Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

04

10

2024

Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты

04.10.2024

Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты

04.10.2024

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “Климат жумалыгынын” иш-чараларын колдойт жана БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын 29-конференциясына катышууга даярдык көрүүдө

02.09.2024
Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк кардиология конгрессинде кыргызстандык жаш дарыгер баяндама жасады

2024-жылдын 31-августунда академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жаш дарыгери А.Р. Рустамбекова Лондондо (Улуу Британия) өткөн Европалык кардиология коомунун дүйнөлүк конгрессинде илимий баяндама жасады. Анын англис тилиндеги баяндамасы эл аралык эксперттер тарабынан жогору бааланып, кызуу талкуу жаратты.

Бул жылы конференция дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 30 миңге жакын катышуучулардын башын бириктирип, Кыргызстандын жаш дарыгеринин катышуусу Улуттук кардиология жана терапия борборунда адистердин жогорку деңгээлде даярдалаарын айгинеледи.

Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаш илимий дарыгерлерди даярдоого жана эл аралык илимий-медициналык коомчулук менен активдүү интеграцияга жана Кыргыз Республикасында медицина илимин өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы илимий медициналык кластер түзүлдү.

Европалык кардиология коомунун жетекчилиги жана европалык алдыңкы кардиологиялык борборлор менен кызматташуу жана Кыргызстанда кардиологияны өнүктүрүү боюнча жолугушуулар болуп жатканы да маанилүү.

02.09.2024
Кыргыз неонатологдор жана неонаталдык медайымдардын ассоциациясынын VI форуму

2024-жылдын 30-31-августунда жана 1-сентябрында Кыргыз неонатологдор жана неонаталдык медайымдардын ассоциациясынын VI форуму болуп өттү.

Бул форум Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, перинаталдык жана неонаталдык технологияларды өркүндөтүү, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана республикада перинаталдык жана неонаталдык өлүмдөрдү азайтуу максатында эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” Кыргыз Республикасынын Улуттук реформалоо программасынын алкагында өтүп, өлкөнүн бардык аймактарындагы неонатологдорду жана неонаталдык медайымдардын башын бириктирди.

Форумда Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын алдыңкы эксперттери спикер болушту. Коңшу өлкөлөрдөн келген кесиптештер тажрыйбалары менен бөлүшүп, дарыгерлер менен медайымдарга мастер-класстарды өткөрүштү.

Академиялык жана илимий кызматташтыкты комплекстүү өркүндөтүү, неонаталдык адистердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, перинаталдык жана неонаталдык кызматтардын сапатын жогорулатуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн неонаталдык жардам боюнча адистеринин кызыкчылыктарын илгерилетүү максатында форумдун жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ассоциацияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуну чечимин кабыл алышты.

23.08.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен америкалык Abbott компаниясы жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды колдонуу тармагында кызматташат

Бүгүн, 23-августта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагындагы америкалык ири химиялык жана фармацевтикалык компаниялардын бири болгон Сэнт Джуд Медикал Координэшн Сентр БиВиБиЭй (Abbott Laboratories компаниясы) өкүлдөрү менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум медицина кызматкерлерин: терапевттерди, кардиологдорду, реанимация кызматкерлерин, хирургдарды жана башка адистерди жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо жаатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонуунун ыкмалары жөнүндө маалымат берүү, алар менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында илимий жана окуу иш-чараларын уюштуруу боюнча кызматташуунун бир катар багыттарын камтыйт.

 

Меморандумдун алкагында тараптар иш-чаралардын кеңири спектрин макулдашышты, анын ичинде жүрөк оорулары менен ооруган бейтаптар үчүн митралдык жана жүрөк жетишсиздигин дарылоо боюнча программаларды ишке ашыруу, медицина кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү, жүрөктүн структуралык ооруларын жана жүрөк жетишсиздигин дарылоо жана терапияны өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлорго катыштыруу, медициналык мекемелердин билим берүү программаларына көз карандысыз эл аралык эксперттерди тартуу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү макчатында Европанын алдыңкы борборлору менен Кыргыз Республикасынын медициналык борборлорунун ортосундагы өнөктөштүк программаларын ишке ашыруу.

