Copyright: ©

Сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал

17.03.2025 / Просмотров: 9062

 Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 11-жумасында (10.03.25 - 16.03.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 8372 учуру жана  сасык тумоонун 16 учуру (и.к. 118,1) катталып, оорунун 6,1% га төмөндөшү (10-жумадагы и.к. 125,8)  байкалды. Ооругандардын 5,8%ы (485 учур) ооруканага жаткырылды.

 Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

Октябрь айынан бери (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 11-жумасына чейин) 2458 үлгү алынды, анын ичинен 519у оң, анын ичинде А тумоосу - 48,4% (251 учур), В - 48,2% (250 учур), COVID-19 - 3,4% (18 учур).

Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылган – 28,5% (367 учур), РС вирусу – 25,1% (324 учур), аденовирус – 12,2% (158 учур), I-IV парагрипп – 12% (152 учур), башкалар – 28%.

Республикада COVID-19 инфекциясын жуктурган учурларга жумалык мониторинг уланууда. 2025-жылдын 11-жумасында оорунун учурлары катталган жок.

 

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

 

- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,

- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),

- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

28.04.2025
ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин VIII Кеңешинин протоколуна кол коюлду

Бүгүн, 2025-жылдын 28-апрелинде Кытайдын Сиань шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин VIII отурумунун протоколуна кол коюлду.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комитетинин төрагасы Лей Хайчаонун жетекчилиги астында өткөн иш-чарага ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлери, ошондой эле ШКУ боюнча өнөктөш мамлекеттердин жана ДСУнун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар жыйындын күн тартибине ылайык “Дени сак келечек үчүн саламаттыкты сактоону туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү” темасында активдүү жана жемиштүү талкууларды өткөрүштү.

Алар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алышты:

1. Тез жардам медицинасы: пандемияларга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү.

2. Биринчи медициналык-санитардык жардам кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы камтуусу үчүн системаларды бекемдөө.

3. Санариптештирүү: улуттук мыйзамдарга ылайык телемедицина жана жасалма интеллекти өнүктүрүү.

4. Салттуу медицина: тажрыйба алмашуу жана далилдүү медицина менен интеграциялоо.

Делегациялардын башчылары жугуштуу эмес оорулардын өсүшүн, кызматташуу үчүн «Шанхай рухунун» зарылдыгын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун глобалдык саламатыкты  сактоодогу ролун белгилешти.

 

Жыйындын жыйынтыгында “2025-2027-жылдарга саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чаралардын планы” кабыл алынды.

Ошону менен бирге катышуучулар коомдук саламаттык сактоо системасын чыңдоо, инновацияларды колдоо жана ШКУнун салттуу медицина форумун өткөрүү боюнча макулдашышты.

Эске сала кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин кезектеги тогузунчу кеңешмеси 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтөт.

28.04.2025
Кыргызстанда ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин тогузунчу жыйыны өтөт

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин кезектеги тогузунчу жыйыны 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтөт. 

Мындай чечим бүгүн, 2025-жылдын 28-апрелинде Кытайдын Сиань шаарында өткөн сегизинчи жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды. 

КР Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев эстафетаны алып жатып, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү үчүн ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Сөзүнүн аягында ал Кытай тарапка жолугушууну уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптештерине жемиштүү кызматташууну каалады.

28.04.2025
Эркин Чечейбаев: Кыргызстандын жарандарынын саламаттыгы – бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты

Бүгүн 2025-жылдын 28-апрелинде Сиань шаарында (Кытай) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин министрлеринин сегизинчи отуруму өз ишин баштады. 

Ага Кытайдын саламаттык сактоо улуттук комитетинин башчысы Лэй Хайчао, ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, Кыргызстан, Казакстан, Индия, Россия, Беларусия, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышып жатат.

Күн тартибине ылайык, тараптар катастрофалар медицинасынын өнүгүүсү, баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу, санариптик чечимдерди жайылтуу жана салттуу медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө катышуучулар өз элинин ден соолугунун келечегин козгогон өтө маанилүү маселелерди талкуулап жаткандыгын белгилеп кетти. 

