Copyright: ©

КР Саламаттык сактоо министри онкологиялык ооруларды дарылоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулады

10.08.2024 / Просмотров: 6404

2024-жылдын 9-августунда Францияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарылоонун жаңы ыкмалары, изилдөөчүлөрдү жана медициналык кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу жана шишикке каршы инновациялык дарыларды иштеп чыгуу менен алектенген «CIPREVO» компаниясынын жетекчиси доктор Грегори Прево менен жолугушту.

 Талкуунун өзөгү онкологиялык ооруларды дарылоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү болду.

Министр 2024-жылдын январь айында француз кесиптештеринин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында дарыгерлер жана ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, биргелешкен илимий долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланганын белгиледи. Балдардын онкологиясын дарылоо үчүн жаңы дарыларды изилдөө өзгөчө кызыгууну туудурат. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров рак оорусун аныктоо жана дарылоону жакшыртууга олуттуу көңүл бурат. Ошентип, учурда Кыргызстанда Эне жана баланы коргоо улуттук борбору онкологиялык ооруга чалдыккан балдарды дары менен камсыздоо боюнча жаңы долбоорго кирди.

Мындан тышкары, кыргызстандык студенттерге Францияда магистратура жана докторантурада деңгээлинде онкология боюнча изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү маселелери каралды.

Алымкадыр Бейшеналиев ракты эрте диагностикалоо жана дарылоо жаатында эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи, анткени алдыңкы технологияларды колдонуу эрте диагностиканы жана бейтаптардын жашоо сапатын бир топ жакшыртат. Ал биргелешкен изилдөөлөрдү жана Кыргызстанда улуттук саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого жана калкка онкологиялык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү жаңы методикаларды киргизүүнү колдоого даяр экендигин билдирди.

Министр ошондой эле француз кесиптештери менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө терең кызыкдар экенин белгилеп, француз окумуштууларынын онкология тармагындагы тажрыйбасы жана жетишкендиктери Кыргызстанда онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоону жакшыртууда маанилүү роль ойноорун баса белгиледи жана француз адистерин келишимдерди иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга чакырды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө

2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду. 

Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.

Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.

17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды

2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.

 

Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.

13.01.2025
Республикадагы сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча 2024-жылдын 2-жумасында (06.01.25 - 12.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталган (и.к. 105,0), өткөн жумага салыштырмалуу (01-жума, и.к. 60,0) +1,7 эсе жогору катталган, бул эпидемиялык босогодон (148,1) -29,1%га төмөн. Ооругандардын 7,9%ы (586 бейтап) ооруканага жаткырылган.

 Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга (КРИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

Октябр айынан баштап (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 2-жумасына чейин) 1335 үлгү алынган, анын ичинен 128и оң, анын ичинде 78,9% А (H1N1 (2009) - 100 учур, H3N2-1 учуру)), В-9,4% (12 учур), COVID-19 – 11,7% (15 учур).

Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, алардын ичинен РС вирусу – 30,3% (280), риновирус – 26,2% (242), аденовирус – 12,8% (118), I-IV парагрипп – 11,4% (105), башкалар – 19,3% (179).

Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлгө алынат.

 

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.