23.08.2024
КР Саламаттык сактоо министри балдарга көрсөтүлүүчү стоматологиялык жардамдын сапаты менен таанышты

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №4 стоматологиялык бейтапканада болуп, медицина кызматкерлер жана бейтаптар менен жолугушуу өткөрүп, көрсөтүлүп жаткан стоматологиялык жардамдын сапаты менен таанышты. Айрыкча жаңы окуу жылынын алдында кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана тиш дарылоо үчүн түзүлгөн кезектер маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Бишкек жана Ош шаарларында эки адистештирилген балдардын стоматологиялык клиникасы иштеп баштаарын, бул балдарга стоматологиялык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөөрүн белгиледи. Ошол эле учурда ал көптөгөн ата-энелер балдарын окуу жылы башталарына жакын алып келишинен, кезек күтүүлөр көбөйүшү мүмкүн экенин жана бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин белгиледи.

«Биз ата-энелердин тынчсыздануусун түшүнөбүз жана ар бир бала өз убагында жана сапаттуу дарылануусу үчүн тиш дарылоо системасын жакшыртуунун үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Ошондой эле стоматологиялык бейтапканалардын тармагын кеңейтүү үчүн ылайыктуу жайларды караштырабыз, бул өз кезегинде иштеп жаткан мекемелердин түйшүгүн азайтышы керек», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

23.08.2024
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси ачылды

 Бүгүн, 2024-жылдын 23-августунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык реформалоо жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, Лебединовка айылында Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасынын мурдагы административдик имаратында күнү-түнү иштеген 5 мобилдүү тез жардам бригадасына, анын ичинен 3 реанимациялык бригада жана 2 фельдшердик бригадага ылайыкталган тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси ачылды. Иш-чара КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

 Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси Бишкек шаарына кошулган Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлейт.

№6 жаңы линиялык чыкма бекетчесинин имараты косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү эмеректер жана жабдуулар сатылып алынды, бул медициналык кызматкерлердин ыңгайлуу шартта иштөөсүнө жана Аламүдүн районунун борбор калаага кошулган конуштарынын тургундарынын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

«Тез жардам борборунун жаңы линиялык чыкма бекетчесинин ачылышы Бишкек шаарында жана анын айланасындагы аймактарда медициналык тез жардам көрсөтүү системасын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Мындан ары да инфраструктураны жакшыртуу жана биздин медицина кызматкерлерине эң жогорку деңгээлде жардам көрсөтүүгө шарттарды түзүү боюнча иштерди улантабыз”, – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 Берилген административдик имараттын чарчы метри буга чейин Көлбаев көч., 49 дарегиндеги №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында жайгашкан №3 линиялык көмөк чордонду да жайгаштырууга мүмкүндүк берди. Бул көмөкчордон Аламүдүн, Энергетиктер шаарчасы, Куруучулар шаарчасы, Тунгуч ж.б. кичи райондорунун тургундарын тейлейт.

 Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облустук ооруканасын шаардын чыгыш бөлүгүндөгү калкты тейлей турган Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына профилдештирүүнү пландаштырууда, бул күнү-түнү ыкчам адистештирилген медициналык жардамга муктаж оорулууларды жана жаракат алгандарды ооруканага жаткыруу убактысын бир топ кыскартат.

Мындан тышкары, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги шаардын түштүк-батыш жана түндүк-батыш аймактарын тейлейт турган эки линиялык чыкма бекетчени этап-этабы менен ачууну пландаштырууда.

 

20.08.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Милициянын кайгуул башкармалыгынын жабыркаган кызматкерин дарылоо боюнча кеңешмеге катышты

Бүгүн, 2024-жылы 20-августта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдын 17-августунда Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн 1994-жылы туулган бейтап А.Э.ны дарылоо боюнча кеңешмеге катышты. Бейтап милициянын кайгуул башкармалыгынын кызматкери, кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен.

Бейтаптын диагнозу: баш мээнин оор жаракатын, сол жактагы жоон сан сөөктүн майдаланып сынып кетишин жана башка татаал жаракаттарды камтыйт. Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Министр Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөөрүн билдирди.

Эртең бейтаптын абалынын жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда.

19.08.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги: маймыл чечек оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок алдын алуу чаралары көрүлүүдө

15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында ооругандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнөн кыйла ашып, ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусунун катталбагындыгын жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал стабилдүү экендигин билдирет.

