бири катары жалпы билим берүүчү мектептерде медициналык кызматтын жетишсиздиги барган сайын байкалууда. КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча мектеп окуучуларынын 30%дан ашыгы өнөкөт ооруларга чалдыккан. Окуу мезгилинде орто эсеп менен ден соолугу чың мектеп окуучуларынын саны 5 эсеге кыскарат”, -дейт Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова.

 

«Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо саясатынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Балдардын түйүлдүктөн баштап өспүрүм куракка чейин ден соолугунун чың болушу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн булактарынын бири болуп саналат.

Ошону менен бирге, акыркы жылдары өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык кырдаалга байланыштуу балдардын ден соолугунун динамикасында терс тенденциялар күч алууда: өнөкөт патологиясы жана функционалдык бузулушу бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны, өнүгүүнүн тубаса аномалиялары өсүп жатат, курч инфекциялар, курч жана өнөкөт тамактануу бузулуулары. Салмагынын жетишсиздигинен аскердик кызматка жараксыз болгон аскерге чакырылгандардын да саны өсүүдө. Ошол эле учурда өспүрүм кыздардын арасында алардын репродуктивдүү функциясына, демек, келечек муундун ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизген салмактын жетишсиздигинин таралышы боюнча такталган маалыматтар жок. Бул тенденция улана берсе, биздин өлкөнүн калкы үчүн келечекке божомол өтө пессимисттик. Ошондуктан балдардын ден соолугун сактоо маселеси чындап эле мамлекеттин приоритеттүү маселеси болуп жатат.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктап жатып, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо тармагында жылыштарга жетишүү үчүн тез арада жана натыйжалуу иш-аракеттерди көрүү зарыл деген тыянак чыгарууга болот”,- деди саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев.

15.03.2022
Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпустун ачылышы болду

Бүгүн, 2022-жылдын 15-мартында Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпустун ачылышы болду.

Иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, ошондой эле оорукананын кызматкерлери жана жетекчилигинин катышуусунда өттү.

«Бүгүн биз Улуттук госпиталдын капиталдык оңдоодон өткөн корпусунун ачылыш аземине катышып жатабыз. Бул имарат көп жылдардан бери иштебей турган, эми бул жерге жаракат алган бейтаптар үчүн керебеттерди коюуну пландап жатабыз», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, имараттын бир бөлүгүн оңдоо иштери аяктады, калган бөлүгүн оңдоо иштери жакынкы аралыкта бүткөрүлөт.

Бул имаратта 95 орунга ылайыкталган чоң адамдардын ортопедиясы бөлүмү, муун патологиясы бөлүмү, сөөк-ириңдүү бөлүм жана 6 реанимация керебеттери жайгаштыруу пландалууда.

14.03.2022
Саламаттыкты сактоо министрлиги эне жана балага медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат

2022-жылдын 10-мартында Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасынын базасында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы пилоттук ЖДП борборлоруна болгон иш сапарынын/визиттин жыйынтыктарын талкуулоо үчүн тегерек стол өттү. Бул жолугушуунун катышуучулары үйгө баруу жана телемедицинаны киргизүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен иш боюнча кыйынчылыктарды жана келечектеги пландарды талкуулашты.

Тегерек столдун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин эл аралык консультанты Тамар Гостадзе аткарылган иштерге баа берип, үйгө барууларды мындан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарын берди. Ал белгилегендей, сунушталган балдарды үйгө барып кароо жалгыз эле медициналык эмес, жакшы натыйжаларга жетүү үчүн медициналык-социалдык мүнөзгө ээ. «Баланын ден соолугун баалоодо үй-бүлөлүк дарыгер же үй-бүлөлүк медайым нерв-психикалык өнүгүүсүнө көңүл бурат, үйлөргө баруу балдар ооруларын алдын алууга жардам берет. Эң маанилүүсү, бул бир гана балага эмес, аялдын өзүнө да кеңеш берүүнү киргизүү. Консультацияларды өткөрүүдө дарыгерлер үй-бүлөдөгү зомбулукту, ата-энелер тарабынан баланын бүтүндөй өнүгүүсүнө таасир этүүчү психоактивдүү заттарды колдонууну аныктоо жана алдын алуу максатында үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына баа беришет. Пилоттук ЖДП борборлорунда киргизилген үйгө баруу энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо боюнча иштер ведомстволор аралык болушу керектигин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да дарыгерлер менен биргеликте иш алып баруусу керектигин көрсөттү», - деди Тамара Гостадзе, ЮНИСЕФтин эл аралык консультанты.

