Copyright: ©
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө
17.01.2025 / Просмотров: 12914
2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.
Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
12.02.2025
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан эвакуацияланган бейтаптардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат
Окуя болгон учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жалпы 104 адам, анын ичинде 50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды: 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду, анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө которулду. Академик М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап, анын ичинде 8 чоң адам жана 7 бала. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Тилекке каршы, дарыгерлердин аракетине карабай, операциядан кийинки эки бала (1 жаш 7 ай жана 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө каза болду.
2025-жылдын 12-февралынын таңына карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Учурда көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө 11 бейтап, анын ичинен 4 бала жатат. Төрт баланын экөөнүн абалы өтө оор.
Улуттук госпиталда 2 бейтап жатат, бейтаптардын абалы орто, дарылоо улантылууда.
Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, истүү газга ууланып ооруканага жаткырылды. Алардын арасында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун 7 медициналык кызматкери жана 2 багуучу бар. Төрт медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Үчөөнүн абалы орточо жана туруктуу. Алар тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө.
Окуянын кесепеттерин жоюуга Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык кызматтары, мэрия, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлиги тартылып, Бишкек шаарындагы медициналык мекемелер күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Алты психолог бейтаптар жана алардын жакындары менен иш алып барып, жардам көрсөтүштү.
10.02.2025
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 6-жумасында (25.03.25 - 25.09.) 10407 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 30 учуру катталып(и.к. 146,6), өткөн жумага салыштырмалуу (05-жума и.к. 155,5) -0,9% га төмөндөдү. Катталгандардын 3,9% (407 учур) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалган, алардын ичинен респиратордук синцитиалдык вирус – 28,9%, риновирус – 26,3%, аденовирус – 12,9%, I-IV парагрипп – 11,9%, башка вирустук инфекциялар 11,9%ды түзөт.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосу жана В гриппинин айрым учурлары - 29,6% жана COVID-19 - 6,2% шарттаган сасык тумоо мезгили байкалууда.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.
07.02.2025
ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 507 даана компьютер тапшырды
Бүгүн, 2025-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке «iEMDOO» маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Демилге Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга карата өлкө программасы да талкууланды. Самман Тапа Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНИСЕФтин жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары жана иш планы менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун Кыргызстандагы балдардын ден соолугун, өнүгүүсүн жана бакубаттуулугун жакшыртууга умтулуусун баса белгиледи. Бул аракеттер бардык жарандардын өмүр бою негизги медициналык кызматтардын толук спектрин камтыган, финансылык кыйынчылыктарсыз сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүсүн камсыз кылууга багытталган.
«I-EMDOO» системасы Кыргызстандагы медициналык кызматтарды санариптештирүүдөгү олуттуу прогрессти билдирет. Эмдөөлөрдү каттоону толугу менен санариптештирүү менен система медициналык кызматкерлердин административдик жүгүн азайтат, бул аларга бейтаптарды тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга жана коомдук саламаттыкты сактоонун алдын алуу чараларынын алкагында камтылбай калган балдарды жана калкты оңой көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Учурдагы саламаттык сактоо маалымат базалары жана платформалары менен интеграциялоо коомдук саламаттыкты сактоону эффективдүү башкаруу үчүн маанилүү болгон ар тараптуу жана так маалыматтарды чогултууну камсыздайт», - деди Самман Тапа.
«ЮНИСЕФтин Өкүлү Самман Тапа мырза менен жолугуп жатканыбызга кубанычтабыз жана Кыргызстанга, өзгөчө эне жана баланын саламаттыгы тармагында көрсөтүлүп келе жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин кызматташтыгыбыз уланып, чыңдалып жатканы маанилүү. Өткөн жылы эле биз өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө олуттуу ролду ойногон 3 миллион долларга жакын жардам алдык. ЮНИСЕФтин COVID-19 пандемиясынын учурунда маанилүү болгон иммунизация системасын санариптештирүүгө кошкон салымы өзгөчө баалуу. Биз мындан ары жемиштүү өнөктөштүктү, анын ичинде техникалык колдоо жана эксперттик жардам маселелерин чыдамсыздык менен күтөбүз. Учурда биз саламаттыкты сактоо тутумундагы кырдаалга комплекстүү баа берүүнү жүргүзүп жатабыз жана бирдиктүү эксперттик топ түзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин, ДССУнун жана башка уюмдардын аракеттерин бириктиришибиз керек. Бул бизге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет»,-деди КРнын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
2025-жылы эмдөө процессин кагазсыз эсепке алууга толук өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу пландалып жатканын белгилейбиз. Бул үчүн бардык журналдарды жана эсепке алуу формаларын санариптештирүү, ошондой эле республика боюнча 1750гө жакын эмдөө пункттарында «iEMDOO» маалымат системасын киргизүү талап кылынат.
Маалымат үчүн:
Компьютерлер ЮНИСЕФтин аракеттеринин алкагында ГАВИ (Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс) жана Канада Өкмөтүнүн колдоосу менен тапшырылды. Бул салым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. ЮНИСЕФ ГАВИ менен биргеликте жакында төрөт үйлөрүндөгү дагы бир маалыматтык система үчүн 117 компьютер, 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттары жана Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташуу үчүн 26 жол тандабас алып берген.