Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна карата мурдагы кызматкер А.А.Жоошев социалдык тармактарга жарыялаган фактыларды текшерүү боюнча КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын ишинин жыйынтыгы
06.06.2023 / Просмотров: 1324
Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 05.06.2023-ж. №688 буйругу менен комиссия түзүлүп, объективдүү кароо максатында ЖХжОТИИнин директорунун орун басары Бекболот У.Н., Урманбетов К.С., аспирант У.Э.Абдикалил отурумга чакырылып, комиссиянын мүчөлөрү иштин жагдайы боюнча маалымат угушту.
ЖХжОТИИнин эки кызматкери катышкан бул окуя 2022-жылы болуп, ал маалда Бекболот У.Н. директордун дарылоо иштери боюнча орун басары кызматына дайындала электиги, директордун орун басары кызматына 2023-жылдын 6-апрелинен баштап дайындалганы аныкталды. Айта кетсек, ошол кезде директор болуп Т.З.Кудайбердиев иштеп, өз убагында эч кандай чара көрбөгөн. Учурда окуянын катышуучуларынын бири-бирине дооматы жок, түшүнүк каттары бар.
Бирок КР Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин кесиптештерине карата этикага жатпаган жүрүм-турумун (зомбулукту) кескин айыптайт. Буга байланыштуу комиссия директордун дарылоо иштери боюнча орун басары Бекболот у.Н. директордун дарылоо иштери боюнча орун басары У.Н Бекболоттун ээлеген кызматына ылайык келүүсү жөнүндө маселени кароо чечимин кабыл алды.
Ошондой эле, фактыларды текшерүү учурунда А.А.Жоошевдин видеокайрылуусунда айтылган кызматтан бошотулган кызматкерлерге (Ашимов Ж.И., Жуманазаров А.Б., Гайбылдаев Ж.Ж., Садабаев Р.А.) тиешелүү документтер суралып, изилденген. Жогоруда аталган кызматкерлердин бардыгы ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулган, бул алардын билдирүүлөрү менен тастыкталат. Кызматтан алынган 7 дарыгер тууралуу видео кайрылууда айтылган маалымат тастыкталган жок. Белгилей кетсек, министрлик саламаттыкты сактоо уюмдарынын ички дайындоолоруна кийлигишпейт.
Кыргыз Республикасындагы кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобого ылайык, кесиптик кайра даярдоо боюнча кошумча билим берүү программалары адиске алган кесиптик билиминин чегинде жаңы кесиптик ишмердүүлүктү аркалоо үчүн зарыл болгон билимди, көндүмдөрдү камсыз кылган окуу программаларынын 500 сааттан ашык көлөмүндө ишке ашырылат. Бирок, Т.З.Кудайбердиев директор болуп турган убакта А.А.Жоошев рентген эндоваскулярдык хирургия боюнча баштапкы адистиги жок туруп, интервенциялык кардиология боюнча 240 сааттык квалификациясын жогорулатуу сертификаты менен 2022-жылдын 10-майында аталган институттун аритмолог-рентгенхирургу болуп дайындалган, бул жогоруда көрсөтүлгөн Жобого туура келбейт. Кызматка дайындалгандан кийин ал тараптан министрликке интервенциялык кардиология боюнча Казакстан Республикасында берилген сертификатты тастыктоо жана чет өлкөлүк окуу жайлардан берилген билими тууралуу документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктаган маалымкат алуу боюнча кайрылуулар болгон эмес. Бул окуя боюнча материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Ошондой эле, институттун директору С.Э.Шабыралиевдин катында көрсөтүлгөндөй, 2023-жылдын 25-майында А.А. Жоошев реанимация бөлүмүндөгү нөөмөт убагында саат 01:00 - 05:00ке чейин жумуш ордунда болгон эмес, мунун кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптар жабыр тартып калышы мүмкүн эле.
ЖХжОТИИнин кызматкерлери жана институттун директору С.Э.Шабыралиевдин маалымат катына ылайык, А.А.Жоошев мурдагы директор Т.З.Кудайбердиевдин «өкүл баласы» болот.