Талкуунун жыйынтыгында жогоруда айтылган бардык сунуш-пикирлердин баары Үйлөргө баруу ыкмасын башка аймактарга жайылтууда эске алынары, TeleMed.kg тиркемесин ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык жактан жабдууга өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.

«2022-2024-жылдарга башка аймактарга үй кыдырууларды ишке ашыруунун планына ылайык, бул мезгилде кош бойлуу аялдардан кабар алууну киргизүү пландаштырылууда. Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын кызматкерлери потенциалын жогорулатуу үчүн андан ары окутууга жана билимге муктаж, ал эми клиникалык протоколдор, кошумча формалар, секторлор аралык жолдомолор жана жолдомо алгоритмдери, саламаттыкты сактоо системасынын ичинде жана сыртында андан ары өнүктүрүлөт. Жумуш көп жана биргелешкен күч-аракет менен биз бардыгын ишке ашыра алабыз, балдардын арасындагы өлүмдү жана майыптуулукту азайта алабыз”, - дейт ЮНИСЕФтин саламаттыкты сактоо боюнча адиси Айнура Текенова.

11.03.2022
"Үйгө баруу" моделин киргизүү 5 жашка чейинки балдардын ооруп калуу жана майыптуулук деңгээлин төмөндөтөт

2022-жылдын 10-11-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин көмөгү менен жаңы төрөлгөн ымыркайларга үйгө баруу модели пилоттук режимде киргизилип жаткан Ноокат жана Сузак райондоруна тажрыйба алмашуу иш сапарларын уюштурду.

Ноокат жана Сузак райондорундагы жалпы дарыгерлик практика борборлору башка аймактардагы кесиптештерине өз иштерин көрсөтүштү. Бул пилот биринчи этапта төрөттөн кийинки мезгилде балага баруу, экинчи этапта Церебралдык шал оорусу, ВИЧ, сарык менен ооруган балдарга санариптик чечимдерди колдонуу аркылуу кеңеш берүү дегенди билдирген. Телемедицинанын жардамы менен аймактардан келген дарыгерлер оор балдарды үчүнчү деңгээлдеги уюмдардын адистери менен кеңешип, үчүнчү этапта балдардын өнүгүүсүнө андан ары мониторинг жүргүзүшөт. Ноокат жана Сузак борборлоруна болгон сапардын жыйынтыгы боюнча кыйынчылыктар, биргелешкен иштердин мындан аркы пландары жана үйгө баруу жана телемедицина моделин республиканын башка аймактарына жайылтуу талкууланат.

Бул пилот 2019-жылдын аягында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФтин жардамы менен баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын деңгээлинде эне жана баланын ден соолугун коргоону жакшыртуу максатында ишке киргизилген. Алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо институтунун адистери тарабынан пилоттук жалпы дарыгерлик практика борборлорунун үй-бүлөлүк дарыгерлери жана үй-бүлөлүк медайымдары үчүн окуулар өткөрүлдү, клиникалык протоколдор жана каттоо формалары иштелип чыкты. Ал эми 2021-жылдан баштап көндүмдөрдү практикалык колдонуу башталды. Пилоттук ЖДПБнын үй-бүлөлүк дарыгерлерине жана медайымдарына системага маалыматтарды киргизүү, зарыл болгон учурда керектүү адистерден консультация алуу үчүн керектүү аксессуарлар жана планшеттер бар атайын сумкалар берилди.

10.03.2022
Алымкадыр Бейшеналиев: “Маселе Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү нерсеге байланыштуу болсо эмоционалдуу боло берем”

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышуу максатында Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барды, ошондой эле оорукананын көптөн бери “Исманкуловдун көз микрохирургиясы” жеке клиникасы жайгашкан имаратын пайдаланууга берүү пландалган эле.

КР Саламаттык сактоо министри мамлекеттик уюмдарда бейтаптар үчүн керебеттер жетишсиз болуп келгендиктен саламаттыкты сактоо тармагынын көп жылдар бою жеке менчикке ижарага берилген имараттарын кайтарып алуу боюнча иштерди демилгелөөдө.

