Copyright: ©
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Республикалык инфекциялык оорукананын жаңы балдар имаратынын ачылышына катышты
15.10.2025 / Просмотров: 6065
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаада Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземине катышты.
МинКаб Төрагасы өз сөзүндө өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууда инфекциялык кызматтардын өзгөчө ролун белгиледи.
“Инфекциялык оорукана эпидемиологиялык коопсуздуктун негизги коргогучтарынын бири жана оорулардын жайылышын алдын алуудагы негизги линия болуп саналат. Бул жерде бейтаптар тез арада изоляцияланып, инфекциянын негизги булактары аныкталып, алардын жайылышына бөгөт коюлат. Бул мекеменин маанилүүлүгүн COVID-19 пандемиясы учурунда, оорукана эң оор оорулууларды кабыл алып, бүткүл системанын ишин координациялаганда баарыбыз көрдүк", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ал медицина кызматкерлерине ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
"Сиздер күн сайын өз ден соолугуңарды тобокелге салып, оор жана жооптуу иштерди аткарып жатасыздар. Сиздердин аркаңыздар менен өлкө боюнча жарандардын коопсуздугу жана саламаттыгы камсыз кылынууда", - деди МинКаб Төрагасы.
Үч кабаттуу жаңы имарат жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоого ылайыкталган жана заманбап медициналык талаптарга жооп берет. Ооруканада изоляцияланган жана жарым изоляцияланган бөлмөлөр, желдетүү жана абаны чыпкалоо системалары, бейтаптарга жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Оорукананын айланасы көрктөндүрүлүп, диагностикалык жана дарылоонун заманбап технологиялары ишке киргизилген.
"Эми биздин жаш дарыланып жаткандар эл аралык талаптарга жооп берген ыңгайлуу жана коопсуз шарттарда медициналык жардам ала алышат. Бул иш-чара өлкөнүн бардык саламаттыкты сактоо системасы үчүн өзгөчө мааниге ээ", - деп белгиледи ал.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан оорукананын жамаатын жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, долбоорду ишке ашырууга салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирди.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын белгиледи.
"Өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат, анын 32си медициналык мекемелер. Акыркы эки жылда саламаттыкты сактоонун бюджети 22ден 49 миллиард сомго чейин өстү. Гемодиализге эле 2025-жылы 2,5 миллиард сом бөлүндү, ал 2022-жылы 300 миллион сом болгон. 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 миллиард сомго жеткирүү пландалууда", - деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
МинКаб Төрагасы саламаттыкты сактоо тармагындагы системалуу иш жарандардын ден соолугун чыңдоого, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу келечегин камсыздоого багытталганын белгиледи.
"Өлкөдө канчалык ден соолугу бекем адамдар көп болсо, экономика ошончолук күчтүү болуп, өнүгүүгө потенциалы чоң. Балдарыбыз дени сак болуп чоңоюп, Кыргызстандын ар бир жараны тынчтыкта, ынтымакта, бакубатчылыкта жашасын", - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
07.11.2025
Кыргыз дарыгерлери Кытайда эндоскопиялык хирургиянын заманбап ыкмалары боюнча окуудан өтүшүүдө
Саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлери Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарындагы Санья клиникасында «Эндоскопиялык хирургия» тема боюнча эки жумалык окуудан өтүп жатышат.
Делегациянын курамында төрт дарыгер жана Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүнүн башчысы бар. Ал кыргыз тараптын аталган программага катышуусун координациялоодо.
Окуу эл аралык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулуп, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга, заманбап минималдык инвазивдүү технологияларды өздөштүрүүгө жана медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Программа лекциялардан, мастер-класстардан жана Санья клиникасынын алдыңкы адистеринин жетекчилиги астында өтүүчү хирургиялык операцияларга катышуудан турат. Дарыгерлер эндоскопиялык операциялардын эң жаңы ыкмаларын, ошондой эле операциядан кийинки бейтаптарды кароо жана жогорку технологиялык хирургиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруу маселелерин өздөштүрүүдө.
«Кыргызстан медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Мындай эл аралык стажировкалар биздин дарыгерлерге дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны үйрөнүүгө жана заманбап технологияларды улуттук практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов.
Тажрыйба алмашуу медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн хирургиялык кызматын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
06.11.2025
Кыргызстандын балдар онкологдору — дүйнөлүк илимий аренада!
Кыргызстандын балдар онколог дарыгерлер тобунун постердик баяндамасы 2025-жылдын октябрь айында Нидерланд Королдугунун Амстердам шаарында өткөн Эл аралык балдар онкологиясы коомунун (SIOP – International Society of Paediatric Oncology) конгрессинде жарыяланды.
Баяндаманын темасы:
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Эл аралык рак изилдөө агенттигинин (МАИР) биргелешкен «DEDICA» долбоорунун маалыматынын негизинде «Кыргыз Республикасында балдар рагынын кеч диагноз коюлушунун жана дарылоонун кеч башталышынын детерминанттары».
Авторлор:
Камбарова Ж.А., Стамбеков С.А., Идрисова Р., Айдарбекова А.А., Алтымышева А.Т.
SIOP конгресси — дүйнөдөгү балдар онкологиясы боюнча эң ири илимий коом, ал дүйнөнүн бардык бурчундагы дарыгерлерди, изилдөөчүлөрдү жана окумуштууларды бириктирет.
Кыргыз командасынын ишинин эл аралык деңгээлде жарыяланышы — өлкө медицинасы үчүн маанилүү окуя. Бул биздин адистердин жогорку кесипкөйлүгүн жана Кыргызстандын дүйнөлүк балдар онкологиясынын өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырат.
Изилдөө кеч диагноз коюу көйгөйүнө көңүл буруп, онкологиялык оорулары бар балдардын дарылоосуна жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
06.11.2025
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —УКМК төрагасы генерал-полковник К. Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрадан барды
Бүгүн, 2025-жылдын 5-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.
Иш сапарынын жүрүшүндө К.Ташиев борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берди.
Аталган жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.
Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда К.Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдууларды сатып алууну убада кылды.
Ошол эле учурда, борбордун дарыгерлери К.Ташиевге ыраазычылык билдиришип, борбор үчүн 180 орундуу (4400 чарчы метр) унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле дарыгерлер үчүн бир кызматтык унаа берүүнү суранышты.
Өз кезегинде К.Ташиев борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайды тез арада куруп берүүнү жана бир унаа берүүнүн ордуна, борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилээрин убада кылды.
Мындан тышкары, К.Ташиев өлкөдө саламаттыкты сактоо системалуу түрдө өнүгүп жатканын баса белгиледи: ар кайсы аймактарда жаңы ооруканалар курулуп, медициналык мекемелер модернизацияланып, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылып жатканы айтылды.
К.Ташиев ошондой эле келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бир топ жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Улуттук борбордун кызматкерлери саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана көңүл буруусу үчүн өлкө жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.