Министрлик тарабынан маймыл чечек оорусунун келип чыгышын алдын алуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө, бүгүнкү күндө аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара постордо маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пунктарда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө санитардык карантиндик пункттар дене табы көтөрүлгөн адамдарды өз убагында аныктоо үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДСУнун техникалык колдоосу менен 2022-жылы маймыл чечек вирусун аныктоо үчүн 3000 ПЧР тест-системаларын алган. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Ош шаардык санитардык кызмат борборунун лабораториялары эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык маймыл чечек оорусу боюнча абалы туруктуу эмес өлкөлөрдөн кайтып келген адамдарды текшерүүдөн өткөрүшүүдө.  2024-жылдын 19-августуна карата 500 ПЧР тест системасы бар.

Бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусуна каршы  алдын алуу иштер улантылууда, ооруну эрте аныктоо үчүн кошумча ПЧР тест системаларды алуу боюнча чаралар көрүлөт, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен биргеликте иш алып барылат ошондой эле калкка маймыл чечек оорусу боюнча өз убагында маалымат берилип турат.

Маймыл чечек оорусуна байланыштуу айрым өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү сунуштайт.

 

16.08.2024
Маймыл чечек илдети боюнча маалымат

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 2024-жылдын 15-августунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африкадагы маймыл чечек илдетинин учурун эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаганын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Африка континентинде январь айынан бери маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүп, 15 өлкөдө катталган. 2024-жылдын башынан бери илдет жуктурган 2 миң 30 учур жана 13 өлүм учуру тастыкталды (2023-жылы 1145 учур жана 7 өлүм катталган).

Катталган учурлардын басымдуу бөлүгү (90%) Конго Демократиялык Республикасына туура келет, анын ичинде өткөн жылдын сентябрында пайда болгон жаңы варианты да бар. Коңшулаш Руанда менен Угандада, ошондой эле Кенияда жаңы вариантты жуктурган учурлар катталган.

Маймыл чечек илдети – маймыл чечек вирусунан келип чыккан вирустук оору, анын белгилери адамдарда мурда кадимки чечек илдети менен ооруган бейтаптардыкына окшош, бирок анча кооптуу эмес.

Адамдар маймыл чечекти жугуштуу адам, булганган объекттер же ылаңдаган жаныбарлар менен физикалык байланыш аркылуу жуктуруп алышы мүмкүн.

Маймыл чечектин мүнөздүү белгилери болуп териде исиркектер же былжыр челдин жаралары саналат, ал эки-төрт жумага созулушу мүмкүн жана ысытма, баш оору, булчуңдардын жана белдин оорушу, алсыздык жана лимфа бездеринин шишип кетиши менен коштолот.

Коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында Департаменттин Саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдар боюнча Операциялык борбору дүйнө жүзүндөгү күнүмдүк окуяларга жаңылыктар сайттары жана социалдык медиа аркылуу мониторинг жүргүзүп турат.

Ошондой эле, Департаменттин Операциялык борборунун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 7 айында Кыргыз Республикасында СOVID-19 инфекциясынын 128 учуру катталып, орточо эсеп менен жумасына 10го чейин учур катталат. Бардык катталган учурлар жеңил түрдө өтүп. Бүгүнкү күндө жумалык мониторингге ылайык, COVID-19 эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланат.

13.08.2024
Катардан келген дарыгерлер Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кохлеардык имплантация боюнча бекер операцияларды жасашат: бейтаптарды тандоо 2024-жылдын 20-сентябрына чейин

2024-жылдын 24-октябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) Катардан келген отохирург-дарыгерлер тобу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясы башталат. Иш-чаранын алкагында угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча бекер операциялар жасалат.

Бейтаптарды тандоо этабы башталды жана ал 2024-жылдын 20-сентябрына чейин созулат. Операцияга эки тараптуу дүлөйлүгү, 4 даражадагы эки тараптуу сенсоневралдык угуусу начар жана постлингвалдык дүлөйлүгү бар 5 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Операция алдында балдар комплекстүү текшерүүдөн өтүп, медициналык комиссиядан өтүшү керек.

Бул операциялар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги тарабынан кол коюлган Меморандумдун аркасында ишке ашырылууда. Катар тарап кохлеардык импланттарды сатып алууга, хирургиялык операцияларга, ошондой эле кыргызстандык хирургдарды жана көмөкчү медициналык персоналды окутууга кеткен бардык чыгымдарды көтөрөт.

