Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
02.02.2024
Аксы жана Ала-Бука райондорунда “Эл Аман” дарыканасы ишке кирди
2024-жылдын 2-февралында Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунда жана Ала-Бука Жалпы дарыгерлик практика борборунун №1 жана №2 ҮДТ имаратында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Ачылуу аземине Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева катышты.
Бүбүжан Арыкбаева өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты, бул калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгилеп өттү.
Жалпы республика боюнча калкка 63 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы кызмат көрсөтүүдө.
02.02.2024
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Ал жакка барганында Мамлекет башчысына Жылуулук электр борборунун толук кандуу ишинин бузулушуна алып келген штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Садыр Жапаров тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү, ошондой эле ЖЭБдин иши толук калыбына келтирилгенге чейин ыкчам маалымат берип турууну тапшырды.
Мындан тышкары, Президент штаттык эмес кырдаал толугу менен жоюлганга чейин атайын кызматтардын ишин күчөтүлгөн тартипке которууга буйрук берди.
Бишкек ЖЭБине барганында аны Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп жүрдү.
Андан соң Мамлекет башчысы Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткандардын ал-акыбалын сурады.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.
Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
01.02.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүн кабыл алды
Бүгүн, 2024-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолукту.
Бул жолугушуунун максаты БУУнун Өнүктүрүү программасы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын талкуулоо болду.
Министр Александра Соловьеваны Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлү кызматына киришүүсү менен куттуктап, өз ара пайдалуу кызматташуу шарттарында кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине ишенимин билдирди.
Ал ошондой эле ВИЧ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүү ведомствонун артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. «Кыргызстан ВИЧ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүгө багытталган эл аралык жана улуттук документтерди ишке ашырууда так багытты карманат. 2024-2026-жылдарга карата жаңы сунушубузда биз Глобалдык фонддун грантынын негизги алуучусунун ролун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине этап-этабы менен өткөрүү боюнча чараларды киргиздик, бул биздин улуттук саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо боюнча милдеттенмебизди баса белгилейт. Биргелешкен аракет менен биз алдыга жылып, жарандарыбызды сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык тейлөө менен камсыздай алабыз”, -деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Өз кезегинде БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлү БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү максатында кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.
01.02.2024
Бишкекте эки саламаттыкты сактоо мекемесинде мамлекеттик дарыкана ачылды
2024-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларынын ачылыш аземине катышты. Бир дарыкана Киев көчөсү 154 дарегинде жайгашкан №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында, экинчиси Кривоносова көчөсү, 206 дарегиндеги Темир жол ооруканасында ачылды.
Министр белгилегендей, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн быйыл республика боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу жана уюштуруу зарыл.
Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15%га арзан сатып ала алат.
Эми Бишкекте 11 мамлекеттик дарыкана, ал эми республика боюнча 61 «Эл Аман» дарыкана иштейт.
01.02.2024
Кыргызстанда эркектердин ден соолугу бир айлыгы башталды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоого багытталган “Жооптуу бол!” республикалык бир айлыктын башталганын жарыялайт. Февраль айынын ичинде эркектерге медициналык кеңеш алуу үчүн жергиликтүү баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына баруу сунушталат.
Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) болуп турган. Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат.
Бир айлыктын негизги максаты - жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу. Өткөн жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 000ден ашык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 000 эркек баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 20% түздү. Бул кампаниянын кеңири жайылышын жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат.
Акция биринчи жолу 2019-жылы «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Кампаниянын ийгилигин жана таасирин эске алып, 2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын февраль айында республика боюнча бир айлыкты өткөрүү буйругун чыгарган.
Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган, ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.
***
Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга 500 миллионго жакын швейцариялык франкты техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам катары көрсөткөн.
01.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды
Бүгүн, 2024-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.
Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.
Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.
31.01.2024
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында алтынчы компьютердик томография борбору ачылды
«Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Токтогул районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда алтынчы компьютердик томография борбору ачылды. Иш чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраеванын катышуусунда өттү.
КТ борборунда жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлүп, «Neusoft Medical Systems» компаниясынын акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулары менен заманбап компьютердик томографиялык аппараты орнотулду.
