Copyright: ©
Токмокто патология менен төрөлгөн балдардын жана балдардын соматикалык бөлүмү ачылды
14.05.2024 / Просмотров: 3987
Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында Чүй облусунун Токмок шаарында патология менен төрөлгөн балдардын жана балдардын соматикалык бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Кувейт Аль-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшаянын, о.э. Токмок шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Бөлүмдүн курулушу толугу менен “Ас-Сафа Борбору” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 42 миллион сомдон ашык каражатка каржыланды.
Жалпы аянты 634 м2 болгон эки кабаттуу бөлүм төмөнкүлөрдү камтыйт: тамбур, вестибюль, күтүү зонасы, бөлүм башчынын бөлмөсү, каттоо жайы, кароо бөлмөсү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, кызматкерлердин бөлмөсү, медайымдардын бөлмөсү, стерилизация бөлмөсү, алты күндүзгү стационар бөлмөлөрү, душ бөлмөсү, эмдөө бөлмөлөрү, процедуралык бөлмөлөр, медициналык буюмдарды сактоо жана чарбалык бөлмөлөр. Ошондой эле имарат медициналык жабдуулар жана керектүү эмеректер менен толук камсыздалган.
Министр өз сөзүндө энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда заманбап кызматтарды камтыган жаңы перинаталдык борбордун ачылышы болгон. Министр ошондой эле статистикага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын төрөлгөн 150 миң баланын 5% ара төрөлгөн ымыркайлар экенин белгиледи. Белгилей кетсек, акыркы 10 жылдын ичинде өтө аз салмактуу балдардын аман калуу деңгээли 5тен 7% га чейин өскөн. Мунун баары медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында ишке ашты. Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр Кувейт Аль-Сафа Фондунун негиздөөчүсү Шейх Мухаммад Абдурахман Альшаяга саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул бөлүмдүн ишке киргизилиши көптөгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгиледи.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
07.09.2024
Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 миллион долларлык медициналык жабдуулар берилет
Бүгүн, 7-сентябрда КР Саламаттык сактоо министри Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, жаңы курулуп жаткан клиникалык диагностикалык бөлүмдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Оорукананын директору Шаят Абдурахманов министрге курулуш иштери 90%га бүтүп, сентябрь айынын аягына чейин толугу менен бүтөрүн билдирди. Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында ОШКО 5 млн долларлык 14 аталыштагы медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши керек болчу.
Мындан тышкары, министр 300 орундуу көп функционалдуу оорукананын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалып, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6 633,5 м2 болгон оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, ашкана, кир жуучу жай, кампалар болот.
07.09.2024
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында катарактага акысыз операциялар жасалууда
Бүгүн, 2024-жылдын 7-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-сентябрдан бери катаракта боюнча акысыз операциялар жүргүзүлүп жаткан Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына (ООКБО) барды. Бул операциялар “Экспресс ден соолук: жаркын саякат” долбоорунун алкагында 2-сентябрдан 12-сентябрга чейин жүргүзүлөт.
Министр менен бирге ООКБОго Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана башка коноктор да келишти.
Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан баштап кытайлык адистердин тобу өз күч-аракетин катарактадан жапа чеккен жана көрүүсү начарлаган бейтаптарга жардам берүүгө багыттоодо. Долбоордун командасы 10 күндүн ичинде үч облустан: Ош, Жалал-Абад жана Баткенден келген бейтаптарга катарактага бекер операция жасашат. Учурда 100гө жакын бейтапка операция жасалып, жалпысынан 300 кыргызстандыкка операция жасоо пландалууда.
Мындан тышкары, Кытай тарап оорукананын жетекчилигине наркы 7,5 миллион сомдон ашык турган офтальмологиялык жабдууларды өткөрүп берүү сертификатын тапшырды.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле долбоор эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрөөрүн баса белгиледи. “Өткөн жылы бул долбоордун аркасында 600дөн ашык кыргызстандыктар катарактага бекер операция жасатышкан. «Экспресс ден соолук» долбоору көрүү мүмкүнчүлүгүн гана калыбына келтирбестен, бейтаптарга жашоонун кубанычын жана келечекке болгон үмүтүн кайтарып берди. Бул медициналык долбоор биргелешкен аракеттер адамдардын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келеринин үлгүсү жана далили болуп калды”, - деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
07.09.2024
Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын аймагында 3 мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы иштейт
Бүгүн, 7-сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кезектеги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул оорукананын аймагында иштеп, калкты жеткиликтүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылган үчүнчү дарыкана.
Учурда республика боюнча 86 “Эл Аман” мамлекеттик дарыкана ийгиликтүү иштеп жатат.