2020-жылдан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборундаушундай 160тан ашык операция жасалган. Бейтаптар аталган борборго Дүйшөмбүдөн Жумага чейин саат 12:00дөн 16:00гө чейин ЛОР-дарыгердин кабинетине (8-корп., 1-кабат) кайрылса болот, жанына мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгын ала келүүсү шарт.

10.08.2024
КР Саламаттык сактоо министри онкологиялык ооруларды дарылоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулады

2024-жылдын 9-августунда Францияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарылоонун жаңы ыкмалары, изилдөөчүлөрдү жана медициналык кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу жана шишикке каршы инновациялык дарыларды иштеп чыгуу менен алектенген «CIPREVO» компаниясынын жетекчиси доктор Грегори Прево менен жолугушту.

 Талкуунун өзөгү онкологиялык ооруларды дарылоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү болду.

Министр 2024-жылдын январь айында француз кесиптештеринин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында дарыгерлер жана ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, биргелешкен илимий долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын белгиледи. Балдардын онкологиясын дарылоо үчүн жаңы дарыларды изилдөө өзгөчө кызыгууну туудурат. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров рак оорусун аныктоо жана дарылоону жакшыртууга олуттуу көңүл бурат. Ошентип, учурда Кыргызстанда Эне жана баланы коргоо улуттук борбору онкологиялык ооруга чалдыккан балдарды дары менен камсыздоо боюнча жаңы долбоорго кирди.

Мындан тышкары, кыргызстандык студенттерге Францияда магистратура жана докторантурада деңгээлинде онкология боюнча изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү маселелери каралды.

Алымкадыр Бейшеналиев ракты эрте диагностикалоо жана дарылоо жаатында эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи, анткени алдыңкы технологияларды колдонуу эрте диагностиканы жана бейтаптардын жашоо сапатын бир топ жакшыртат. Ал биргелешкен изилдөөлөрдү жана Кыргызстанда улуттук саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого жана калкка онкологиялык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү жаңы методикаларды киргизүүнү колдоого даяр экендигин билдирди.

Министр ошондой эле француз кесиптештери менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө терең кызыкдар экенин белгилеп, француз окумуштууларынын онкология тармагындагы тажрыйбасы жана жетишкендиктери Кыргызстанда онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоону жакшыртууда маанилүү роль ойноорун баса белгиледи жана француз адистерин келишимдерди иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга чакырды.

10.08.2024
КР Саламаттык сактоо министри телемедицинаны өнүктүрүү боюнча француз компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

2024-жылдын 9-августунда Францияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев телемедициналык консультациялар үчүн инновациялык чемоданды иштеп чыгуучу жана чыгаруучу франциялык «Hopi medical» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда белек катары берилүүчү жабдууларды колдонууну камтыган пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана саламаттыкты сактоо тармагына санариптик технологияларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Министр француз тарапка практикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул жаатта мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда француз тарап Кыргызстанда долбоорду ишке ашырууга даярдыктын жакшы экенин белгиледи. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, көптөгөн оорулардын алдын алууга жардам берери айтылды. Бул жабдуулар дарылоосу кымбатка турган онкологиялык да, башка ооруларды да эрте диагностикалоого мүмкүндүк берет жана өтүшүп кетүү тобокелдигин жокко чыгарат. Министр өз кезегинде бул долбоорду колдоого даяр экенине ишендирди. «Ысык-Көл облусунун бул долбоор ишке ашырыла турган айыл аймактарында эрте диагностика боюнча адистер жетишсиз. Ал эми сиздердин жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен бейтаптардын ден соолугу боюнча маалыматтарды берүү Улуттук госпиталдын дарыгерлерине аралыктан эле рак, кант диабети сыяктуу кымбат баалуу ооруларды эрте аныктоого жана дарылоону баштоого мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Кыргыз Республикасы.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун негизи болуп калаарына ишеним билдиришти.

09.08.2024
Кыргыз Республикасы менен Франциянын Саламаттык сактоо министрликтери эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүшөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Францияга болгон иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо министринин эл аралык кызматташтык боюнча орун басары Сен-Дени мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Негизги көңүл Эл аралык саламаттыкты сактоо эрежелерин ишке ашыруу, ден соолук коопсуздугун жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо, иммунизациялоо программалары жана пандемия менен күрөшүү, медициналык реабилитация, эне жана баланын ден соолугуна кам көрүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялар, анын ичинде санариптештирүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлор жана медициналык билим берүү маселелерине бурулду.

