Copyright: Пресс-служба МЗ КР©
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык чыңдалууда
17.11.2023 / Просмотров: 4407
Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук кардиология жана терапия борборунда болуп, анда бекер операцияларды жасоо боюнча бир жумалык кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгы чыгарылды.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда бир жуманын ичинде жасалма кан айландыруу шартында 14 бейтаптын жүрөгүнө ачык операциялар жасалды, анын ичинде 12 бейтапка жүрөк клапандары алмаштырылды. Эки бейтапка митралдык клапанга, дагы эки бейтапка жүрөктүн септалдык кемтигине операция жасалды. Ошондой эле, 31 бейтапка коронарография жасалып, анын ичинен 15 бейтапка коронардык артериясы кеңейтилип, 17 стент коюлган.
М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөктүн коронардык оорусу менен жабыркаган 90 бейтаптын оору тарыхчасы боюнча талкуу жүргүзүлүп, бейтаптардын мурда жасалган коронарографиясы боюнча бардык маалыматтар каралып чыкты. Жыйынтыгында 51 бейтаптын коронардык артерияларына интервенциялык процедуралар (транслюминалдык ангиопластика жана стенттештирүү) жасалган. Бейтаптарга 62 стент коюлду.
Бардык операциялар жана интервенциялык процедуралар Сауд Аравиясынан келген дарыгерлердин жана кыргызстандык адистердин катышуусунда өттү.
КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Аравиясынан келген адистерге элдин саламаттыгын сактоого кошкон баалуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда көптөгөн тармактарда абдан тыгыз кызматташтык бар экенин, активдүү тармактардын бири саламаттык сактоо тармагы экенин баса белгиледи. «Бул иш-чаранын аркасында 80ден ашуун бейтап текшерүүдөн өтүп, дарыланууга мүмкүнчүлүк алды. Иш-чара ошондой эле эки өлкөнүн адистеринин тажрыйба алмашуусу үчүн жакшы аянтча болду. Ошондой эле октябрь айынын аягында Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчиси Ибрахим бин ради Аль-Ради мырза менен болгон жолугушууда аймактарга 10 фельдшердик-акушердик пункттун курулушу, ошондой эле көп тармактуу клиника куруу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Андыктан биздин кызматташуубуз мындан ары да уланат жана жемиштүү болот деп ойлойм», - деди министр.
Эске салсак, 10-ноябрда Кыргызстанга Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту жана Кардиология жана терапия улуттук борборунун базасында акысыз операцияларды жүргүзүү үчүн Король Салман атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу Сауд Аравия Королдугунан 30 хирург келген.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
06.12.2023
КР Саламаттык сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Улуттук госпиталга барышты
6-декабрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга барды.
Министр менен депутат оорукананын бөлүмдөрүн, палаталарды кыдырып, бейтаптар менен баарлашып, алардын ал-абалын сурап, дарылануу үчүн уюштурулган шарттар менен таанышышты. Ошондой эле Улуттук госпиталдын аймагында жайгашкан «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышышты.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо жарандардын сапаттуу жана квалификациялуу медициналык кызматтарды алуусу керектигине токтолду. Ал ошондой эле аймактарды, тактап айтканда, Нарын облусунун Кочкор районун кыдырып, «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалардын иши менен таанышканын белгиледи. «Мамлекеттик дарыкана ачуу министрдин эң жакшы демилгелеринин бири. Дары-дармектер чындыгында жеке дарыканаларга караганда арзан сатылуусуна өзүм күбө болдум. Бул ишти колдоо керек жана биз депутаттар да өз тараптан мамлекеттик дарыканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана колдоого даярбыз», - деди депутат.
06.12.2023
Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы балдар стационарларында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук ооруларына байланыштуу болуп жаткан кырдаал мезгилде ишти күчөтүүгө тапшырма берди
Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык жогорулоо мезгилинде балдар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме КР Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адистеринин жана Бишкек шаарындагы балдар стационарларынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.
КРВИ жана сасык тумоо боюнча маалыматты угуп, министр КРВИ жана пневмония менен ооруган этиологиясы такталбаган балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн балдарды кабыл алууга кошумча керебеттерди жайгаштыруу тапшырмасын берди. КРВИ жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун базасында 30 койка жана ошондой эле Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын санын 45 койкага чейин убактылуу уюштурулат.
Мындан тышкары, ЖКККБнын кадрдык потенциалын күчөтүү максатында Бишкек шаарынын ҮМБ педиатрлардын кызматын уюштуруу, жана 2-3 курстардын ординаторлорун кырдаалга байланыштуу жумушка чакыруу айтылды.
Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунунда ишти күчөтүү үчүн кошумча 10 врачтык ставканы бөлүп берүү керектиги каралды.
Ошондой эле КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык өсүү мезгилинде ҮМБнын алдындагы күндүзгү стационарлардын ишин кайра кароо,тактап айтканда бейтаптарды дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.00 дөн 20.00 гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки сменада кабыл алууну графиги бекитилди.
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
- маска режимин жана аралыкты сактоо;
- дем алуу гигиенасын сактоо – тактап айтканда оозду жана мурунду жабуу
жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;
- сасык тумоону жуктуруп алган адамдарды өз убагында изоляциялоо
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, дайыма бөлмөлөрдү желдетүү, бөлмөлөрдү таза кармоо ж.б.).
05.12.2023
Чүй районунун Арчалы айылында Республикалык реабилитациялык борбор ачылды
Бүгүн, 2023-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан «Арчалы» республикалык реабилитациялык борборунун имаратынын расмий ачылыш аземине катышты. Ошондой эле иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңешинин депутат, Арчалы айылынын аксакалдары жана тургундары катышты.
Республикалык «Арчалы» реабилитациялык борбору республиканын калкына медициналык-санитардык, медициналык-реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн түзүлүүдө. Реабилитациялык борбордун үч кабаттуу имараты 6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан жана 50 керебетке ылайыкталган.
Борбордун директору Нурлан Дүйшөналиев борбор түзүлүп, учурда бейтаптарды кабыл алууга даярдык иштери жүрүп жатканын билдирди. Алгач күнүнө 50-60ка жакын адам ар кандай оорулардан сакайып кетүү үчүн керектүү процедураларды ала алат. Оорулуулар жалпы массаж, мануалдык массаж жана ийне терапиясын ала алышат. Бул, албетте, башталышы гана. Убакыттын өтүшү менен тренажерлор кошулуп, инструкторлорду ишке алып, кеңейтүүгө болот деп ойлойм.
Келечекте борбор үчүн машыгуу жана муун гимнастикасы үчүн залдарды уюштуруу, керектүү көп функционалдуу тренажерлорду, буту-колдун кыймылын калыбына келтирүүчү тренажерду, ийин булчуңдарын механикалоочу комплексти, ошондой эле буттарды механикалоочу комплексти сатып алуу пландаштырылууда. Анда неврологиялык оорулардан жабыркаган, инсульттан кийинки, баш мээ жана омуртка травмаларынан жабыркаган, эндопротез жасаткан бейтаптар машыкса болот.
КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айрымкесепети оор оорулардан кийин реабилитациянын маанилүүлүгүн белгиледи. Алдыда Токмок шаарында дагы бир реабилитациялык борбор ачуу планы бар. Имарат мурунтан эле бар, азыр ден соолукту чыңдоо борборун уюштуруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.
«Бардык бейтаптар ден соолукта болот деп ишенем, биз өз кезегибизде алдыга коюлган милдеттерди аткарып, жарандарыбыздын өмүрүн узартууга салым кошобуз деген ниеттемин», - деп билдирди министр Алымкадыр Бейшеналиев.