Окуя болгондон кийин эртеси А.А.Жоошев өз каалосу менен бошотуу тууралуу арыз жазган. ЖХжОТИИнин 2023-жылдын 26-майындагы № 62-К буйругуна ылайык бошотулган.
ЖХжОТИИнин башкы дарыгерин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри тарабынан дайындалышы тууралу комиссия төмөнкүлөрдү билдирет: Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун Уставынын 22-пунктуна ылайык ЖХжОТИИнин директору болуп 70 жаштан улуу эмес, тиешелүү профилдеги докторлук даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору илимий даражасы бар адис жок болгон учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет. Илимдин доктору даражасы бар адис гана директор болушу керек деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Ошондой эле ушул эле Уставдын 26-пунктуна ылайык, ЖХжОТИИнин директорунун орун басарлары (видео кайрылууда бул кызмат башкы дарыгер деп аталат) директор тарабынан дайындалат жана кызматтык нускамаларга ылайык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри тарабынан институттун директорунун орун басары (башкы дарыгер) дайындалгандыгы, ошондой эле ал министрдин “өкүл баласы” деген маалымат чындыкка дал келбейт. "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык, белгиленген тартипте гезиттердин, журналдардын, телекөрсөтүүнүн, радионун жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынан түз телефон байланышы аркылуу келип түшкөн жарандардын кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө каралат. Ошентип, А.А.Жоошев өзүнүн видеокайрылуусунда "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктун бузган, анда башка адамдардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жана ишмердүүлүк беделине шек келтирген каралоочу материалдарды, билдирүүлөрдү камтыган кайрылууну жарандын берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. А.А.Жоошев тарабынан социалдык тармактарга жарыяланган жагдайларды кароонун жыйынтыгы менен комиссия укуктук баа берүү үчүн материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтөт.
Институттун мурдагы директору Т.З.Кудайбердиевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча ал 2023-жылдын 16-февралында өз каалоосу менен кызматтан бошотуу жөнүндө арыз жазгандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-ж. 1-мартындагы №106 буйругу менен бошотулган. Ошол учурда КР Башкы прокуратурасы тарабынан Т.З.Кудайбердиевге карата каржылык мыйзам бузуулар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
16.06.2025
Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у медициналык маалымкатты онлайн алуу кызматы ишке кирди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы электрондук мамлекеттик кызматтын ишке киргизилгенин жарыялайт — айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у формасындагы медициналык маалымкатты онлайн форматта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Эми Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат, аны менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга жөнөтүлүп, бул ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту камсыз кылат жана жасалмалуулуктан коргойт.
Онлайн кызмат «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.
Жаңы кызматтын артыкчылыктары:
- Маалымкат алууну жөнөкөйлөтүү — бардык этаптар санарип медициналык карта алкагында жүргүзүлөт.
- Кагаз документтердин жүгүртүүсүн азайтуу жана маалыматтарды берүүдө адам факторун жокко чыгаруу.
- Ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу.
Бул кызматты киргизүү саламаттык сактоо тармагындагы бирдиктүү санарип мейкиндикти өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашты. Медициналык адистердин кароосунан өткөндүгү боюнча маалыматтар корголгон маалыматтык система аркылуу катталып, иштетилет.
«Бул — Санарип MED максаттуу моделин ырааттуу ишке ашыруунун кезектеги кадамы. Ал жарандар менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Натыйжада мамлекеттик кызматтар жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк, натыйжалуураак жана коопсузураак болууда», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Н.Аднаева.
Онлайн маалымдаманы ишке киргизүү демилгеси мамлекеттик башкарууда санариптик инновациялар менен чечкиндүү чечимдерди киргизүүгө багытталган Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке ашты.
12.06.2025
Жогорку Кеңеште тамекиге салыктарды өзгөртүү маселеси талкууланды
Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо тармагындагы салык системасын өркүндөтүү маселеси боюнча талкуу болуп өттү.