Министр Бейшеналиев кызматташуунун талкууланган багыттары эки өлкө үчүн актуалдуу жана пайдалуу болот деген ишенимин билдирди. Ал ошондой эле француз тарапка Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына болгон кызыгуусу жана Франциянын «Hopi Medical» компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн телемедициналык консультацияларга арналган чемоданды белекке берүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Бул чемодан Ысык-Көл облусунда ишке ашыруу пландалып жаткан пилоттук долбоордун алкагында колдонулат. «Биз француз тараптан медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана жаңы технологияларды киргизүү боюнча саясатыбызда ушундай практикалык колдоо көрүүгө абдан кубанычтабыз», - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз кезегинде француз тарап министрдин талкууланган кызматташуу маселелери боюнча сунуштарын колдоп, ошондой эле эки өлкөнүн адистеринин ортосунда өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түзүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пландалган жаңы долбоордун алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары да кеңейтүү боюнча макулдашышты.

07.08.2024
Саламаттык сактоо министрлиги Бирдиктүү медициналык маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министрлиги «Саламаттык сактоо тармагында санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн айрым маселелери жөнүндө» Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун жактырууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланган.

 

Ошентип, бирдиктүү медициналык маалымат системасы жөнүндө жобону жана саламаттык сактоонун бирдиктүү санариптик экосистемасы жөнүндө жобону бекитүү сунушталууда.

 

Мындан тышкары, бирдиктүү медициналык маалымат системасында камтылган электрондук документтердин юридикалык күчкө ээ экендигин белгилөө сунушталууда. Бул эреже медицина кызматкерлерине маалыматты кагаз бетинде кайталабоого мүмкүндүк берет.

 

Ушул эле токтомдун долбоору менен Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборун Кыргыз Республикасынын бирдиктүү медициналык маалыматтык тутумунун жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун бирдиктүү санариптик экосистемасынын техникалык оператору катары белгилөө сунушталууда.

 

Ошентип, токтом долбоору маалымат алмашуунун бирдиктүү стандарттарын түзүүгө, жеке саламаттык сактоо уюмдарында түзүлгөн ден соолук тууралуу маалыматтарды бирдиктүү медициналык маалымат системасына киргизүүгө, маалыматтардын коопсуздугун жана купуялуулугун күчөтүүгө, маалыматтардын тактыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кагазсыз медициналык документацияга өтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Белгилей кетсек, акыркы жылдары “Санарип MED” санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир катар маалыматтык системалар ишке киргизилген. Маалыматтык системалар амбулатордук жана стационардык деңгээлдеги иш-аракеттерди, лабораториялык, иммунизациялоо, эмгекке жарамсыздык баракчаларын түзүү, медициналык-социалдык экспертизага жолдомо берүү, туулгандын, өлүм фактыларын каттоо жана башка процесстерди камтыйт.

 

Санариптик чечимдерди иштеп чыгуунун биринчи этабы аяктады жана азыр медицина кызматкерлерин окутуу жана санариптик чечимдерди ишке ашыруу жүрүп жатат. 1,6 миллион санариптик медициналык карта түзүлдү, үстүбүздөгү жылдын 6 айында 4,6 миллион амбулатордук деңгээлдеги кайрылуулар, ошондой эле 700 миңден ашык эмдөөлөр катталды. Төрөт үйлөрүнүн деңгээлинде санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен интеграциялоо туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү өз убагында албаган жаңы төрөлгөн ымыркайларды аныктоого жана аларга алгачкы документтерди алууга көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

 

Ошондой эле, ар бир жаран үчүн «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы, ошондой эле ушундай эле аталыштагы мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү болгон санариптик ден соолук профили (структураланган медициналык маалымат) түзүлдү.

 

2024-жылдын 6 айында эле бул кызматка кайрылуулардын саны 2,6 миллиондон ашкан. 2024-жылы чоңдор жана балдар үчүн профилактикалык эмдөө календарына ылайык пландуу эмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө проактивдүү билдирүүлөр системасы ишке ашырылган.