Бул долбоордун алкагында 6 компьютердик томография борборун ишке киргизүү пландаштырылган, буга чейин 5 ушундай борбор ачылып, ишке киргизилген, алар: Бишкек шаарында - Республикалык дарылоо-диагностикалык борборунда жана Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасында, Балыкчы шаарынын, Кадамжай жана Өзгөн райондорунун Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ишке киргизилген.
Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 миллион АКШ долларын түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.
31.01.2024
Саламаттык сактоо министрлиги: Санариптик ден соолук профили жеке медициналык борборлордон жана лабораториялардан алынган маалыматтарды камтыйт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин жана жеке менчик медициналык борборлор менен лабораториялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө жеке сектордун санариптик чечимдерин интеграциялоого өзгөчө көңүл бурулуп, саламаттыкты сактоону санариптик трансформациялоонун негизги багыттары белгиленди. Бул кадам бейтаптардын, ошондой эле дарыгерлердин ыңгайлуулугун жакшыртууга багытталган. Жеке маалыматтарды коргоо, өзгөчө саламаттыкты сактоо контекстинде артыкчылык катары баса белгиленген.
Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев белгилегендей, учурда Кыргызстандын ар бир жаранында санариптик медициналык карта бар, ал «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызматтар порталы, ошондой эле мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү.
Талкуунун маанилүү элементи катары “маалыматтар бейтапты ээрчийт” концепциясы болду, бул багыт медициналык тейлөөнүн сапатын жана өз убагында көрсөтүлүшүн олуттуу түрдө жакшыртат.
Жолугушуунун соңунда тараптар пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу жана маалыматтык системаларды интеграциялоо үчүн өз ара кызыкчылык жана кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул кадамдар өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына санариптик технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт, бул узак мөөнөттүү келечекте тутумдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын ден соолугуна кам көрүүнүн жакшырышына алып келиши мүмкүн.
31.01.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри саламаттыкты сактоонун жогорку баскычтагы уюмдарында болду
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 2024-жылдын 31-январында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышып, дарыканага келгендер менен баарлашты. Ал өз сөзүндө, дарыканалар өткөн жылдын ноябрь айында иштей баштаганын белгиледи. Быйыл дары-дармектердин ассортименти көбөйтүлөт. “Эл Аман” дарыканалары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен баштапкы деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек программасы боюнча кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзөт. Камсыздандырылган жарандар жана бейтаптардынжеңилдик алууга укуктуу категориялары дарыгердин рецепти боюнча дарыканадан сатып алынган дары-дармектин наркынын бир бөлүгүн гана төлөп, сатып ала алышат.
Андан кийин министр Улуттук хирургия борборуна барып, академик Мамбет Мамакеев менен жолугушуп, боор хирургиясы бөлүмүндөгү боорду трансплантациялоого даярдык иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. «Адамдын органдарын трансплантациялоого адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринде уруксат берилет. Улуттук хирургия борбору бардык талаптарга жооп берген тиешелүү операциялык бөлмөлөрү бар үчүнчү дэңгээлдеги саламаттык сактоо уюму болуп саналат. Бул жерде тажрыйбалуу адистер да иштешет. Ошондуктан биз боорду алмаштыруу операциясын жүргүзүү үчүн ушул медициналык мекемени тандап алдык», - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
31.01.2024
Министр бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясына чейинки даярдык менен таанышты
Бүгүн, 2024-жылдын 31-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, аталган борбордун базасында жасалуучу бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясына чейинки даярдык менен таанышты.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 22 жаштагы бейтапка 2024-жылдын 1-февралында кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоону пландаштырууда. Бейтап 6 айдан бери программалык гемодиализде. Бул бейтаптын бөйрөгүнүн иштен чыгышы өнөкөт гломерулонефриттин кесепети катары каралууда. Реципиент операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктардан өттү. Бейтапка атасы донор болот.
Министр Президент Садыр Жапаров органдарды трансплантациялоо бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген «Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койгонун билдирди. Эгерде мурда эң жакын тууганы гана органын бере алса, жаңы мыйзамга ылайык, чоң ата – чоң энесине чейин донор болууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети программалык диализден өтүп жаткан 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн бекер алмаштырууга каржылык каражат бөлүү чечимин кабыл алды. Бул үчүн бюджеттик бөйрөк алмаштырууга бейтаптарды тандоо боюнча комиссия түзүлдү. Бүгүнкү күндө республика боюнча 2654 бейтап бюджеттик гемодиализ алышат. 2024-жылыгемодиализге бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом бөлүндү.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу операциясы 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп жатканын борбордун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков билдирди. Буга чейин 44 операция жасалган.