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада неврологиялык, терапиялык жана кардиологиялык профилдеги бейтаптар дарыланышат. «Бишкек шаарынын калкы үчүн учурдагы керебет фонду өтө жетишсиз, бейтаптар профили боюнча ооруканага жатуу үчүн көпкө күтүүгө аргасыз. Бул оорукананын имаратын бошотуу боюнча иш баштаганыбыздан бери туура бир ай өттү. Бишкек шаарынын мэриясы аталган клиника менен ижара келишимин бузган. Бардык мөөнөттөр бүттү, биз мындан ары күтө албайбыз, бейтаптарды дарылоо үчүн керебеттер керек. Күчтүү эмоционалдуулугум үчүн кечирим сурайм, бирок көптөгөн жеке ишкерлер көп жылдардан бери мамлекеттин мүлкүн пайдаланып, мамлекетке аз өлчөмдөгү акча төлөп жүргөнү өкүндүрөт. Алар мамлекеттик казынага анча-мынча акча төлөшөөрүнө мен толук ишенем, эгер андай болбогондо алар бул имараттар үчүн мынчалык кармашмак эмес. Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, эгерде маселе мамлекетке жана Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү нерсеге байланыштуу болсо, мен мындан ары да ушундай эмоционалдуу боло берем», - деди министр.

09.03.2022
Кыргызстандын медициналык окуу жайлары жана факультеттери клиникалык талаптарга жооп береби? Жакынкы күндөрү КР Саламаттыкты сактоо министрлиги текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарат

15-мартка чейин медициналык университеттер менен факультеттер текшерилип, тиешелүү жыйынтыктар чыгарылат. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 26-февралдан бери медициналык кадрларды даярдаган 13 университеттин жана факультеттин клиникалык базалары текшерилди. «Жакынкы беш күндүн ичинде дагы 7 университет жана факультет текшерилет. Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тынымсыз иштеп жатат. Биз билим берүү уюмдарынын клиникалык базасына гана көңүл бурабыз», - дейт Нурида Жусупбекова. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен ЖОЖдордун жана факультеттердин клиникалык базаларына тиешелүү баа берилет, деп кошумчалады Нурида Жусупбекова. Ошондой эле республиканын жеке медициналык колледждерин текшерүү пландалууда.

07.03.2022
FAST Heroes долбоору Кыргызстанда

FAST Heroes долбоору башталгыч класстын балдарына инсульттун алгачкы белгилерин жана тез чара көрүү зарылдыгын үйрөтүүгө багытталган социалдык долбоор. Ошондой эле инсульттун алгачкы белгилери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу, бейтаптын өмүрүн сактап калууга багытталган.

Биздин республикада долбоор 2021-жылдын аягында башталган. Fast Heroes - https://kg-ru.fastheroes.com/ сайтында Кыргызстан үчүн баракча түзүлгөн.

Angels initiative өкүлү Лев Александрович Приступюктун келиши менен, Алиина Алтымышева баштаган ДССУнун өлкөлүк кеңсесинин колдоосу менен долбоор ишке кирди.

Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору, Кыргызстанда инсультка медициналык жардам көрсөтүү системасын түзүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Жол картасын ишке ашыруунун координатору тартылган, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын неврология бөлүмү, Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын ангионеврология бөлүмү ишке тартылган.

Долбоор 12 мектепти, анын ичинде Бишкек шаарындагы 10 мектепти жана Каракол жана Ош шаарларынан бирден мектепти камтыйт. Жалпысынан башталгыч класстардан (1-4-класстар) 10 миңдей бала 400гө жакын мугалимдер катышууда.

Долбоор 5 жумага эсептелген, бул аралыктаар жумада 1 сабак болот, материалдардын баары сапаттуу, мугалимдерге да, балдарга да абдан кызыктуу, иш дептерлери бар. Сабактар ​​оюн-зоок түрүндө өткөндүктөн, балдар абдан кызыгышат.

Учурда 7 мектепте окуунун акыркы жумасы болот, калган 5 мектепте бир аз кийинчерээк башталат.

