Copyright: МЗ КР©
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырованын Медицина кызматкерлерин күнүнө карата куттуктоосу
02.07.2023 / Просмотров: 1880
Урматтуу кесиптештер!
Кадырлуу медицина кызматкерлери!
Улуттун саламаттыгы - өлкөнүн келечектүүлүгүн аныктайт. Демек, ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн саламаттыгынын чың болушу - сөзсүз түрдө өлкөнүн өнүгүүгө карай жол алышына шарт түзөт.
Өмүр сакчыларына жардамга келүүгө ар дайым даяр болуп, кесиптик милдеттерин жан үрөп аткарууга байланышкан татаал миссия жүктөлгөн. Бул миссия эбегейсиз чоң күчтү, энергияны, сезимталдыкты талап кылат.
Дарыгерлер мындай өтө зор жоопкерчиликти бийик коюп, чебер колдору, камкор, мээримдүү мамилеси аркылуу жакшылыктын булагы болуп, кээде чыныгы кереметтерди жаратышат.
Канчалаган адамдарга шоола чачкан алардын эмгеги эсепсиз жана эбегейсиз.
Адам өмүрүнөн жана ден соолугунан кымбат эч нерсе жок. Бул баалуулуктардын сакчылыгында турган жалгыз гана кесип ээлери - ал урматтуу дарыгерлер! Өз өмүрүн медицинага арнагандардын баардыгына таазим этип, ыраазычылыгымды билдирем жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бардыгына эмгегиндеги жаратмандыкты, жетишкендиктерди жана үй-бүлөдөгү таалайлуу, байсалдуу өмүрдү каалайм. Ар дайым эл кызматында эсен-соо болунуздар!
Майрамыңыздар куттуу болсун!
Урматоо менен,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
Гулнара Баатырова
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
09.12.2025
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда (ЖХжОТИИИ) эң татаал жана сейрек жасалуучу операциялардын бири – төмөндө жайгашкан көкүрөк аортасына жана инфрареналдык бөлүгүнө шунт коюу, ошондой эле кыска кан тамырды, жогорку ич көңдөйүнүн жана сол бөйрөк артерияларын протездөө ийгиликтүү аткарылып, оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү сактап калынды.
Өспүрүмдө фибромускулярдык дисплазия диагнозу коюлуп, ич көңдөйүндөгү аорта жана анын эң маанилүү бутактары — кыска кан тамыр, жогорку ич көңдөйүнүн жана бөйрөк артериялары жабыркаган. Бул оору олуттуу артериалдык гипертензияга жана гипертрофиялык кардиомиопатияга алып келген. 2022-жылдан тарта жүргүзүлгөн консервативдик дарылоого карабастан, 2025-жылдын октябрында баланын абалы кескин оорлоп, дары-дармек терапиясы натыйжа бербей калды. Ата-энеси аталган институтка кайрылгандан кийин, бейтап дароо хирургиялык бөлүмгө жаткырылып, кеңири текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында шашылыш операция талап кылынары аныкталды.
2025-жылдын 29-октябрында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун хирургдар командасы ич көңдөйүндөгү аорта жана анын бутактарын протездөө боюнча татаал жогорку технологиялуу операция жасады. Техникалык жактан абдан татаал жана узакка созулган бул операция ийгиликтүү өттү. Бейтап эки күн жандандыруу бөлүмүндө болуп, андан кийин жалпы бөлмөгө которулду. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда жана жакын арада үйүнө чыгарууга даярдалууда.
Адистер белгилегендей, мындай операциялар Кыргыз Республикасында жалгыз Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда гана жасалат. Институт өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр хирургиясынын алдыңкы мекемеси болуп саналат жана заманбап жабдуулар, анын ичинде ЭКМО жана аорталдык контрпульсация аппараттары менен камсыздалган. Бул чоңдорго, балдарга жана ымыркайларга татаал операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары балдар кардиохирургу жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун дарылоо иштери боюнча башкы дарыгери Бекболот уулу Нурболот жасалган операциянын маанилүүлүгүн жана институттун жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы ордун баса белгиледи:
«Операция техникалык жактан өтө татаал болду. Анын ийгиликтүү аткарылышы командалык иштин жана институттун материалдык-техникалык базасынын жогорку деңгээлинин аркасында мүмкүн болду. Мындай операциялар республикада жалгыз гана биздин институтта жасаларын баса белгилейбиз. Биздин жамаат балдарга өзгөчө көңүл бурат: 6 жашка чейинки балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга операциялар акысыз жасалат. Бейтаптын абалы турукташканына кубанычтабыз жана ага толук сакайып кетүүнү каалайбыз», — деди Бекболот уулу Нурболот.