 «Кыргызстан үчүн биздин жарандардын саламаттыгы – бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты жана биз ШКУнун алкагында кесиптештер менен тажрыйбалар жана билимдер менен алмаша ала турганыбызга кубанычтуубуз. КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана толук колдоосу астында Кыргыз Республикасы оорулардын алдын алуу, сергек жашоо мүнөзү, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын инфраструктураларын жаңылоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатат. Көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу ооруканаларды, баштапкы медициналык-санитардык жардам, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо уюмдарын кайра уюштуруу жана жаңылоо боюнча план түзүлдү», - деп белгиледи Эркин Чечейбаев. 

Андан ары ал салттуу медицина — бул Кыргызстандын саламаттык сактоосунун жаңы дем  менен өнүгүүгө тийиш болгон багыттарынын бири экендигин айтты. 

«Биз ден соолукка колдоо көрсөтүү үчүн табигый ресурстарды, дары чөптөрдү жана уникалдуу билимдерди колдонуп келишкен ата-бабаларыбыздын бай мурастары менен сыймыктанабыз. Кыргызстанда салттуу медицина ар кандай оорулардын алдын алуу жана дарылоодо маанилүү роль ойноого жана биздин өлкөлөрдөгү адамдардын жашоо сапатын жана узактыгын жогорулатууга көмөктөшүүдө маанилүү роль ойноого тийиш. Биз бул тажрыйба маданий салттарга болгон сый-урмат инновациялар менен айкалышкан ШКУнун башка өлкөлөрүндө дагы колдоого ээ болуп жаткандыгын көргөнүбүзгө кубанычтуубуз», - деди министр.

Буга байланыштуу Эркин Чечейбаев салттуу медицинаны изилдөө боюнча Илимий-изилдөө борборун түзүүнү, ошондой эле “Элдер достугу” кыргыз-кытай ооруканасын курууну сунуштады. 

 «Баштапкы медициналык-санитардык жардамы — бул кайсы болбосун мамлекеттин саламаттык сактоо системасынын негизи жана Кыргызстан бул багытты өнүктүрүүгө аябагандай чоң маани берет. 

Ар бир жаран жеткиликтүү жана жашаган жерине жакын деңгээлде сапаттуу жардам ала алышы абдан маанилүү. Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын физикалык жана финансылык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган саламаттык сактоо системасын реформалоо улантылууда жана бул иште ШКУ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы жана алдыңкы тажрыйбалары жардам берет деп ишенебиз», - деди КР саламаттык сактоо министри.

Андан ары ал белгилегендей, саламаттык сактоону санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу - бул тренд гана эмес, ошондой эле медициналык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуунун зарылчылыгы дагы.

 «Кыргызстанда биз, өзгөчө алыскы тоолуу райондордо медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бере турган жасалма интеллектти, электрондук медициналык карталарды, телемедицинаны жана башка санариптик технологияларды активдүү жайылтып жатабыз. Биз ШКУнун алкагында саламаттык сактоо системаларыбызды санариптик трансформациялоону тездетүү үчүн тажрыйба жана ресурстар менен алмаша аларыбызга ишенебиз.

Шашылыш медицина жана өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү - бул пандемия, табигый кырсыктар жана техногендик кырсыктар сыяктуу глобалдуу чакырыктардын шарттарында барган сайын актуалдуу болуп жаткан тема. Региондун бардык өлкөлөрүндөй эле Кыргызстан да тез жардам көрсөтүү системасынын даярдыгын жогорулатуу зарылдыгына туш болууда.

Бул жаатта координациялоонун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн ашыкча баалоо мүмкүн эмес жана биз бүгүн ШКУ өлкөлөрүнүн деңгээлинде чукул жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен ыкмаларды талкуулай алабыз деп үмүттөнөбүз.

Бул контекстте, жалпы тагдыр коомчулугунун философиясын эске алуу менен, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн гана эмес, ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн глобалдуу долбоорун түзүү сунушу менен кайрылам», - деп айтуу менен жол кырсыктарынын алдын алуунун, жаракаттарды жана өлүмдөрдү азайтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Саламаттыкты сактоо – бул бир мамлекеттин гана эмес, биздин жалпы мейкиндиктин көйгөйү. 3 миллиарддан ашуун адамды бириктирген ШКУ саламаттыкты сактоо системасын жеткиликтүү, натыйжалуу жана туруктуу кылууга жардам бере турган тажрыйбаларды, илимий жетишкендиктерди жана чечимдерди алмашуу үчүн кубаттуу платформа болуп саналат.