Мектеп мугалимдери абдан ыраазы, алар өткөн сабактар ​​боюнча жагымдуу пикирлерди жана көптөгөн сүрөттөрдү, видеолорду жөнөтүшүүдө.

Долбоордун дагы бир компоненти Бишкектин көчөлөрүндөгү, соода борборлорундагы жана коомдук транспорттордогу баннерлер жана көрнөк-жарнактар, УДАР, СОККУ (кыргызча котормосу) протоколу менен 2000 нускадагы материалдар коомдук жайларда (бардык шаардык транспорттордо, мектептерде) жайылтылды.

07.03.2022
“Алтын балалык” ден -соолукту калыбына келтируу борборун жашылдандыруу жана курулуш иштери уланууда

Чолпон-Ата шаарында реконструкцияланып жаткан “Алтын балалык” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борборун оңдоп-түзөө жана айланасын жашылдандыруу иштери уланууда. 

5 –мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси жана“Манас” университетинин эмгек жамаатынын колдоосу менен “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун жаңыдан калыптанып келе жаткан сейил багында кыргыз-түрк “Манас” университетинин аллеясы түптөлүп, анда 60 түп көчөт отургузулду. Ошондой эле борборду көрктөндүрүү иштерине Бишкек шаарындагы №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери да катышып, бак-дарактарды отургузушту.

Мындан тышкары, Курулуш иштерин өз убагында бүткөрүү үчүн болгон күч аракет жумшалып, керектүү курулуш материалдары алынууда. Алсак:

Суу жылыткыч көлөмү 30 л - 54 даана.,

Суу жылыткыч көлөмү 50 л - 12 даана.,

Раковина 208a - 52 даана,

Раковина сифону - 34 даана,

Раковина үчүн кыска смеситель - 52 даана,

Душтун смесители - 44 даана,

Аристон үчүн ийкемдүү шланг 60 см - 106 шт.,

Аристон үчүн ийкемдүү шланг 80 см - 180 шт.,

Унитаз "Santeri Sonata" - 27 шт.,

Унитаз "Дерия" - 18 даана,

 Туалет үчүн гофра - 45 даана,

Металл тепкич 50 15 * 15 - 45 даана жана башкалар.

 

Балдардын келечегине кайдыгер карабай, “Алтын балалык” ден-соолукту калыбына келтируу борборунун ишке берилишине салым кошуп жаткан ар кайдыгер эмес жаранга ыраазычылык билдиребиз. 

Эске салсак, борборду 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата ишке берүү пландалууда.

07.03.2022
Доктор Джилл Фаррингтон, ДССУнун Европа Регионалдык кеңсесининЖүрөк-кан тамыр оорулары жана диабет боюнча аймактык медициналык кызматкери: "Биз кант диабети менен ооруган адамдарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууну жана көз, бут же жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу өтүшүп кетүүсүн алдын алууну каалайбыз"

Доктор Джилл Фаррингтон, ДССУнун Европа аймактык кеңсесинин Жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети боюнча аймактык медициналык кызматкери 

 

Кыргызстанда кант диабетин дарылоону жакшыртуу жана анын татаалданышын алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашыруудан эмнени күтүп жатасыз?

 

Мен бул долбоор башталып жатканына толкунданып жатам жана кийинки үч жыл ичинде жыйынтыктарды күтөм. Биз кант диабети менен ооруган адамдарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, көз, бут же жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу өтүшүп кетүүсүн алдын алгыбыз келет. Долбоордун натыйжасында биз төмөнкүлөрдү жасай алабыз деген ниетибиз бар:

 

• Клиникалык практиканы жана медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу

 

• Өзүн өзү көзөмөлдөөөнү күчөтүү (б.а. кант диабети менен ооруган адамдардын өз абалын башкаруу жөндөмдүүлүгү)

 

• Далилдерге негизделген саясатты жана кант диабети менен ооруган бейтаптарды клиникалык дарылоону жакшыртуу

 

Бул долбоордун ийгилигине биз ар кандай жолдор менен баа беребиз. Мисалы, кант диабети менен ооругандардын аныкталган учурлары көбөйүүдө, кант диабети менен ооругандардын көздөрү жана буттары текшерилүүдө, ошондой эле долбоорго катышкан адамдардын чоң бөлүгүндө кант диабети жакшы көзөмөлдөнүп, натыйжада кан басымы нормалдашты. Кыргызстанда жыйынтыктарды баалоо үчүн жакшы системалар бар экени бизди кубандырат. Мисалы, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан учурдагы кырдаалга баа берүү долбоордун башталышында жакшы маалыматты камсыз кылат, ал эми электрондук саламаттык сактоо борборунда сакталган маалыматтар прогресске жана натыйжаларга мониторинг жүргүзүүгө жардам берет.