 

Ошентип, бул токтом долбоору саламаттык сактоону санариптик трансформациялоону ишке ашыруунун жана кагазсыз медициналык документацияга этап-этабы менен өтүүнүн кезектеги ырааттуу кадамы болуп саналат.

 

#санарипmed

02.08.2024
Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялоо башталды

Бүгүн, 2024-жылдын 2-августунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош областынан келген Ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы Б.М.Ж. аттуу бейтапкасөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы башталып жаткан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин сөөк чучугун алмаштырууга даярдалат.

Сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын ​​коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат. Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берет.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев: “Бүгүн Кыргызстанда балдар онкологиясын өнүктүрүүнүн маанилүү учуру болуп саналат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоонун башталышы рак илдети менен ооруган балдарды дарылоо үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз бул алдыңкы технологияларды ишке киргизүү кичинекей бейтаптарыбыздын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат жана жашоо сапатын жакшыртат деп ишенебиз», - деп билдирди.

Ошондой эле ал дарыгерлер менен лаборанттар Түркияда окутуудан өтүп келгенин кошумчалады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда шишиктин антигендик түзүлүшүн жана лейкоз клеткаларынын түрүн аныктоочу уникалдуу агымдык цитометриялык аппарат иштейт, ал ооруну дарылоонун натыйжалуулугун болжолдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, мекеме өзөктүү клеткаларды чогултуу үчүн афферездик аппарат менен жабдылган жана «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан бардык керектүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздалган. Жакынкы келечекте жилик чучугун аллогендик алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда балдардын онкологиялык ооруларын аныктоо жана дарылоону каржылоо жыл сайын жакшырып баратат, бул дарылоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө жана онкологиялык оорулар менен күрөшүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн:

Баланын органдарынын жана организминин системаларынын залалдуу оорулары олуттуу көйгөй болуп саналат. Бирок, өз убагында медициналык жардам көрсөтүү менен, мындай ооруларды ийгиликтүү дарылоого болот. Эң негизгиси, аларды мүмкүн болушунча эрте аныктоо зарыл. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын 19 жашка чейинки 400 миңдей балдар жана өспүрүмдөр рак оорусуна чалдыгат. Дүйнөдө балдардын рак оорусуна чалдыгуу ар бир 100 миң балага 12ден 18ге чейин жетет. Кыргызстанда алардын жыштыгы 100 миң балага 10ду түзөт.

Кыргызстанда онкологиялык оорулардын структурасында 40% лейкоз, 12% лимфома жана калганы катуу шишик болуп саналат. Жыл сайын оорунун 180ге жакын жаңы учуру аныкталат. Балдардын оорусунун өсүшүнүн эки чокусу бар - биринчиси - 2-5 жашта жана экинчиси - 12-16 жашта.

01.08.2024
В Минздраве прошла коллегия по итогам работы организаций здравоохранения за первое полугодие 2024 года

1 августа 2024 года в Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики прошла коллегия, на которой были подведены итоги работы организаций здравоохранения за первое полугодие 2024 года. 

В ходе коллегии были обсуждены результаты выполнения планов по улучшению качества медицинских услуг, развитию инфраструктуры и обеспечению доступности медицинской помощи населению. Рассмотрены ключевые показатели эффективности работы медицинских учреждений, включая уровень удовлетворенности пациентов, качество предоставляемых медицинских услуг и финансовые результаты.

Подводя итоги работы ведомства за первое полугодие министр здравоохранения Алымкадыр Бейшеналиев отметил успехи ГП «Кыргызфармация». Госпредприятие начало полностью обеспечивать лекарствами ПЖВЛС (перечня жизненно важных лекарственных средств) организации здравоохранения страны. Кроме того, уже открыто 84 государственных аптеки «Эл Аман», в которых, лекарства продаются на 15-20 процентов дешевле.

Также с 1 февраля начаты бесплатные операции по трансплантации почки, 10 июня проведены операции по трансплантации печени. А 2 августа планируется процесс подготовки пациента к трансплантации костного мозга. 

Отмечены значительные успехи в внедрении цифровых решений в систему здравоохранения. В частности, внедрение электронных медицинских записей, автоматизация процессов регистрации пациентов и улучшение системы мониторинга состояния здоровья позволили значительно повысить эффективность работы медицинских учреждений. Цифровые решения способствуют более оперативному обмену информацией между медицинскими учреждениями и улучшению координации медицинской помощи, что положительно скажется на качестве обслуживания пациентов.