Маалымат үчүн:
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолорго жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот: Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева - 0700 62 77; Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаков - 0550 22 77 01.
30.01.2024
Кара-Көл шаарында “Эл Аман” дарыканасы ишке кирди
2024-жылдын 30-январында Кара-Көл Жалпы дарыгерлик практика борборунда мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Ачылуу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургуль Ибраева катышты.
Ибраева өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты, бул калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгилеп өттү.
Жалпы республика боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын саны 59га жетти.
30.01.2024
Республиканын кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын керебеттик фондун оптималдаштыруу
2024-жылы кургак учукка каршы программанын керебеттик фонду 35%га кыскарат. Акыркы 10 жылда Кыргыз Республикасында кургак учук менен ооругандардын жана өлүм учурларынын туруктуу төмөндөшү байкалууда. 2017-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде кургак учук менен ооругандардын 100 миң калкына 88,5тен 65,5ке чейин азайганы байкалган.
Кургак учук менен ооруган өлкөнүн ооруканаларында керебеттер толтурулбайт. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен өлкөнүн кургак учукка каршы кызматынын керебеттик фондун оптималдаштыруу пландаштырылууда.
2024-жылы керебеттердин саны 1175ке кыскарып, 755ке чейин кыскартылат. Оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча 85 миллион сом үнөмдөө күтүлүүдө. Үнөмдөлгөн каражаттар кургак учукка каршы кызматты чыңдоого, атап айтканда, республиканын облустарында жана шаарларында кургак учукка каршы программаларды башкаруу бөлүмдөрүн өнүктүрүүгө жумшалат.
| №/п | Уюмдун аталышы | 01.11.23-ж. Карата керебеттердин саны | Күтүлгөн натыйжа (оптималдаштыруудан кийинки керебеттердин саны) |
| 1 | КР ССМ караштуу Улуттук фтизиатрия борбору | 350 | 270 |
| 2 | Кара-Балта шаарынын Республикалык кургак учукка каршы ооруканасы | 100 | 75 |
| 3 | Чүй областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору | 30 | 0 |
| 4 | Кемин кургак учукка каршы ооруканасы | 60 | 40 |
| 5 | Талас облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору | 30 | 20 |
| 6 | Нарын областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору | 20 | 0 |
| 7 | Кочкор районунун ЖДПБдагы кургак учукка каршы бөлүм | 10 | 10 |
| 8 | Ысык-Көл областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору | 60 | 30 |
| 9 | Чоң адамдардын «Жети-Өгүз» Республикалык дарылоо жана реабилитациялык борбору, Исык-Көл областы | 120 | 60 |
| 10 | Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору | 320 | 220 |
| 11 | Кара-Суу кургак учукка каршы ооруканасы | 40 | 0 |
| 12 | Баткен областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору | 35 | 30 |
29.01.2024
Өзгөн районунда үч мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды
Бүгүн, 2024-жылдын 29-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларынын ачылыш аземине катышты. Өзгөн, Мырза-Аке жана Куршаб Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда мамлекеттик дарыкана ачылды. Министр өз сөзүндө калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында быйылкы жылы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын баса белгиледи.
Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Өзгөн Жалпы дарыгерлик практика борборунда райондогу алгачкы мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылган. Эми Өзгөн районунда 4 мамлекеттик дарыкана иштейт.
Жалпы республика боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын саны 58ге жетти.
29.01.2024
МЖӨ долбоорунун алкагында бешинчи компьютердик томография борбору ачылды
Бүгүн, 2024-жылдын 29-январында «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу» мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда бешинчи компьютердик томография борбору ачылды. Иш чарагаКР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
КТ борборунун имаратында жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлүп, «Neusoft Medical Systems» компаниясынын акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулары менен заманбап компьютердик томографиялык аппараты орнотулду.
Бул долбоордун алкагында 6 компьютердик томография борборун ишке киргизүү пландаштырылган, буга чейин 4 ушундай борбор ачылып, ишке киргизилген, алар: Бишкек шаарында - Республикалык дарылоо-диагностикалык борборунда жана Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасында, Балыкчы шаарынын жана Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ишке киргизилген.
