Copyright: ©
Эркин Чечейбаев: Кыргызстандын жарандарынын саламаттыгы – бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты
28.04.2025 / Просмотров: 4870
Бүгүн 2025-жылдын 28-апрелинде Сиань шаарында (Кытай) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин министрлеринин сегизинчи отуруму өз ишин баштады.
Ага Кытайдын саламаттык сактоо улуттук комитетинин башчысы Лэй Хайчао, ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, Кыргызстан, Казакстан, Индия, Россия, Беларусия, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышып жатат.
Күн тартибине ылайык, тараптар катастрофалар медицинасынын өнүгүүсү, баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу, санариптик чечимдерди жайылтуу жана салттуу медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө катышуучулар өз элинин ден соолугунун келечегин козгогон өтө маанилүү маселелерди талкуулап жаткандыгын белгилеп кетти.
«Кыргызстан үчүн биздин жарандардын саламаттыгы – бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты жана биз ШКУнун алкагында кесиптештер менен тажрыйбалар жана билимдер менен алмаша ала турганыбызга кубанычтуубуз. КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана толук колдоосу астында Кыргыз Республикасы оорулардын алдын алуу, сергек жашоо мүнөзү, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын инфраструктураларын жаңылоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатат. Көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу ооруканаларды, баштапкы медициналык-санитардык жардам, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо уюмдарын кайра уюштуруу жана жаңылоо боюнча план түзүлдү», - деп белгиледи Эркин Чечейбаев.
Андан ары ал салттуу медицина — бул Кыргызстандын саламаттык сактоосунун жаңы дем менен өнүгүүгө тийиш болгон багыттарынын бири экендигин айтты.
«Биз ден соолукка колдоо көрсөтүү үчүн табигый ресурстарды, дары чөптөрдү жана уникалдуу билимдерди колдонуп келишкен ата-бабаларыбыздын бай мурастары менен сыймыктанабыз. Кыргызстанда салттуу медицина ар кандай оорулардын алдын алуу жана дарылоодо маанилүү роль ойноого жана биздин өлкөлөрдөгү адамдардын жашоо сапатын жана узактыгын жогорулатууга көмөктөшүүдө маанилүү роль ойноого тийиш. Биз бул тажрыйба маданий салттарга болгон сый-урмат инновациялар менен айкалышкан ШКУнун башка өлкөлөрүндө дагы колдоого ээ болуп жаткандыгын көргөнүбүзгө кубанычтуубуз», - деди министр.
Буга байланыштуу Эркин Чечейбаев салттуу медицинаны изилдөө боюнча Илимий-изилдөө борборун түзүүнү, ошондой эле “Элдер достугу” кыргыз-кытай ооруканасын курууну сунуштады.
«Баштапкы медициналык-санитардык жардамы — бул кайсы болбосун мамлекеттин саламаттык сактоо системасынын негизи жана Кыргызстан бул багытты өнүктүрүүгө аябагандай чоң маани берет.
Ар бир жаран жеткиликтүү жана жашаган жерине жакын деңгээлде сапаттуу жардам ала алышы абдан маанилүү. Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын физикалык жана финансылык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган саламаттык сактоо системасын реформалоо улантылууда жана бул иште ШКУ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы жана алдыңкы тажрыйбалары жардам берет деп ишенебиз», - деди КР саламаттык сактоо министри.
Андан ары ал белгилегендей, саламаттык сактоону санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу - бул тренд гана эмес, ошондой эле медициналык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуунун зарылчылыгы дагы.
«Кыргызстанда биз, өзгөчө алыскы тоолуу райондордо медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бере турган жасалма интеллектти, электрондук медициналык карталарды, телемедицинаны жана башка санариптик технологияларды активдүү жайылтып жатабыз. Биз ШКУнун алкагында саламаттык сактоо системаларыбызды санариптик трансформациялоону тездетүү үчүн тажрыйба жана ресурстар менен алмаша аларыбызга ишенебиз.
Шашылыш медицина жана өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү - бул пандемия, табигый кырсыктар жана техногендик кырсыктар сыяктуу глобалдуу чакырыктардын шарттарында барган сайын актуалдуу болуп жаткан тема. Региондун бардык өлкөлөрүндөй эле Кыргызстан да тез жардам көрсөтүү системасынын даярдыгын жогорулатуу зарылдыгына туш болууда.
Бул жаатта координациялоонун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн ашыкча баалоо мүмкүн эмес жана биз бүгүн ШКУ өлкөлөрүнүн деңгээлинде чукул жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен ыкмаларды талкуулай алабыз деп үмүттөнөбүз.