2025-жылдын 11-июнунда өткөн жыйынга Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Толонов, депутаттар Айсаракан Абдибаева жана Таалайбек Масабиров, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, ошондой эле ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясынын Секретариатынын Билим борборунун өкүлдөрү катышты.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин маалыматына караганда, Рамкалык конвенциянын Секретариатынын Билим борборунун эксперттери тамеки тартуудан келип чыккан зыянды азайтуу үчүн фискалдык чараларды иштеп чыгышкан. Тамекиге болгон акциздик салыкты жыл сайын 25%га акырындык менен жогорулатуу сунушталды. Учурда акциздик салык тамекинин наркынын 32% түзөт, ал эми ДСУ 70% кем эмес деп сунуш кылат. «Тамекилердин арзан баалары жана жеткиликтүүлүгү алардын балдар жана өспүрүмдөр арасында жайылышына шарт түзөт», - деп баса белгиледи министр. Тамекинин арзан жана жеткиликтүү болушу балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында анын жайылышына шарт түзүп жатат, - деп белгиледи министр Чечейбаев.
ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенция Билим борборунун директорунун орун басары Эстель Доши модельдик эсептөөлөрдү сунуштап, ага ылайык акциздик салыктардын жогорулатышы 2027-жылга чейин Кыргызстанда 40 миң адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берерин айтты.
Бюджеттик комитеттин төрагасы Данияр Толонов Кыргызстанда калктын 27 пайызы тамеки тартарын, бирок керектөөнүн төмөндөө ылдамдыгы Борбор Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгиледи.
Тамекилердин баасы бүгүнкү күндө дагы элге өтө жеткиликтүү бойдон калууда, ошол себептен салыктык саясатты тез арада реформалоо керек, -деп билдирди ал.
Ошондой эле Данияр Толонов бардык түрдөгү тамеки буюмдарына, анын ичинде ысытылган (нагреваемый) тамекилерге дагы бирдей акциздик салык киргизүүнү сунуштады.
Бул жерде саясий эрк керек, анткени тамеки менен спирттин артында ири компаниялар турат. Бирок бул маселеде саясий эрк бар, президент жана анын командасы спортчулар болгондуктан сергек жашоо образын карманышат», - деди ал.
Депутаттар элдин саламаттыгын сактоо боюнча чараларды колдоого жана улуттун кызыкчылыгы үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар сунушталган материалдарды жана эсептөөлөрдү ийне-жибине чейин изилдеп, андан соң Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү караштырууну пландаштырууда.
12.06.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы эндоскоптун жардамы менен 8 жаштагы баланын ашказанынан тыйын чыгарылды
Бишкек, 2025-жылдын 12-июнь — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 2017-жылы төрөлгөн баланын ашказанынан бөтөн затты — 10 сомдук тыйынды эндоскопиялык жол менен алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзүштү.
Процедура борборго жакында тапшырылган заманбап SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жасалган. Жаңы аппарат мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кичинекей бейтаптарга тез жана пландык жардам көрсөтүүдө жаңы деңгээлге чыгууга өбөлгө түзөт.
Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаковдун айтымында, ичеги-карын жана дем алуу жолдорунда бөтөн заттын болушу менен кайрылган учурлар аз эмес.
"Бизге жумасына 3-4 бала ушундай учурлар кайрылып турат. Жаңы эндоскоп сыяктуу жогорку тактыктагы жабдыктар жаш бейтаптарга өз убагында жана аз инвазивдүү жардам көрсөтүү үчүн өтө маанилүү", - деп белгиледи адис.
Жогорку технологиялуу эндоскопту өз убагында колдонуу бөтөн затты операциялык жол менен кеспей туруп эле чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Бул бейтап үчүн тобокелдиктерди азайтып, калыбына келүү процессин тездетүүгө шарт түздү. Бала канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.
Жабдуулардын алынышы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.
Медициналык мекеменин жетекчилиги жаңы медициналык технологиялар менен жабдуу балдардын өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойноорун жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым экенин баса белгиледи.