 

Келечекте туруктуу болушу үчүн жалпысынан биз Кыргызстанда жасалган иштердин жакшы натыйжаларына таянабыз.

 

Долбоордун алкагында кандай иш-чаралар аткарылат?

 

Долбоордун алкагында бир катар иш-чаралар аткарылып, республикалык деңгээлде жана Чүй облусунда да иш алып барабыз.

 

Клиникалык тажрыйбаны жана медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн биз кант диабетин дарылоо боюнча клиникалык көрсөтмөлөрдү карап чыгабыз, кант диабети менен ооруган адамдарга кантип кам көрүүгө болорун сүрөттөп, жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктайбыз. Биз окуу материалдарын да карап чыгабыз, аларды зарылчылыкка жараша жаңыртабыз, андан кийин дарыгерлерди, медайымдарды жана башка саламаттыкты сактоо адистерин кант диабетин башкаруу жана башка кыйынчылыктардын алдын алуу боюнча окутулушун, ал эми медайымдардын бутка кам көрүү боюнча окуусун камсыздайбыз.

 

Өзүн-өзү көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн биз медайымдарды жана башка тиешелүү кызмат көрсөтүүчүлөрдү пациенттерге терапевтикалык билим берүүгө, пациенттердин ассоциацияларын жана пациенттердин мектептерин колдоого жана ар кандай клиникалык шарттарда медайымдык практиканын көлөмүн талдоону үйрөтөбүз.

 

Далилдерге негизделген саясатты жана клиникалык дарылоону жакшыртуу үчүн биз Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка негизги кызыкдар тараптар менен кант диабети менен ооруган адамдарда өтүшүп кетүүлөрдү алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыгып, аны жүрөк-кан тамыр оорулары жана гипертония боюнча башка учурдагы иштер менен байланыштырабыз. Долбоордун жүрүшүндө биз далилдер менен жетишкендиктерди документтештиребиз, ошондой эле саясий диалог жана өлкөлөр аралык алмашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз.

 

Белгилей кетчү нерсе, долбоордун жүрүшүндө биз кант диабети менен ооруган адамдарды бул долбоорго тартууну, алардын учурдагы кызматтар боюнча тажрыйбасын үйрөнүүнү, аларды жакшыртуу боюнча сунуштарын жана алардын оорусун дарылоодо колдоо көрсөтүүнү каалайбыз. Алар кант диабети менен жашоо боюнча чыныгы эксперттер!

 

Кант диабетин дарылоону жакшыртуу жана кант диабетинин татаалданышын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууда мамлекеттик уюмдар менен кызматташуу кандай жүргүзүлөт?

 

 

Бул долбоор Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүп, тиешелүү кызыкдар тараптардын катышуусу маанилүү. Долбоорду жетектөөчү комитет түзүлдү, ага Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ДССУ бирге төрагалык кылат, анын курамына улуттук институттар, эндокринология, офтальмология, үй-бүлөлүк медицина, медайымдык иш, академиялык, аспирантура институту, пациенттердин ассоциациялары жана башкалар сыяктуу түрдүү дисциплиналардын эксперттери кирет. Аймакта жүргүзүлүп жаткан иштерге Жумушчу топ тарабынан жардам көрсөтүлөт.

 

Мен акыркы жети жылдан бери Кыргызстандагы адамдар менен иштештим жана алардын дилгирлигин жана берилгендигин билем. Биз өз тажрыйбабызды эл аралык аудитория менен бөлүшүүгө кубанычтабыз: мисалы, биздин Электрондук саламаттыкты сактоо борбору менен биргеликте жасаган ишибиз өткөн айда Кембридж университетинин басмасы тарабынан басылып чыгарылган Европанын баштапкы саламаттыкты сактоо боюнча форумунун расмий журналы болгон “Primary Health Care Research and Development” эл аралык журналында изилдөө иши катары жарыяланды, ошондой эле өлкөлөрдөн мисал катары ДССУнун Европа аймактык бюросунун веб-сайтына жайгаштырылды. Биз ДССУнун диабеттик ретинопатияга скрининг боюнча көрсөтмөлөрүн иштеп чыгууда кыргызстандык кесиптештерибиздин пикирин да эске алдык жана профессор Роза Султаналиева менен иштештик.