Бул контекстте, жалпы тагдыр коомчулугунун философиясын эске алуу менен, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн гана эмес, ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн глобалдуу долбоорун түзүү сунушу менен кайрылам», - деп айтуу менен жол кырсыктарынын алдын алуунун, жаракаттарды жана өлүмдөрдү азайтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Саламаттыкты сактоо – бул бир мамлекеттин гана эмес, биздин жалпы мейкиндиктин көйгөйү. 3 миллиарддан ашуун адамды бириктирген ШКУ саламаттыкты сактоо системасын жеткиликтүү, натыйжалуу жана туруктуу кылууга жардам бере турган тажрыйбаларды, илимий жетишкендиктерди жана чечимдерди алмашуу үчүн кубаттуу платформа болуп саналат.
Бирок урматтуу кесиптештер, биздин биргелешкен ишибиздин мааниси медицинанын конкреттүү багыттарына тиешелүү маселелерди талкуулоо менен гана чектелбейт. ШКУ өлкөлөрүндөгү саламаттыкты сактоо комплекстүү чечимдерди жана терең координацияны талап кылган өз ара байланышкан аспектилердин бүтүндөй топтому.
Кыргызстан, ШКУга мүчө башка мамлекеттер сыяктуу эле саламаттыкты сактоонун инфраструктурасын модернизациялоо, медициналык кадрларды даярдоо, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен байланышкан көйгөйлөрдүн алдында турат. Бул контекстте ШКУнун деңгээлинде биз айрым өлкөлөрдүн жана эки тараптуу мамилелердин алкагында гана эмес, саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүн дагы натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү система катары иштей аларыбызды түшүнүү маанилүү.
Биздин саламаттык сактоо системаларынын тышкы коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш жана ушул контекстте мен Кытай тарапка биздин ортобузда шашылыш медициналык жардам же табигый кырсык медицинасы жаатында кызматташуу боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет, анткени COVID-19 пандемиясы өзгөрүүлөргө тез ыңгайлаша ала турган жана натыйжалуу дарылоону гана эмес, оорулардын алдын алууну да камсыз кыла ала турган даяр жана ийкемдүү саламаттыкты сактоо системасынын канчалык маанилүү экенин көрсөттү.
Бул чакырыктар биргелешкен күч-аракеттерди талап кылат жана дал ушул мамлекеттер ортосундагы тажрыйба жана билим алмашуу келечекте мындай коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруунун негизи боло алат. Кытай тараптын бул жаатта кошкон салымын өзгөчө баса белгилөө менен бир нече жылдан бери Кытай тарап биздин адистерди тез жардам медицинасы тармагында окутуу иш-чараларын жигердүү өткөрүп келе жаткандыгын, анда биздин кызматкерлер Кытайдын тез медициналык жардам көрсөтүү системасы менен тааныша алышкандыгын белгилеп кетким келет.
Биздин саламаттык сактоо системаларыбыздын тышкы коркунучтарга туруктуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө оюмду улантып, мен бул процесстин негизги фактору инновацияларды жана заманбап технологияларды колдоо экендигине көңүл бургум келет.
Ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү, жаңы фармацевтикалык технологияларды өнүктүрүү жана саламаттык сактоодо жасалма интеллектти колдонуу биздин өлкөлөр үчүн жаңы горизонтторду ачат. Кыргызстан бул багытта жигердүү иш алып барууда, медицина тармагындагы стартаптарды колдоого жана биздин саламаттык сактоо системабызга алдыңкы технологияларды жайылтуу үчүн эл аралык эксперттерди тартууга даяр.
Бул жаатта салттуу медицинаны, кубаттуу профилактикалык каражат болуп саналган дары чөптөргө, органикалык чийки заттарга негизделген фармакологиялык технологияларды жайылтууну да белгилей кетүү керек», - дейт Эркин Чечейбаев.
Министр ошондой эле жаш адистердин жана алардын билиминин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Билим берүүгө жана медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга инвестиция салуу - саламаттыкты сактоонун келечектеги өнүгүүсүнүн пайдубалы. Кыргызстан дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин жаңы муунун даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, анын ичинде ШКУнун башка өлкөлөрү менен билим жана тажрыйба алмашуу программаларын киргизүү аркылуу күч-аракет жумшоодо", - деди ал.
Эркин Чечейбаев учурда Сиань ооруканасында кыргызстандык дарыгерлер билим алып жатканын, ошондой эле эки өлкөнүн медицина кызматкерлери башка медициналык мекемелерде активдүү тажрыйба алмашып жатканын белгиледи.
