Copyright: ©

Маймыл чечек илдети боюнча маалымат

16.08.2024 / Просмотров: 4622

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 2024-жылдын 15-августунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африкадагы маймыл чечек илдетинин учурун эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаганын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Африка континентинде январь айынан бери маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүп, 15 өлкөдө катталган. 2024-жылдын башынан бери илдет жуктурган 2 миң 30 учур жана 13 өлүм учуру тастыкталды (2023-жылы 1145 учур жана 7 өлүм катталган).

Катталган учурлардын басымдуу бөлүгү (90%) Конго Демократиялык Республикасына туура келет, анын ичинде өткөн жылдын сентябрында пайда болгон жаңы варианты да бар. Коңшулаш Руанда менен Угандада, ошондой эле Кенияда жаңы вариантты жуктурган учурлар катталган.

Маймыл чечек илдети – маймыл чечек вирусунан келип чыккан вирустук оору, анын белгилери адамдарда мурда кадимки чечек илдети менен ооруган бейтаптардыкына окшош, бирок анча кооптуу эмес.

Адамдар маймыл чечекти жугуштуу адам, булганган объекттер же ылаңдаган жаныбарлар менен физикалык байланыш аркылуу жуктуруп алышы мүмкүн.

Маймыл чечектин мүнөздүү белгилери болуп териде исиркектер же былжыр челдин жаралары саналат, ал эки-төрт жумага созулушу мүмкүн жана ысытма, баш оору, булчуңдардын жана белдин оорушу, алсыздык жана лимфа бездеринин шишип кетиши менен коштолот.

Коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында Департаменттин Саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдар боюнча Операциялык борбору дүйнө жүзүндөгү күнүмдүк окуяларга жаңылыктар сайттары жана социалдык медиа аркылуу мониторинг жүргүзүп турат.

Ошондой эле, Департаменттин Операциялык борборунун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 7 айында Кыргыз Республикасында СOVID-19 инфекциясынын 128 учуру катталып, орточо эсеп менен жумасына 10го чейин учур катталат. Бардык катталган учурлар жеңил түрдө өтүп. Бүгүнкү күндө жумалык мониторингге ылайык, COVID-19 эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту

2024-жылдын 29-октябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа региондук комитетинин 74-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Бейшеналиев 2024-жылдын июнь айында Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында Кыргызстанда өткөн Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча 1-Эл аралык форумдун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул иш-чара ДСУнун Европалык аймактык бюросу менен биргеликте Туруктуу өнүгүү максаттарына  жетүүгө салым кошкон инновациялык стратегияларды бөлүшүү жана мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Министр форумду өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ДСУга ыраазычылык билдирип, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, ошондой эле санариптик саламаттык сактоо куралдарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстандын калктын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган улуттук жана аймактык демилгелерин ишке ашырууда ДСУ мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

29.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда, анда өлкөлөрдүн өкүлдөрү саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын талкуулашууда.

Катышуучулар менен амандашып жатып, министр глобалдык чакырыктар шартында калк саламаттыгын чыңдоого жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган тажрыйба алмашуу жана стратегияларды талкуулоо аянтчасы катары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин сессиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын ДССУ менен кызматташуу жылдарындагы жетишкендиктерин белгилеп, өзгөчө 2024-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында өткөн Борбордук Азиядагы саламаттыкты сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга өзгөчө басым жасады. Форумда саламаттыкты сактоого инвестициянын маанилүүлүгү жана анын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу белгиленди. Министр ошондой эле жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүнүн жана коомдук саламаттык сактоонун туруктуулугун чыңдоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

«Азыр бизге натыйжалуу жана адилеттүү саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн биримдик жана чечкиндүүлүк болуп көрбөгөндөй керек. Биргелешкен күч-аракет менен гана биз ар бир адам үчүн ден соолук жана бакубатчылык жеткиликтүү болгон туруктуу келечекке жетише алабыз”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

29.10.2024
ИНСУЛЬТ: КАН БАСЫМЫН ӨЗ ЧЕГИНДЕ КАРМАҢЫЗ!

29-октябрь Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Неврологдор бул ооруга алып келчү бир нече коркунуч факторлорун аташты. Кыргызстанда негизги фактор болуп, артериалдык кан басымдын жогору болушу саналат. Дээрлик ар бир бешинчи кыргызстандыктын кан басымы өйдө экенин неврологдор баса белгилешет. Андан кийин кант диабети, аритмия оорусу, семирүү, алкоголду ашыкча өлчөмдө ичүү, чылым тартуу жана башка факторлор кирет. 

Мындан улам инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек экенин дарыгерлер эскертишет. Алардын айтымында кан басымын өз чегинде кармоо зарыл. 

 

СОККУ - инсульттун алгачкы белгилерин таануунун жөнөкөй жолу болуп, мээ кан тамырынын иштешинин бузулуусуна тезинен чара көрүүгө мүмкүндүк берет. СОККУ төмөнкүдөй чечмеленет:

  1. Сүйлөө: Адамдан жөнөкөй сөз айкашын сураңыз. Сүйлөө начар же кыйын болсо, инсульттун белгиси болушу мүмкүн.
  2. Ооз: Адамдан жылмайышын сураныңыз. Инсульт болгондо жылмаюу кыйшык болуп, беттин бир жагы төмөн түшүп калышы мүмкүн.
  3. Кыймыл: адамдан эки колун көтөрүүнү сураныңыз. Инсульт учурунда бир кол өзүнөн өзү түшүп же такыр көтөрүлбөй калышы мүмкүн.
  4. Көрүү: Инсультка кабылган адамдын көрүүсү начарлап, бир зат эки болуп көрүнүшү ыктымал.
  5. Убакыт: Эгер сиз бул белгилердин жок дегенде бирин байкасаңыз, дароо тез жардам чакырыңыз. Бейтаптын өмүрүн сактап калууда убакыт маанилүү роль ойнойт.

Инсультка кабылган адамга медициналык жардамды канчалык тез көрсөтүлсө, анын өөмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот, андыктан дароо аракет кылуу маанилүү.