07.03.2022
Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүрөккө оор операция ийгиликтүү жасалды

  2022-жылдын 7-мартында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жүрөгүнө татаал операция жасалган жарандын операциядан кийинки абалы менен таанышты. Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасында жүрөктүн тубаса кемтиги "Марфан синдрому" менен ооруган 29 жаштагы жаранга кардиохирург, профессор Мете Кыдыроглу ийгиликтүү операция жасады.«Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Улуттук кардиология жана терапия борборуна кайрылып, баламдын абалы оор экенин, тиешелүү протездердин жоктугунан Кыргызстанда дарылана албай жатканын айтышкан. Эки жумадан кийин кыргыз-түрк достугунун ооруканасына которуп, операция жасашты. Азыр баламдын абалы жакшы. Операция жасоого жардам берген дарыгерлерге, клиниканын бардык медицина кызматкерлерине, ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге терең ыраазычылык билдирем. Эки өлкөнүн министрликтеринин макулдашуусу менен операцияга керектүү болгон бардык жабдыктар, материалдар Түркиядан Бишкекке ыкчам жеткирилип, операция жасашты», - дейт бейтаптын апасы Кенжегүл.

  «Кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасы биздин жарандарга чет өлкөгө чыкпастан, өлкөбүздө дүйнөлүк стандарттарга ылайык  медициналык жардамды арзан баада алууга шарт түзөт. Белгилүү болгондой, чет элдик клиникаларда Марфан синдрому жана анын жүрөк жана кан тамырга (аортага) тийгизген кесепеттери менен ооруган бейтаптарды медициналык тейлөөнүн баасы 45-50 миң долларды түзөт. Бул ооруканада көрсөтүлгөн медициналык жардам орто эсеп менен 1 миллион сомду түздү.  Чет өлкөгө караганда 4-5 эсе арзан. Учурда КР Саламаттык сактоо министрлиги жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарыбыз Кыргызстандан  чыкпай туруп сапаттуу медициналык жардам алуусу үчүн иш алып барууда”,-деди Алымкадыр Бейшеналиев.

   Белгилей кетсек, 5-февралдан бери профессор Мете Кыдыроглу жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган 13 бейтапка  жүрөккө ачык  операцияны ийгиликтүү жасады. Операция болгон бардык бейтаптардын абалы жакшы. Операциядан кийин бейтаптар орто эсеп менен 5-6 күн ооруканада болушат.

07.03.2022
Монголиялык хирургдар кыргызстандык жүрөк кемтиги менен жабыркаган эки балага бекер операция жасашты

 

  21-22-февраль күндөрү Улан-Батор клиникасында Дастан менен Билалдын жүрөгүнө операция жасалды. Балдар бир күн мурун үйлөрүнө кайтышкан. Аэропорттон аларды КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тосуп алды. Бардык чыгымдарды монгол тарап көтөргөн. 

  «Биз Монголияга 20-февралда учуп келдик, 21-де дарыгерлер Билалга, 22-де уулум Дастанга операция жасашты. Бир жумадан кийин алар ооруканадан чыгарылып, бирок балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушту. Балдар азыр өзүн абдан жакшы сезип   жатышат. Бизге учакка, тамак-ашка, жатаканага жана операциянын өзүнө төлөнчү, бардык каражатты Монгол тарап төлөп берди. Монголдук дарыгерлерге абдан ыраазымын», - деди операция болгон балдардын биринин апасы Гүлзат Токтомушева.

Монголиядагы операцияга балдарды КР Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо Илим-изилдөө институту тандап алган. Эки бейтапта тең эң көп кездешкен тубаса жүрөк кемтиктеринин бири болгон - дүлөйчөлөр септалынын кемтиги болгон.

