Copyright: ©
ИНСУЛЬТ: КАН БАСЫМЫН ӨЗ ЧЕГИНДЕ КАРМАҢЫЗ!
29.10.2024 / Просмотров: 10723
29-октябрь Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Неврологдор бул ооруга алып келчү бир нече коркунуч факторлорун аташты. Кыргызстанда негизги фактор болуп, артериалдык кан басымдын жогору болушу саналат. Дээрлик ар бир бешинчи кыргызстандыктын кан басымы өйдө экенин неврологдор баса белгилешет. Андан кийин кант диабети, аритмия оорусу, семирүү, алкоголду ашыкча өлчөмдө ичүү, чылым тартуу жана башка факторлор кирет.
Мындан улам инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек экенин дарыгерлер эскертишет. Алардын айтымында кан басымын өз чегинде кармоо зарыл.
СОККУ - инсульттун алгачкы белгилерин таануунун жөнөкөй жолу болуп, мээ кан тамырынын иштешинин бузулуусуна тезинен чара көрүүгө мүмкүндүк берет. СОККУ төмөнкүдөй чечмеленет:
- Сүйлөө: Адамдан жөнөкөй сөз айкашын сураңыз. Сүйлөө начар же кыйын болсо, инсульттун белгиси болушу мүмкүн.
- Ооз: Адамдан жылмайышын сураныңыз. Инсульт болгондо жылмаюу кыйшык болуп, беттин бир жагы төмөн түшүп калышы мүмкүн.
- Кыймыл: адамдан эки колун көтөрүүнү сураныңыз. Инсульт учурунда бир кол өзүнөн өзү түшүп же такыр көтөрүлбөй калышы мүмкүн.
- Көрүү: Инсультка кабылган адамдын көрүүсү начарлап, бир зат эки болуп көрүнүшү ыктымал.
- Убакыт: Эгер сиз бул белгилердин жок дегенде бирин байкасаңыз, дароо тез жардам чакырыңыз. Бейтаптын өмүрүн сактап калууда убакыт маанилүү роль ойнойт.
Инсультка кабылган адамга медициналык жардамды канчалык тез көрсөтүлсө, анын өөмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот, андыктан дароо аракет кылуу маанилүү.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
17.03.2025
Сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 11-жумасында (10.03.25 - 16.03.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 8372 учуру жана сасык тумоонун 16 учуру (и.к. 118,1) катталып, оорунун 6,1% га төмөндөшү (10-жумадагы и.к. 125,8) байкалды. Ооругандардын 5,8%ы (485 учур) ооруканага жаткырылды.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.
Октябрь айынан бери (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 11-жумасына чейин) 2458 үлгү алынды, анын ичинен 519у оң, анын ичинде А тумоосу - 48,4% (251 учур), В - 48,2% (250 учур), COVID-19 - 3,4% (18 учур).
Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылган – 28,5% (367 учур), РС вирусу – 25,1% (324 учур), аденовирус – 12,2% (158 учур), I-IV парагрипп – 12% (152 учур), башкалар – 28%.
Республикада COVID-19 инфекциясын жуктурган учурларга жумалык мониторинг уланууда. 2025-жылдын 11-жумасында оорунун учурлары катталган жок.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.
17.03.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын учурдагы абалы жана алардын дарылануусу боюнча маалымат берет.
Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда: 4 бала чет өлкөлөрдө терапиядан өтүүдө, ал эми 8 бала түздөн-түз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө зарыл дары каражаттарды алууда. Белгилей кетсек, азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок, заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда балдардын дарылоосу Жогорку технологиялар фондунун (ЖТФ) каражаттарынын эсебинен камсыздалат, алар Рисдиплам препаратын сатып алууга багытталган. Белгилей кетүүчү жагдай, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн борборлоштурулган сатып алуулардын эсебинен каражаттардын бир кыйла үнөмдөлүшүнө жетишилди. Бул үнөмдүн негизинде 100 млн сомго кошумча 240 флакон препарат сатылып алынып, анын жардамы менен 8 баланы 2025-жылдын аягына чейин дарылоо мүмкүн болот. Бул препараттар өлкөгө жеткирилди. Мындан тышкары, 2025-жылга карата 250 млн сомго 480 флакон сатып алуу боюнча келишим түзүлдү, бул дагы 16 баланын бир жылдык дарылоосуна жетиштүү болот. Бул партиядагы препараттар быйылкы жылдын май айында өлкөгө келет.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылга карата жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу жакында коюлган дагы 11 балага кошумча каражат бөлүү үчүн Финансы министрлигине кайрылуу даярдаган. Мурдагы жылдары бул диагноз менен катталган балдардын саны 13тү түзгөн, алардын ичинен 8 бала Рисдиплам препараты менен дарыланган. Бирок, жыл сайын ооруну аныктоо деңгээли жогорулап, натыйжада кымбат баалуу дарылоого муктаж бейтаптардын саны өсүүдө. Бардык муктаж балдарды дарылоо менен камсыз кылуу – кошумча каржылоону талап кылган негизги милдет болуп саналат.
Эки жаштагы Хамза боюнча маалымат:
Учурда социалдык тармактарда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган эки жаштагы Хамза үчүн кымбат баалуу препарат сатып алуу боюнча каражат чогултуу маселеси кызуу талкууланууда. Хамза Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда консультациядан өтүп, диагностикаланган. Бирок, бала Казакстандын жараны болгондуктан, ал Астана шаарында дарыланууда жана Спинраза препаратын алууда.
Маалымат үчүн:
Учурда жүлүн булчуң атрофиясын дарылоодо үч негизги препарат колдонулат:
1. Спинраза (Нусинерсен): Препарат интратекалдык (жүлүн суюктугуна) инъекция жолу менен берилет жана үзгүлтүксүз сайылышы керек. Бардык жаштагы бейтаптар үчүн натыйжалуу.
2. Эврисди (Рисдиплам): Препарат сироп түрүндө ооз аркылуу кабыл алынат, бул айрыкча балдар үчүн колдонууга ыңгайлуу. Ал кыймыл нейрондору үчүн зарыл болгон SMN белогунун өндүрүлүшүн стимулдайт. 2 айдан жогорку курактагы бейтаптар үчүн сунушталат.
3. Золгенсма (Онасемноген абепарвовек): Ген терапиясы, бир жолу тамырга сайылат. Препарат жаш балдар (2 жашка чейинки) үчүн натыйжалуу, бирок баасы өтө жогору.
Кыргызстан Рисдиплам препаратын анын салыштырмалуу жеткиликтүүлүгү (1 флакону 482 миң сом) жана колдонууга ыңгайлуулугу үчүн сатып алууда. Бул препарат бейтаптарга дарылоону үй шартында алууга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын жашоо сапатын кыйла жакшыртат.
15.03.2025
Таза шаар – ден соолук кепилдиги!
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында жарыяланган 3 айлык ишембиликтин алкагында, 2025-жылдын 15-мартында, Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган министрликтин борбордук аппаратынын, министрликке караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Саламаттык сактоону жана медициналык техникаларды өнүктүрүү борборунун, ошондой эле “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Тоголок Молдо атындагы гүл бакчасында ишембиликке чыгышты.
Ишембилик учурунда бекитилген аймактагы таштандылар, күзгү жалбырактардын калдыктары жыйналып, жашыл мейкиндиктер иретке келтирилип, ирригациялык системалар тазаланды. Бул демилге шаар экологиясын жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.