Copyright: Пресс-служба МЗ КР©

КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык кеңешинин XXXVI отурумунун жыйынтыгын укту

16.11.2023 / Просмотров: 3853

16-ноябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2023-ж. КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын ишинин негизги жыйынтыктары жөнүндө баяндама жасады.

Иш-чара Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясынын тең төрагалыгы астында, Кеңештин мүчөлөрүнүн жана КМШ Аткаруу комитетинин активдүү колдоосу менен жүргүзүлдү. 2023-жылы Кеңештин алкагында жүздөн ашык иш-чара өтүп, эки жүз отузга жакын маселе каралган.

Министр өз сөзүндө Кеңештин жыйынтыктоочу жыйынында саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрдык камсыздоого, клиникалык сунуштарды иштеп чыгууга, бейтаптарды дары-дармек менен камсыздоого, кант диабети боюнча диагностикалык жана мониторингдик инструменттер менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулганын баса белгиледи, кургак учук жана онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү, ошондой эле электрондук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү перспективалары каралды, Шериктештиктин өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык абал талдоого алынды, трансфузиология жана аймактарды санитардык коргоо жаатында бир катар документтер кабыл алынды, базалык уюмдардын ишинин натыйжалары, Советтин комиссияларынын жана жумушчу топторунун жыйынтыктары чыгарылды.

«Натыйжада быйылкы жылдын күн тартибине коюлган 17 маселе боюнча эксперттик кеңештер өткөрүлүп, алар боюнча чечимдер акыркы резолюцияга киргизилди. Бул резолюцияда биз саламаттыкты сактоо тармагындагы эң актуалдуу маселелерди чагылдырдык. Мисалы, кадр маселеси Кыргызстанда эле эмес, КМШнын бардык өлкөлөрүндө бар. Буга байланыштуу Россия Федерациясынын, Беларусиянын, Казакстандын жана башкалардын саламаттык сактоо уюмдарында тажрыйба алмашуу, адистештирүү боюнча мамлекеттер ортосунда келишимге кол коюлду. Ошондой эле дары-дармек менен камсыздоого чоң көңүл бурулду. КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кеңешинин XXXVI отурумунун алкагында кабыл алынган бардык макулдашуулар жана чечимдер жакынкы аралыкта оң натыйжаларды берет деп ишенебиз», - деп жыйынтыктады сөзүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

22.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер тобу Түркияда жилик чучугун трансплантациялоо технологиясын өздөштүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын «Инөнү» университетинин ортосундагы кызматташуу боюнча кол коюлган келишимдин алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер, лаборанттар жана медайымдар кирген 8 адамдан турган дарыгерлер тобу Түркиянын Малатья шаарына келишти.

«Инөнү» университетинин клиникасында дарыгерлер тобу окутулуп, жилик чучугун алмаштыруунун технологиясын өздөштүрүшөт. Бул университеттик клиника чоңдор жана балдар үчүн органдарды, анын ичинде жилик чучугун трансплантациялоо операцияларын жасайт.

«Түрк клиникасынын жетекчилиги бизди абдан жылуу тосуп алды. Малатьядагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык командасы кийин мекенибизде колдонуу үчүн жетишерлик билим алып келишет деп үмүттөнөбүз. Президентибиздин көрсөтмөсү менен бул долбоорду баштап, бизди ушундай керектүү окууга жиберген министрибиз Алымкадыр Бейшеналиевге онкологмдарыгерлер терең ыраазычылыктарын билдиришет”, - деп бөлүштү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш эң мыкты мекеменин бири болуп саналган Түркиянын «Инөнү» университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен «Инөнү» университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

21.02.2024
КР Саламаттыкты сактоо министри менен Жогорку Кеңештин депутаты Кыз-келиндер күрөшү залында болуп, Олимпиадага чейин спортчуларга дары-дармек сатып алуу көйгөйлөрүн талкуулашты

2024-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабировдун коштоосунда Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, спорт жана Жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бөлүмчөсү болгон Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын чакыруусун кабыл алып, Кыз-келиндер күрөшү залына барды.

Иш сапардын алкагында коноктор Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын алдыдагы мелдештерге даярдыгы менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Парижде боло турган жайкы Олимпиада оюндарына байланыштуу команданын алдында турган актуалдуу көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармектерди сатып алуу боюнча тендер арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Бул квалификациялык курамды даярдоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат жана биздин спортчулардын олимпиадалык аренадагы ийгилигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтылган кооптонууларга жооп кылып, витаминдерди жана дары-дармектерди сатып алууну каржылоо КР Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жүрбөй турганын баса белгиледи. Ал «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди тендердик жол-жоболорду өткөрбөстөн түз жеткирүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругун даярдоону сунуштады. Анын үстүнө керектүү дары-дармектердин 80%га жакыны “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынан жеткиликтүү. Министр сатып алууларды жөнөкөйлөтүү демилгеси депутаттар тарабынан колдоого алынып, жакынкы аралыкта ишке ашат деген ишенимин билдирди.

19.02.2024
ОРВИ жана сасык тумоо боюнча маалымат

Оперативдүү маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 7-аптасына карата (12.02.18.24) республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын 6746 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу -6,5%га азайган.

Бардык оорулардын 67,5%ы 14 жашка чейинки балдар.

2023-жылдын 48-жумасынан баштап 2024-жылдын 4-жумасына чейин сасык тумоо мезгили байкалып, ал лабораториялык тастыкталган жана аны A/H3N2 тумоосунан шарттаган, эң жогорку деңгээли 52-жумада катталган.

Бул учурда курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, анда риновирус, РС вирусу жана I-IV парагрипп басымдуулук кылат.

Башка аймактарга салыштырмалуу Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында оору көп катталып, интенсивдүү көрсөткүчтөрү жогору.

Республикада COVID-19 инфекциясынын жайылышы боюнча жумалык мониторинг уланууда. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, жумасына 2ден 6га чейин учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. 2024-жылдын 7-жумасында Ош (1) жана Чүй (2) облустарында 3 учур катталды.

Республика боюнча сасык тумоо, ОРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.