09.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотту
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын күчөтүү жана лицензиялоо-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын бекемдөө максатында уюштурулду. Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдары негиз болду.
Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылды. Аларга төмөнкүлөр кирет: лицензияда каралбаган багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүү, кызматкерлерде тиешелүү сертификаттардын, аттестациянын жана профилдик билимин жоктугу, медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана инфекциялык көзөмөлдүн сакталбашы, шаймандарды туура эмес стерилизациялоо, каттоого алынбаган дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды, анын ичинде өзгөчө көзөмөлгө алынуучу каражаттарды туура эмес сактоо жана колдонуу.
Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик чаралар көрүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашты. 263 медициналык уюмдун иши токтотулду, ал эми 246 мыйзамсыз медициналык иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын лицензиясы жок медициналык мекемелерге кайрылуусу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилейт. Анткени профилдик билими жана тиешелүү уруксаты жок адамдар көрсөткөн кызматтар оор кесепеттерге, анын ичинде инфекцияларга, медициналык манипуляцияларды туура эмес жасоого жана бейтаптардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жана өлкө конокторун медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган медициналык уюмдардан гана алууга чакырат. Лицензиясынын бар-жогун, ошондой эле лицензияланган субъекттердин тизмеси жана көрсөтүлгөн кызматтар менен министрликтин расмий сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүнөн — med.kg/lisenzirovanie — таанышууга болот.
08.12.2025
Бишкекте КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү: саламаттык сактоо министринин м.а. Шаардык балдар клиникалык ооруканасына пландан тышкары барды
Бүгүн, 2025-жылдын 8-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин м.а. Каныбек Досмамбетов Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барып, клиникалык-диагностикалык бөлүмдүн иши, бейтаптарды кабыл алуу тартиби жана КРВИ менен сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу абал менен таанышты. Кабыл алууну күтүп турган адамдардын көптүгүн көргөн министр бейтаптардын тыгыз топтолушу кошумча жугузуу коркунучун жаратарын, ошондой эле ата-энелер менен балдар үчүн, жогорку жүктөмдө иштеп жаткан медициналык кызматкерлер үчүн да ыңгайсыздык түзөрүн белгиледи.
Иш сапарынын алкагында министрдин м.а. профилдик башкармалыктардын адистери, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы адистери, ошондой эле Улуттук эне жана балдарды коргоо борбору менен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчилери катышкан жыйынды өткөрдү. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык абал, оорулуулардын өсүү динамикасы жана ыкчам чаралар талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында министрдин м.а. Каныбек Досмамбетов стационарлардын жүгүн азайтууга, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана бейтаптар менен медицина кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Саламаттык сактоо министрлигинин алдында сутка бою иштей турган Ситуациялык борбор түзүүнү тапшырды. Борбор эпидемиологиялык кырдаалды, калктын кайрылууларын жана ооруканалардын жүктөлүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, өз убагында чечим кабыл алууну камсыздай турганы белгиленди.
Министр Улуттук эне жана балдарды коргоо борборунун жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын базасында бөлүмдөрдү убактылуу кайра багыттоо аркылуу кошумча 200 керебет жайгаштырууну тапшырды. Бул чара Бишкек шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасынын ашыкча жүктөлүшүн алдын алууга жана жардамга муктаж балдарга өз учурунда кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жумушун жеңилдетүү максатында Бишкек шаарындагы баштапкы звенодон 10 педиатрды убактылуу стационарга жөнөтүү тапшырылды. Бул кабыл алуу бөлүмүнүн ишин күчөтүүгө жана бейтаптардын агымын туура уюштурууга жардам берет. Ошондой эле Балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын аймагында эки көчмө клиника жайгаштыруу тапшырылды. Бул жеңил формадагы КРВИ менен кайрылган балдарды ыкчам кабыл алууга, негизги корпустагы кезекти азайтууга жана кайрылгандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
«Бүгүн биздин негизги милдет - сезондук оорулардын өсүү шартында балдарга өз учурунда жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү. Биз алдын ала чара көрүп, дарыгерлердин жүгүн азайтууга жана калк үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Ситуациялык борбордун түзүлүшү, телемедицинанын күчөтүлүшү, кошумча керебеттердин жайгаштырылышы жана адистерди тартуу — бул кырдаалды турукташтырууга жана ишибиздин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген кадамдар», — деп баса белгиледи КР Саламаттык сактоо министринин м.а. Каныбек Досмамбетов.
Белгилеп кетсек, 49-жумада (1–5 декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 42 561 учуру катталды. 48-жумага салыштырмалуу оорулуулардын өсүшү 15,3% түздү (48-жумада 37 066 учур). Бардык катталган бейтаптардын 72,1% -14 жашка чейинки балдар (15 029 учур).