Бул долбоордун алкагында республикадагы дагы бир саламаттык сактоо уюмунда, Токтогул районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томограф орнотулат.
Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 миллион АКШ долларын түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.
26.01.2024
Президент Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы Перинаталдык борборду ачты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы Перинаталдык борбордун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Борбордун курулушу Министрлер Кабинетинин жана тиешелүү министрликтин Германия өнүктүрүү банкы (KfW) менен “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун алкагында ийгиликтүү кызматташуунун натыйжасы болуп саналат.
Президент өз сөзүндө Германиянын элчилигине жана Германия өнүктүрүү банкына тыгыз кызматташтыгы жана тынымсыз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Садыр Жапаров Перинаталдык борбордун ачылышы - энени коргоо жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча стратегиялык максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы Макулдашуунун негизинде курулган борбор кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүчү жогорку технологиялуу мекеме болуп саналат.
Мамлекет башчысы Перинаталдык борбор сапаттуу дарылоо жайы гана болбостон, республиканын бардык аймактарындагы медицина кызматкерлеринин билимин арттырууга мүмкүнчүлүк берген борбор болоруна ишенимин билдирди. “Өлкөбүздүн башкы байлыгы - эл экенин эске алганыбызда, жаңы төрөлгөн ар бир баланын, ар бир кош бойлуу аялдын ден соолугуна ар тараптан көңүл буруу – биздин негизги милдетибиз”, - деди Президент.
Кыргызстан менен Германиянын саламаттык сактоо жаатындагы биргелешкен аракеттери БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө, анын ичинде бакубаттуулукту жогорулатууга жана сергек жашоо образын камсыз кылууга багытталган, деп белгиледи Президент. Садыр Жапаров ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу, суу менен камсыздоо, санитария, климаттын өзгөрүшү жана теңсиздик менен күрөшүү сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Германия менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сөзүнүн аягында Президент Перинаталдык борбор балдардын өлүмүн азайтуу менен энелердин жана балдардын ден соолугуна кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калаарына үмүт артты.
Салтанаттуу ачылыштан кийин Президент Германия элчилигинин өкүлдөрүнүн жана КРдин Саламаттык сактоо министринин коштоосунда Перинаталдык борборду көрүп чыгып, борбордун жалпы уюштурулушуна жогорку баа берип, андагы кызматкерлер менен баарлашты. Өз кезегинде Перинаталдык борбордун кызматкерлери Мамлекет башчысына саламаттыкты сактоо секторуна колдоо көрсөткөндүгү жана кылдат көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Маалымдама: Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн Перинаталдык борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, люкс классындагы палаталары жана башка медициналык кызматтар эске алынган. Бул борбор бейтаптарды 2024-жылдын февраль айынан тарта кабыл ала баштайт.
25.01.2024
КР Саламаттык сактоо министри бир катар медициналык окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты
Бүгүн, 2024-жылдын 25-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эл аралык медициналык университетине, Евразия эл аралык университетине пландан тышкаркы иш сапары менен барып, окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү процесси менен таанышты. Ал ошондой эле студенттер практикалык көндүмдөрдү алган университеттин клиникасында болду. Андан соң ЭМУнун колледжине барды.
Министр ЖОЖдор менен колледждердин материалдык-техникалык базасы жана жабдылышы жакшы экендигин белгиледи. Колледжде “Фармация” адистиги боюнча студенттерди даярдоо багыты жана “Кыргыз Республикасынын эндемикалык дары өсүмдүктөрү” бөлүмүнүн илимий темасы, ошондой эле паллиативдик жардам көрсөтүү жана кам көрүү боюнча орто медицина кызматкерлерин даярдоодо окуу процессинин багыты өзгөчө кызыгууну жаратты.
Билим берүү мекемелеринин жетекчилиги министрге ЖОЖдордун жана колледждердин ишмердүүлүгү боюнча учурдагы абал, анын ичинде бул жерде ишке ашырылып жаткан окуу процессинин сапатын камсыздоо жана инфраструктураны модернизациялоого багытталган долбоорлор менен тааныштырды. Билим берүү мекемелерин мындан ары өнүктүрүүнүн пландары сунушталды. ЭМУ эл аралык окутуу стандарттарына ылайык программалык аккредитациядан өткөнү белгиленди. Бүгүнкү күндө университетте 1200дөн ашык чет элдик студенттер медициналык билим алышат.
Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 10-январында пакистандык кесиптеши менен жолугушууда Кыргызстандын медициналык окуу жайларында алардын жарандарына медициналык билим берүүнүн сапаты тууралуу маселе көтөрүлгөн. Анда министр Кыргызстандагы медициналык ЖОЖдордун ишин эл аралык билим берүү талаптарына шайкештигин текшерүүгө даяр экенин билдирген. «Бүгүн ЭМУга барып, 2022-жылдан бери белгилүү иштер аткарылганына, университет эл аралык аккредитациядан өткөнүнө, өзүнүн университеттик клиникасы жана тиешелүү профессордук-окутуучулук курамы бар экенине ынандым», - деди министр.
Мындан тышкары министр студенттер менен баарлашып, алардын милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен камсыздандыруусу жок чет өлкөлүк студенттер медициналык кызматка студент катары эмес, чет мамлекеттердин камсыздандырылбаган жарандары катары төлөшү керектигин баса белгиледи. Андыктан бул маселени ийгиликтүү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги гана эмес, ошондой эле ар бир медициналык окуу жайдын жетекчисинин активдүү катышуусу зарыл.
Өз кезегинде ЖОЖдордун жетекчилиги министрди бул багытта иш жигердүү жүрүп жатканын, бардык студенттер жүз пайыз медициналык камсыздандыруудан өтөрүнө ишендиришти.
24.01.2024
Кыргызстандык адистер Түркиянын Инөнү университетинде органдарды трансплантациялоо боюнча бекер окуудан өтүшөт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кол коюлган кызматташуу келишиминин алкагында бүгүн, 2023-жылдын 24-январында Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билимди жана практикалык тажрыйбаны алуу боюнча стажировкадан өтүү үчүн үч айлык мөөнөткө Түркияга жөнөтүлдү.
13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар. Биздин адистер Түркиянын Инөнү университетинде бекер окуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушат.
Бир күн мурун бул адистер менен академик Мамбет Мамакеев жолугуп, алардын жоопкерчилиги чоң экенин баса белгилеп, ийгиликтерди каалады. «Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясын ийгиликтүү өткөрүү көптөн бери пландалып келет. Мен кыргызстандык хирургдардын боорду трансплантациялоо боюнча ийгиликтүү иштерин көрүүгө үмүтүм чоң», - деди Мамбет Мамакеев.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш мыкты мекеменин бири болгон Түркиянын Инөнү университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
23.01.2024
11 жаңы муздак сактоочу бөлмө Кыргызстанда вакциналардын сакталышын жакшыртууга жардам берет
Вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн алардын сакталуу шарттары жана жетиштүүлүгү өтө маанилүү
2024-жылдын 23-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу жаңы муздак сактоочу бөлмөнүн ачылыш аземи өттү. Жаңы сактоочу жай райондогу 200 миңден ашык адам, анын ичинде беш жашка чейинки 28 миң жаш бала үчүн вакцина сактоого мүмкүндүк берет. Бул Канада Өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстан боюнча орнотулуп жаткан 11 жаңы кампалардын биринчиси. Бардык 11 бөлмөнүн жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.
Азем Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн м.а. Кристина Бруджиолонун катышуусу менен өттү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева өз сөзүндө Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон мырзага жана ЮНИСЕФке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоодо жана балдардын жана калктын ден соолугун коргоо максатында эмдөөнүн сапатын жогорулатууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Министрдин орун басары белгилегендей, министрлик Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттык сактоо боюнча приоритеттүү программалардын бири катары аныктайт. Бул эмдөө программасына болгон саясий колдоонун күчөтүлүшү менен, бул жаатта өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишти. «Муздатуучу камералар бардык аймактарга бөлүштүрүү планына ылайык жеткирилди. Алар кызамык оорусу менен күрөшкө чоң салым кошот деп ишенебиз. Өзгөчө өлкө кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозаларын алганда», - деп баса белгиледи Бубужан Арыкбаева.
Муздак сактоочу бөлмөлөр Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында орнотулат. Бул аймактар алардын муктаждыктарына жараша Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылып тандалып алынган.