Проанализированы текущие проблемы и вызовы в системе здравоохранения, включая нехватку кадров, материально-техническое оснащение и проблемы с доступностью определенных видов медицинской помощи. 

Определены приоритетные направления работы на второе полугодие 2024 года, включая новые инициативы по улучшению здравоохранения и меры по устранению выявленных недостатков.

По итогам коллегии принято решение:

-         За низкие показатели соответствия медицинской помощи нормативным документам и клиническим протоколам на уровне ФАП, за низкие показатели качества оказания медицинской помощи объявить замечания директорам ЦОВП Уч-Коргон, Баткенского областного центра семейной медицины, ЦОВП Аксы; 

-         За высокие показатели необоснованных госпитализаций объявить замечание директору Республиканского центра дерматовенерологии; 

-         За отсутствие контроля исполнения индикаторов, связанных с выплатами (ИСВ) Программы основанной на результатах, финансируемой Всемирным Банком, который касается качественного дородового наблюдения за беременными - ИСВ 3 и пациентов с сахарным диабетом - ИСВ 4 (Ат-Башинский, Тонский ЦОВП), а также простаивание дорогостоящего оборудования в вверенных организациях (Иссык-Кульская Областная объединенная больница и Областной Центр семейной медицины) объявить выговоры руководителям указанных организаций здравоохранения;

-         За нерациональное использование коек родильного отделения, низкое качество оказания медицинской помощи объявить выговор директору ЦОВП Ак-Суу.

26.07.2024
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров алдыңкы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен таанышты

М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборундагы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров таанышты.

Анда МинКаб башчысы моделдин негизги элементтерин, анын ичинде лабораторияларды, илимий борборлорду жана стартаптарды карап көрүп, бул илимий инфраструктуранын медицина үчүн маанисин белгиледи.

“Илимий кластерди түзүү - бул биздин медицинаны модернизациялоого жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө жасалган кадам. Жаштарыбыздын жана бүтүндөй өлкөнүн келечегин камсыз кылуу үчүн илим менен билимге инвестиция жумшоого тийишпиз”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Демонстрациялык модель медицинадагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду камтыйт жана жүрөк, онкологиялык, кан тамыр жана неврологиялык ооруларды эрте аныктоого багытталган.

Долбоордун катышуучулары, анын ичинде чет элдик жаш окумуштуулар жана изилдөөчүлөр медициналык кластер илимпоздорду тартуу борборуна айланат деген ишенимин билдиришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчилиги менен медициналык кластерди андан ары өнүктүрүү жана аны эл аралык илимий тармактарга интеграциялоо пландарын талкуулады. Таанышуунун соңунда илимди жана инновацияларды колдоо Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыты жана калктын саламаттыгын сактоонун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

26.07.2024
№6 ҮМБ гинекологиялык ооруларды дарылоо үчүн жабдууларды алды

Бүгүн, 2024-жылдын 26-июлунда Кыргызстандагы Чек арасыз дарыгерлер (MSF) уюму «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында №6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдууларды тапшырды. Жабдуулар репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган. Топтомго коагулятор жана анын аксессуарлары кирет, мындан тышкары башка медициналык буюмдар да берилди.

«Биз өнөктөшүбүздөн Cervix Wisap 6001 коагуляторун алдык, бул биздин Үй-бүлөлүк медицина борборуна болгон чоң салым, анткени биз 35 миңден ашык аялдарды тейлейбиз жана мындай жабдуулардын болушу ар дайым маанилүү», - деди ҮМБнын директору Асел Теңизбаева. Бул заманбап жабдуулар эрозияларды күйгүзүү, папилломаларды, кондиломаларды жана ракка айлана турган ар кандай шишикчелерди алып салуу сыяктуу процедураларды жүргүзүү үчүн зарыл, бул борбордун гинекологиялык ооруларды дарылоодогу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жакшыртат.

«Кыргызстандагы MSF Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жатын моюнчасынын рагына жана сүт безинин рагына скрининг боюнча долбоорду ишке ашырууда. Ошондуктан биз үчүн тиешелүү диагностиканы жүргүзүү үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган ҮМБлардын болушу абдан маанилүү. Биз өнөктөштөрүбүздүн бири катары №6 ҮМБга колдоо көрсөтүп жатканыбызга кубанычтабыз», - деп белгиледи MSF Кыргызстан долбоорунун медициналык координатору доктор Сесиль Катакутан Джойс.