Бирок урматтуу кесиптештер, биздин биргелешкен ишибиздин мааниси медицинанын конкреттүү багыттарына тиешелүү маселелерди талкуулоо менен гана чектелбейт. ШКУ өлкөлөрүндөгү саламаттыкты сактоо комплекстүү чечимдерди жана терең координацияны талап кылган өз ара байланышкан аспектилердин бүтүндөй топтому.

Кыргызстан, ШКУга мүчө башка мамлекеттер сыяктуу эле саламаттыкты сактоонун инфраструктурасын модернизациялоо, медициналык кадрларды даярдоо, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен байланышкан көйгөйлөрдүн алдында турат. Бул контекстте ШКУнун деңгээлинде биз айрым өлкөлөрдүн жана эки тараптуу мамилелердин алкагында гана эмес, саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүн дагы натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү система катары иштей аларыбызды түшүнүү маанилүү.

Биздин саламаттык сактоо системаларынын тышкы коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш жана ушул контекстте мен Кытай тарапка биздин ортобузда шашылыш медициналык жардам же табигый кырсык медицинасы жаатында кызматташуу боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет, анткени COVID-19 пандемиясы өзгөрүүлөргө тез ыңгайлаша ала турган жана натыйжалуу дарылоону гана эмес, оорулардын алдын алууну да камсыз кыла ала турган даяр жана ийкемдүү саламаттыкты сактоо системасынын канчалык маанилүү экенин көрсөттү.

Бул чакырыктар биргелешкен күч-аракеттерди талап кылат жана дал ушул мамлекеттер ортосундагы тажрыйба жана билим алмашуу келечекте мындай коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруунун негизи боло алат. Кытай тараптын бул жаатта кошкон салымын өзгөчө баса белгилөө менен бир нече жылдан бери Кытай тарап биздин адистерди тез жардам медицинасы тармагында окутуу иш-чараларын жигердүү өткөрүп келе жаткандыгын, анда биздин кызматкерлер Кытайдын тез медициналык жардам көрсөтүү системасы менен тааныша алышкандыгын белгилеп кетким келет.

Биздин саламаттык сактоо системаларыбыздын тышкы коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө оюмду улантып, мен бул процесстин негизги фактору инновацияларды жана заманбап технологияларды колдоо экендигине көңүл бургум келет.

Ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү, жаңы фармацевтикалык технологияларды өнүктүрүү жана саламаттык сактоодо жасалма интеллектти колдонуу биздин өлкөлөр үчүн жаңы горизонтторду ачат. Кыргызстан бул багытта жигердүү иш алып барууда, медицина тармагындагы стартаптарды колдоого жана биздин саламаттык сактоо системабызга алдыңкы технологияларды жайылтуу үчүн эл аралык эксперттерди тартууга даяр.

Бул жаатта салттуу медицинаны, кубаттуу профилактикалык каражат болуп саналган дары чөптөргө, органикалык чийки заттарга негизделген фармакологиялык технологияларды жайылтууну да белгилей кетүү керек», - дейт Эркин Чечейбаев.

Министр ошондой эле жаш адистердин жана алардын билиминин маанилүүлүгүн белгиледи. 

"Билим берүүгө жана медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга инвестиция салуу - саламаттыкты сактоонун келечектеги өнүгүүсүнүн пайдубалы. Кыргызстан дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин жаңы муунун даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, анын ичинде ШКУнун башка өлкөлөрү менен билим жана тажрыйба алмашуу программаларын киргизүү аркылуу күч-аракет жумшоодо", - деди ал. 

Эркин Чечейбаев учурда Сиань ооруканасында кыргызстандык дарыгерлер билим алып жатканын, ошондой эле эки өлкөнүн медицина кызматкерлери башка медициналык мекемелерде активдүү тажрыйба алмашып жатканын белгиледи.

«Бул жааттагы биргелешкен күч-аракеттер саламаттыкты сактоо маселелерин натыйжалуу чече ала турган жана Кыргызстанда да, ШКУнун башка өлкөлөрүндө да алдыңкы тажрыйбаны колдоно ала турган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жардам берет деп ишенебиз.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү жолугушуу тажрыйба алмашуу гана эмес, биздин өлкөлөрдөгү саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү экенин баса белгилегим келет. Мен кесиптештеримди бул уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин элдердин ден соолугун чыңдоого жана ШКУ өлкөлөрүндөгү жашоонун сапатын жана узактыгын жакшыртууга негиз боло турган стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга чакырам», - деп белгиледи өз сөзүндө КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.