Copyright: ©
Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялоо башталды
02.08.2024 / Просмотров: 7802
Бүгүн, 2024-жылдын 2-августунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош областынан келген Ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы Б.М.Ж. аттуу бейтапкасөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы башталып жаткан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин сөөк чучугун алмаштырууга даярдалат.
Сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат. Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берет.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев: “Бүгүн Кыргызстанда балдар онкологиясын өнүктүрүүнүн маанилүү учуру болуп саналат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоонун башталышы рак илдети менен ооруган балдарды дарылоо үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз бул алдыңкы технологияларды ишке киргизүү кичинекей бейтаптарыбыздын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат жана жашоо сапатын жакшыртат деп ишенебиз», - деп билдирди.
Ошондой эле ал дарыгерлер менен лаборанттар Түркияда окутуудан өтүп келгенин кошумчалады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда шишиктин антигендик түзүлүшүн жана лейкоз клеткаларынын түрүн аныктоочу уникалдуу агымдык цитометриялык аппарат иштейт, ал ооруну дарылоонун натыйжалуулугун болжолдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, мекеме өзөктүү клеткаларды чогултуу үчүн афферездик аппарат менен жабдылган жана «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан бардык керектүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздалган. Жакынкы келечекте жилик чучугун аллогендик алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда балдардын онкологиялык ооруларын аныктоо жана дарылоону каржылоо жыл сайын жакшырып баратат, бул дарылоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө жана онкологиялык оорулар менен күрөшүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Маалымат үчүн:
Баланын органдарынын жана организминин системаларынын залалдуу оорулары олуттуу көйгөй болуп саналат. Бирок, өз убагында медициналык жардам көрсөтүү менен, мындай ооруларды ийгиликтүү дарылоого болот. Эң негизгиси, аларды мүмкүн болушунча эрте аныктоо зарыл. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын 19 жашка чейинки 400 миңдей балдар жана өспүрүмдөр рак оорусуна чалдыгат. Дүйнөдө балдардын рак оорусуна чалдыгуу ар бир 100 миң балага 12ден 18ге чейин жетет. Кыргызстанда алардын жыштыгы 100 миң балага 10ду түзөт.
Кыргызстанда онкологиялык оорулардын структурасында 40% лейкоз, 12% лимфома жана калганы катуу шишик болуп саналат. Жыл сайын оорунун 180ге жакын жаңы учуру аныкталат. Балдардын оорусунун өсүшүнүн эки чокусу бар - биринчиси - 2-5 жашта жана экинчиси - 12-16 жашта.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
30.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту
2024-жылдын 29-октябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа региондук комитетинин 74-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Бейшеналиев 2024-жылдын июнь айында Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында Кыргызстанда өткөн Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча 1-Эл аралык форумдун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул иш-чара ДСУнун Европалык аймактык бюросу менен биргеликте Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошкон инновациялык стратегияларды бөлүшүү жана мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Министр форумду өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ДСУга ыраазычылык билдирип, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, ошондой эле санариптик саламаттык сактоо куралдарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстандын калктын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган улуттук жана аймактык демилгелерин ишке ашырууда ДСУ мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
29.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда, анда өлкөлөрдүн өкүлдөрү саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын талкуулашууда.
Катышуучулар менен амандашып жатып, министр глобалдык чакырыктар шартында калк саламаттыгын чыңдоого жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган тажрыйба алмашуу жана стратегияларды талкуулоо аянтчасы катары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин сессиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Министр өз сөзүндө Кыргызстандын ДССУ менен кызматташуу жылдарындагы жетишкендиктерин белгилеп, өзгөчө 2024-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында өткөн Борбордук Азиядагы саламаттыкты сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга өзгөчө басым жасады. Форумда саламаттыкты сактоого инвестициянын маанилүүлүгү жана анын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу белгиленди. Министр ошондой эле жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүнүн жана коомдук саламаттык сактоонун туруктуулугун чыңдоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
«Азыр бизге натыйжалуу жана адилеттүү саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн биримдик жана чечкиндүүлүк болуп көрбөгөндөй керек. Биргелешкен күч-аракет менен гана биз ар бир адам үчүн ден соолук жана бакубатчылык жеткиликтүү болгон туруктуу келечекке жетише алабыз”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
29.10.2024
ИНСУЛЬТ: КАН БАСЫМЫН ӨЗ ЧЕГИНДЕ КАРМАҢЫЗ!
29-октябрь Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Неврологдор бул ооруга алып келчү бир нече коркунуч факторлорун аташты. Кыргызстанда негизги фактор болуп, артериалдык кан басымдын жогору болушу саналат. Дээрлик ар бир бешинчи кыргызстандыктын кан басымы өйдө экенин неврологдор баса белгилешет. Андан кийин кант диабети, аритмия оорусу, семирүү, алкоголду ашыкча өлчөмдө ичүү, чылым тартуу жана башка факторлор кирет.
Мындан улам инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек экенин дарыгерлер эскертишет. Алардын айтымында кан басымын өз чегинде кармоо зарыл.
СОККУ - инсульттун алгачкы белгилерин таануунун жөнөкөй жолу болуп, мээ кан тамырынын иштешинин бузулуусуна тезинен чара көрүүгө мүмкүндүк берет. СОККУ төмөнкүдөй чечмеленет:
- Сүйлөө: Адамдан жөнөкөй сөз айкашын сураңыз. Сүйлөө начар же кыйын болсо, инсульттун белгиси болушу мүмкүн.
- Ооз: Адамдан жылмайышын сураныңыз. Инсульт болгондо жылмаюу кыйшык болуп, беттин бир жагы төмөн түшүп калышы мүмкүн.
- Кыймыл: адамдан эки колун көтөрүүнү сураныңыз. Инсульт учурунда бир кол өзүнөн өзү түшүп же такыр көтөрүлбөй калышы мүмкүн.
- Көрүү: Инсультка кабылган адамдын көрүүсү начарлап, бир зат эки болуп көрүнүшү ыктымал.
- Убакыт: Эгер сиз бул белгилердин жок дегенде бирин байкасаңыз, дароо тез жардам чакырыңыз. Бейтаптын өмүрүн сактап калууда убакыт маанилүү роль ойнойт.
Инсультка кабылган адамга медициналык жардамды канчалык тез көрсөтүлсө, анын өөмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот, андыктан дароо аракет кылуу маанилүү.