 «Операциялар жакшы өттү. Мындай жүрөк оорусу бар балдар үчүн атайын узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынбайт. 2-3 айдын ичинде алар толук сакайып кетишет. Монгол дарыгерлери дагы бир нече ушундай операцияларды жасоону пландап жатышат. Азыр Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо Илим-изилдөө институту мындан аркы кызматташуу маселелерин иштеп чыгууда», - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 Эске салсак, 2-февралдан 7-февралга чейин Кыргызстандын Органдарды трансплантациялоо жана жүрөк-кан тамыр хирургиясы улуттук борборунда монгол дарыгерлери болушкан. Кызматташтыктын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын кароодон өткөрүп, консультацияларды өткөрүшкөн. Ошондой эле Бишкекте эки балага Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо Илим-изилдөө институтунун хирургдары менен биргелешкен операция жасалган.

07.03.2022
Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 7-марттан 11-мартка чейин аялдар акысыз маммографиядан өтө алышат

Бүгүн, 2022-жылдын 7-мартында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлө турган Кыргыз-түрк достугунун ооруканасына барды. Өз сөзүндө министр Кыргызстандагы бардык аял затын келе жаткан майрамы менен куттуктап, ден соолук жана бакубатчылык каалады. Ошондой эле Түркия Республикасынын Өкмөтүнө республикабыздын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул иш-чара Кыргызстанда рак ооруларынын  алдын алуу жана айымдарга медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган. Апта ичинде түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлер биргеликте скрининг жана консультацияларды өткөрүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт”,-деп билдирди министр.

Текшерүүдөн 7-марттан 11-мартка чейин өтүүгө мүмкүн. Алдын ала катталуу үчүн 0997 650 000,  0312 650 000 номурларына чалсаңыздар болот.

Маалымат үчүн:                                                                                                                                    

 Көкүрөк рагы системалуу оору болуп саналат. Ал шишиктен түздөн-түз жабыркаган ткандарды гана жок кылбастан, бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, симптомдору жабыркаган орган менен гана  байланыштуу болбойт. Жалпы симптомдору  арыктоо,  организмдеги жалпы алсыздык.  Көпчүлүк учурда  оорунун белгилери  дароо билинбейт, ошол себептүү шишик алгачкы стадияда байкалбай калышы мүмкүн. Ошондуктан, сүт бездерин  маммография, УЗИ же MТР (оор учурларда) сыяктуу инструменталдык изилдөө чоң мааниге ээ. Орто жаштагы аялдар такай текшерилип турушу шарт. Көкүрөк рагы коркунучтуу залалдуу шишик болуп саналат.  Дарыланбаса, ал тез өсүп башка органдарга таасир этүүчү бутактарды таратат. Ошондуктан, өз убагында дарылануу абдан маанилүү болуп саналат, бул үчүн ооруну алгачкы этапта аныктоо зарыл.

 Эгерде сиз бул белгилердин бир же бир нечесин байкасаңыз, үй-бүлөлүк дарыгериңизге же жергиликтүү медайымга кайрылыңыз:

 • эмчектин өлчөмүнүн же формасынын өзгөрүүсү;

• көкүрөктө же колтукта бүдүр, катуу түйүн же коюулануу пайда болушу;

• үрптөгү карттанган же исиркектер менен капталган кычыштырган жара;

• алгачкы жолу, бир жердин туруктуу оорутушу;

• шишик, дене табынын көтөрүлүшү, теринин кызарышы же карарып калышы

04.03.2022
Улуттук эне жана баланы коргоо борбору Өзбекстан Республикасынын Улуттук балдардын медициналык борбору менен балдардын ден соолугун коргоо жаатында кызматташат

 

2022-жылдын 4-мартында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Өзбекстан Республикасынын Улуттук Балдар медициналык борборунун (Bolalar Milliy Tibbiyot Markazi) жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда балдардын ден соолугун чыңдоо жаатында кызматташуунун негизги багыттары талкууланды, атап айтканда, педиатрия, балдар хирургиясы, илимий ишмердүүлүк ж.б.у.с. жаатта тажрыйба алмашуу.

Өз кезегинде Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова эки тараптуу кызматташууга ыраазычылыгын жана кызыгуусун билдирди.