«Канада Кыргызстандын вакциналарды сактоо жана жайылтуу, аны менен бирге коомдук саламаттыкты сактоо чакырыктарына ыкчам жооп берүү потенциалын жогорулатууга багытталган бул долбоорго демөөрчүлүк кылганы менен сыймыктанат. Ишенимдүү муздак сактоо вакциналарга болгон ишенимди арттырып, эмдөө программаларына көбүрөөк катышууга үндөп, ден соолукту чыңдайт”, - деп белгиледи Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон.
Көлөмдөрү 10 м3 (5) жана 30 м3 (6) болгон бөлмөлөр вакциналардын олуттуу көлөмүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул көлөмдөр аталган облустардын жана райондордун күтүлгөн керектөөлөрүн канааттандырат.
«Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстанда жаш балдарды коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен камсыздоо. Вакциналарды сактоо, жеткирүү жана бөлүштүрүү бул иштин эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджиоло.
Бөлмөлөр +2ден +8ге чейинки туруктуу температураны кармап турат, бул вакциналардын көпчүлүгүн туура жана коопсуз сактоого ылайык болгон температура. Жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала квалификациясын алгандыктан, жогорку стандарттарга шайкеш.
Бардык бөлмөлөр 2024-жылдын март айына чейин орнотулат.
22.01.2024
КРВИ жана сасык тумоонун эпидсезонунун келиши менен республика боюнча оорунун бара-бара өсүшү байкалууда
КРВИ жана сасык тумоонун эпидсезонунун келиши менен республика боюнча оорунун бара-бара өсүшү байкалууда.
Оперативдик маалыматтарга ылайык 2024-жылдын 02-жумасына (и.к. 142,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 03-жумасында (15.01-21.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9295 учуру (и.к. 131,0) катталды, б.а. -8,1% төмөн. Ооругандардын ичинен 67,1% (6243 учур) 14- жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1492 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет. Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 33,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 26,9%, парагрипп 18,7% жана башка вирустар 21% түзөт.
Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек. Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 292,1; 189,3 жана 224,2 түздү. Мониторинг боюнча жумасына 2 ден 6 учурга чейин COVID-19 учурлары катталууда.Акыркы 03-жумада республика боюнча COVID-19 оорусунун 5 учуру Бишкек шаарында катталды.
Азыркы учурда бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген. Республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун эпид кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда.
22.01.2024
Кыргыз Республикасынын аймагындагы кызамык оорусу боюнча эпидемиологиялык абал
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган.
Аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек шаары – 177 учур, Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, Баткен облусу – 5 учур, Ысык-Көл облусу – 5 учур, Нарын облусунда – 3 учур.
Кызамык менен ооругандардын курактык бөлүштүрүлүшү:
• 1 жашка чейин – 182 учур;
• 1 жаштан 4 жашка чейин - 201 учур;
• 5 жаштан 9 жашка чейин – 77 учур;
• 10 жаштан 14 жашка чейин - 22 учур;
• 15 жаштан 19 жашка чейин - 13 учур;
• 20 жаштан 29 жашка чейин – 24 учур;
• 30 жаштан жогоркулар - 17 учур.
Республикада кызамык оорусу 2023-жылдын 1-жумасында Бишкек шаарында башталып, Түркиядан жана Россия Федерациясынан жуктуруп келген учур катталып, генотиптөө үчүн анализдер алынып, культураны изилдөөлөрдөн кызамык вирусунун D8 генотиби аныкталган.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун жалпысынан 7046 учуру катталды, интенсивдүү көрсөткүч 100 000 калкка (100,1). Оору жуктургандардын көпчүлүгү (43,5%) 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагылар.
Урматтуу ата-энелер!
Кызамык оорусу татаалдашуусу менен кооптуу. Эгерде шектенүү пайда болсо, туура диагноз коюу жана натыйжалуу дарылоо үчүн дароо дарыгерге кайрылыңыз.Үйгө дарыгер чакырыңыз! Оорулунун дене табы өтө жогору болсо, тез жардам чакырыңыз.
Кызамыкты алдын алуунун эң эффективдүү жолу бул эмдөө. Балдарыңыздын саламаттыгына кам көрүңүз, алардын 12 айында (КПК) жана 6 жашында (КПК ревакцинациясы) жасалуучу эмдөөнү алуусун, ошондой эле ҮМБ/ҮДТларда жана ФАПтарда бекер жүргүзүлүүчү 9 айдан 7 жашка чейинки кошумча эмдөө дозасын (ККВ) алуусун камсыз кылыңыз.