Чек арасыз Дарыгерлер (MSF): MSF 70тен ашык өлкөдө иштеген көз карандысыз медициналык гуманитардык уюм. Уюмдун негизги миссиясы – саясий, диний жана экономикалык жагдайларга карабастан, муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүү.

24.07.2024
Кыргызстан менен Катар саламаттык сактоо жаатында кызматташууну бекемдөөдө: балдарга акысыз операция жасоо жана дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катарлык жана кыргызстандык адистер тарабынан Кыргызстандагы угуусу начар балдарга бекер операция жасоо маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө 168 балага кохлеардык имплантация бекер жасалган, жыл аягына чейин дагы 200гө жакын операция пландалууда.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргызстандык беш лор дарыгердин Катар Мамлекетинин клиникаларында квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев угуусу начар балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, Катар мамлекети менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал КР Саламаттык сактоо министрлиги инвесторлор менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин белгилели.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

17.07.2024
КР Саламаттык сактоо министри ата мекендик спортчуларга Олимпиада алдында ийгиликтерди каалады

2024-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ата мекендик спортчулардын Париждеги Олимпиаданын алдындагы жыйынтыктоочу машыгуусуна барды. Министр олимпиадалык балбандарга ийгилик жана ден соолук каалап, алардын аракети жана жеңишке болгон умтулуусу маанилүү экенин белгиледи.

Иш сапардын алкагында министр олимпиадалык курама команданын дарыгерлери менен да жолугушту. Ал өз сөзүндө спортчуларды коштоп жүргөн медициналык кызматкерлердин маанилүү ролун баса белгиледи. Башкы дарыгер Сагындык Айтбаев жетектеген спорттук-реабилитациялык борбордун дарыгерлери өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү нерселер менен жабдылган медициналык баштыктарды алышты.

«Биздин спортчуларга чын дилимден ийгилик жана чың ден соолук каалайм. Мекенибизге көптөгөн медалдарды алып келишип, ден соолук менен кайтып келишсин», - деди өз сөзүндө Алымкадыр Бейшеналиев, Саламаттык сактоо министри.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев спортчулар үчүн туура тамактануунун маанилүүлүгүн белгилеп, медицина кызматкерлерине олимпиадачылардын спорттук тамак-ашына дыкат көз салып, алардын оптималдуу физикалык даярдыгын жана мелдеш учурунда жогорку көрсөткүчтөргө ээ болушун камсыз кылууну тапшырды.

10.07.2024
Боору трансплантацияланган бейтаптар канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 2024-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барып, боору трансплантацияланган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Консилиум жана бардык керектүү текшерүүлөрдөн кийин эки бейтап тең канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Бир ай бою хирургдар, трансплантологдор, гастроэнтерологдор жана реаниматологдордон турган адистерибиз боору трансплантацияланган бейтаптардын абалын дыкат көзөмөлдөп турушту. Күнүмдүк эртең мененки жана кечки текшерүүлөр, анын ичинде гемодинамикалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр боюнча анализдер, ошондой эле УЗИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөр жакшы жыйынтык көрсөттү. Реципиенттердин боору ийгиликтүү иштеп жатат.

Бейтаптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана бул операцияга катышкан бардык медицина кызматкерлерине өздөрүнүн кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти. 

«Биз Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операциялар биздин жарандар үчүн бекер болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя жана ал Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Биз ар бир жараныбызга жогорку деңгээлдеги тиешелүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн өлкөбүздөгү медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта беребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри. Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, министр Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болоорун кошумчалады. Саламаттык сактоо министрлиги кийинки этаптагы операцияларга бейтаптарды даярдоону улантууда. Учурда 15 адам боорду алмаштыруу үчүн кезекте турат; төрт реципиентте ылайыктуу донорлор бар, алар операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Кыргызстанда алгачкы жолу Кыргыз-түрк достугу ооруканасында Түркия жана Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусунда акысыз боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Операциялар толугу менен Президенттик фонддон каржыланып, бейтаптарга кошумча чыгымдарсыз кымбат баалуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.