Маалымат үчүн:

Улуттук Балдар Медициналык Борбору (УБМБ) Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында жайгашкан 4-деңгээлдеги жаңы заманбап жогорку технологиялуу балдар клиникасы. Борбордун ишмердүүлүгү Өзбекстанда дени сак жаш муундарды жана гармониялуу өнүккөн инсанды калыптандырууга багытталган.

04.03.2022
Улуттук кардиология, фтизиатрия борборлору жана №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна жаңы жабдуулар берилет

2022-жылдын 4-мартында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигеки мырзанын жана медициналык жабдууларды ала турган саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

 Кол коюлган контракттардын алкагында Улуттук кардиология жана терапия борбору жалпы баасы 82 538 АКШ долларын түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы (Philips) менен жабдылат.

Улуттук фтизиатрия борбору жалпы суммасы 151 223 долларга электрондук оптикалык күчөтүүчү түтүк (Philips), өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат, операциялык лампа, балдар бөлүмүнө керебеттерди жана тумбаларды алат.

Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна жалпы суммасы 55 956 АКШ долларына “Philips Affiniti 50” УЗИ аппараты берилет.

Өз сөзүндө КР Саламаттыкты сактоо министри Япония Өкмөтүнө Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасы аркылуу узак мөөнөттүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн:

«Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасы Кыргыз Республикасында 1996-жылдан бери ишке ашырылып келет. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, бейөкмөт уюмдардын жана башкалардын күч-аракети менен адамдын негизги муктаждыктарына (Basic Human Needs) байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Ушул убакыттын ичинде Кыргызстанда бул программанын алкагында жалпы суммасы 11 417 853  АКШ долларын түзгөн 170 долбоор ишке ашырылган.

04.03.2022
Клиникалык тез жардам ооруканасын каттоо аяктады

2022-жылдын 3-мартында Клиникалык тез жардам ооруканасы юстиция органдарынан кайра каттоодон өттү.

Клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Памир Муратовдун айтымында: «Оорукананын атын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу маселелер чечилди, кийинки кадамда кардиология, неврология ж.б.у.с жаңы бөлүмдөрдү уюштуруу жана ачуу болот. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте каржылоого байланышкан маселелердин үстүндө иштеп жатабыз жана жакынкы арада клиникалык тез жардам ооруканасы кадимки режимде иштей баштайт деп ойлойм», — деди Памир Муратов.

04.03.2022
Жалал-Абад облустук ооруканасында тез жардам бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү

2022-жылдын 3-мартында Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Тез жардам көрсөтүү бөлүмүнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Салтанат министрдин орун басары Улук-Бек Бектургановдун, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил айымдын, улук медициналык кеңешчи, доктор Йоахим Шююрманндын, курулуш боюнча улук техникалык кеңешчиси Сюзанна Легде айымдын, оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов өз сөзүндө, COVID-19 пандемиясынын учурунда саламаттыкты сактоо тармагында кошумча ресурстарды түзүү үчүн 2020-жылы жаңы бөлүм мөөнөтүнөн мурда ишке киргизилип, өлкө үчүн оор мезгилде ишке тартылганын белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Германия өкмөтүнө коронавирустун пандемиясына каршы күрөштө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Бүгүн биз расмий түрдө бул бөлүмдү ачып жатабыз, эми бул жер Жалал-Абад облусундагы бейтаптарды кабыл алып, шашылыш медициналык жардам көрсөтөт», - деди Улук-Бек Бектурганов.

Учурда бөлүм күнүнө 30-40тан ашык бейтапты тейлейт.

«Бөлүм ар кандай профилдеги абалы оор бардык бейтаптарды кабыл алат. Бөлүмдө 29 дарыгер, 32 медайым, 14 санитарка иштейт. Бөлүм аркылуу жылына орто эсеп менен 14 миң амбулаториялык бейтап өтөт, 3 саатка чейин байкоо жүргүзүлүп, 2 миңге жакын ар кандай патологиясы бар бейтап ооруканага жаткырылды», - дейт Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Кумарбек Ботокараев.

Объекттин курулушу Германия өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасында улуттук шашылыш медициналык жардам көрсөтүү системасын түзүү долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылган. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын тез жардам бөлүмүн курууга жана заманбап жабдуулар менен жабдууга жалпысынан 3 млн евро бөлүнгөн.

Ошентип, Жалал-Абад облусунун калкы сапаттуу медициналык тез жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.