Copyright: ©

Медициналык уюмдардагы кызматкерлердин эмгек акысынын эсептелиши боюнча маалымат

03.04.2025 / Просмотров: 6883

Медициналык уюмдардагы кызматкерлерге эмгек акысынын эсептелиши боюнча көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтому менен жөнгө салынат. Кепилденген эмгек акы – толук жумуш күнү үчүн аткарылган иштин татаалдыгын, жоопкерчилигин жана эмгек сыйымдуулугун эске алуу менен иш үчүн белгиленген эң төмөнкү эмгек акы: 

  • кызматтык оклад;
  • мамлекет тарабынан кепилденген үстөктөр жана кошумча төлөмдөр (иш стажы, квалификациялык категория, зыяндуу иш шарттары, бийик тоолуу аймактар ж.б.). 

Мисалы:

  1. Үй-бүлөлүк дарыгердин 1 ставка боюнча кызматтык оклады 22880,0 сом, стажга байланыштуу үстөк акы 20% - 4576,0 сом, жогорку квалификациялык категория боюнча үстөк акы 6000,0 сом = кепилденген эмгек акы 33 456,0 сомду түзөт.
  2. Кууш адистиги бар дарыгердин 1 ставка боюнча кызматтык оклады 16896,0 сом, стажга байланыштуу үстөк акы 10% - 1690,0 сом, 1 квалификациялык категория боюнча үстөк акы 4000,0 сом, атайын шарттарда иштөөгө кошумча төлөм 25% - 4224,0 сом = кепилденген эмгек акы 26 810,0 сомду түзөт. Кепилденген эмгек акысынан тышкары, медициналык уюмдардын кызматкерлери эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) катары кошумча эмгек акы ала алышат. ЭКК – төлөмдүн милдеттүү түрү эмес. Башкача айтканда, эгер медициналык уюмда кызматкерлердин орду бош болуу себептүү эмгек акы фондунан үнөмдөө болсо, анда үнөмдөлгөн каражаттар комиссиянын чечими менен аталган уюмдун кызматкерлерине ЭКК катары бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Бул кошумча төлөм кызматкерлерди мотивациялоо үчүн киргизилген, анткени бош орундардын болушу жүктөмдү жана жоопкерчиликти көбөйтөт. ЭКК боюнча кошумча төлөмдөр ай сайын эмгек акы фондунун үнөмдөлүшүнө жараша көбөйүп же азайып турушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эмгек акынын төлөө тартибин оптимизациялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат жана убакыттын өтүшү менен ЭКК боюнча практика кайра каралат. Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саламаттык сактоо системасындагы эмгек маянаны жана жалпы инфраструктураны жакшыртуу боюнча көп иштерди аткарганын белгилеп кетүү керек.
  3. 2021-жылдын 1-апрелинен тартып медициналык уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык окладдары 50%га жогорулатылган (дарыгерлердин кызматтык оклады 5000 сомдон 7500 сомго көтөрүлгөн), үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин окладдары 100%га көтөрүлгөн (үй-бүлөлүк дарыгердин оклады 5000 сомдон 10000 сомго көтөрүлгөн). Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган үстөктөр жана кошумча төлөмдөр сакталган.
  4. 2022-жылдын 1-апрелинде медициналык уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык окладдары орточо 50%га жогорулатылган (дарыгерлердин оклады 7500 сомдон 11264 сомго көтөрүлгөн, үй-бүлөлүк дарыгердин оклады 10000 сомдон 15136 сомго көтөрүлгөн). Мындан тышкары, бардык кошумча төлөмдөр (айыл жергеси, бийик тоолуу аймак, илимий даража, эмгек стаж, категориялар ж.б.) сакталып, кызматтык окладга кошулуп төлөнөт.
  5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 Жарлыгына ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып медициналык уюмдардагы дарыгерлердин окладдары 50%га (дарыгерлердин оклады 11264 сомдон 16896 сомго, үй-бүлөлүк дарыгердин оклады 15136 сомдон 22880 сомго көтөрүлгөн), орто медициналык кызматкерлердин окладдары 20%га (медициналык айымдардын оклады 9856 сомдон 11968 сомго көтөрүлгөн), кичи жардамчы кызматкерлердин (санитаркалар, тазалагычтар), ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларынын окладдары 10%га (санитарканын оклады 8096 сомдон 9152 сомго) көтөрүлгөн. Бардык каралган үстөктөр жана кошумча төлөмдөр сакталган. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, регионго, дарыгердин квалификациясына, адистигине жана стажына жараша орточо эмгек акы 34 100 сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык уюмдардагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иштерди улантууда жана 2025-жылга саламаттык сактоо системасы үчүн кошумча каржылык каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кат жүзүндө кайрылган. Саламаттык сактоо уюмдарындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, кызматкерлердин канааттануусун арттырууга жана адистердин башка тармактарга өтүп кетишин азайтууга өбөлгө түзөрүн түшүнүп, азыркы учурда бул маселе Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.