«Бул жааттагы биргелешкен күч-аракеттер саламаттыкты сактоо маселелерин натыйжалуу чече ала турган жана Кыргызстанда да, ШКУнун башка өлкөлөрүндө да алдыңкы тажрыйбаны колдоно ала турган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жардам берет деп ишенебиз.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү жолугушуу тажрыйба алмашуу гана эмес, биздин өлкөлөрдөгү саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү экенин баса белгилегим келет. Мен кесиптештеримди бул уникалдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин элдердин ден соолугун чыңдоого жана ШКУ өлкөлөрүндөгү жашоонун сапатын жана узактыгын жакшыртууга негиз боло турган стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга чакырам», - деп белгиледи өз сөзүндө КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
12.05.2025
Бишкекте медайымдык иш боюнча VI Эл аралык форум болуп өттү
2025-жылдын 12-майында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү жана Акушерлер күнүнүн белгиленишине карата медайымдык иш боюнча VI Эл аралык форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарынын медайымдары, Корея Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева жана Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Элнура Боронбаева сөз сүйлөп, медайымдардын оорулардын алдын алууда жана калктын жашоо сапатын жогорулатууда зор салымы бар экенин баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн бир катар адистер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
«Медайымдык илим: изилдөө, өнүгүү жана инновациялар» урааны алдында өткөн форум төмөнкү негизги багыттарды талкуулоого арналды:
- медайымдык илимдеги изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
- медайымдардын жана акушерлердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу;
- медайымдык билим берүү жана практиканы өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.
Кыргызстанда медайымдар менен акушерлер өлкөдөгү медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Алардын саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүүгө, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана калктын жалпы медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого кошкон салымы баа жеткис. Медайымдар калк менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы байланыштын 90% камсыздашат жана бейтаптардын жашоосунун бардык этаптарында коштоп жүрүшөт. Айрыкча алыскы аймактарда алардын ролу өзгөчө мааниге ээ, анткени көп учурда алар бейтапка жалгыз жеткиликтүү медициналык адис болуп саналат.
2025-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү «Биздин медайымдар. Биздин келечек. Медайымдарга кам көрүү — экономиканы чыңдайт» ураанынын алдында өтүүдө. Бул ураан медайымдар үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүнүн, алардын физикалык жана психикалык жыргалчылыгын колдоонун жана кесиптик түйшүктөн сактоонун маанилүүлүгүн белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медайымдардын ролун кеңейтүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп келет. Реформанын алкагында дарыгерлердин айрым функциялары, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугун коргоо, паллиативдик жардам көрсөтүү тармактарында медайымдарга өткөрүлүп берилүүдө.
12.05.2025
Президенттин бардык тапшырмалары аткарылды: Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүлүү улантылууда
2025-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Убактылуу Республикалык диагностикалык борбордун имаратында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХжОТИИ) борборуна барып, “Global Cardiac Alliance” эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген.
Саламаттык сактоо министрлиги, КММАнын командасы, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы, ЖХжОТИИ жана кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте бардык кемчиликтер жоюлду. Атап айтканда:
• Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.
• Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.
• Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.
• “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.
• Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.
ЖХжОТИИ имаратында болгон өрт кырсыгынан кийин борбор убактылуу Республикалык диагностикалык борборго көчүрүлгөн. Бирок ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Ошону менен катар кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бул клиниканын толук кандуу иштешин калыбына келтирип, балдарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул тармакты чыңдоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган медициналык мекемеге болгон акыркы сапарында берилген тапшырмаларынын алкагында улантылат. Мамлекет башчысы балдардын өмүрү менен саламаттыгын мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы катары так белгиледи.
Эске салсак, 2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды.
30.04.2025
Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 6 миңден ашты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 29-апрелине карата өлкө боюнча кызамыктын 6 102 учуру катталды.
Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 9 өлүм катталды, алардын ичинен:
6 учур — бир жашка чейинки балдар арасында (жашы жетпегендиктен эмделбеген);
2 учур — медициналык каршылыгы бар адамдар арасында;
1 учур — эмдөөдөн баш тартуу фонунда болгон.
Бишкек шаары — 3 791 учур
Ош шаары — 384 учур
Чүй облусу — 755 учур
Ош облусу — 478 учур
Талас облусу — 156 учур
Жалал-Абад облусу — 196 учур
Баткен облусу — 131 учур
Ысык-Көл облусу — 93 учур
Нарын облусу — 118 учур
Жалпы ооругандардын ичинен 5 749 адам (94%) эмделбеген. Алардын ичинен:
1 834 адам (30%) — жашы жетпегендиктен эмделбеген
2 726 адам (45%) — эмдөөдөн баш тарткандар
532 адам (9%) — медициналык каршылыгы барлар
100 адам (2%) — мигранттар
557 адам (9%) — эмдөө макамы белгисиз
Эмделгендер – 353 адам (6%):
193 адам — ККП вакцинасын бир жолу алган
160 адам — ККП вакцинасын эки жолу алган
Кызамык боюнча эпидемиялык кырдаалга жооп катары, өлкө боюнча 9 айдан 7 жашка чейинки 906 миңден ашуун балага эки этаптуу иммунизация жүргүзүлгөн. Бирок, карабастан, кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдөн баш тартуу деңгээли жогору бойдон калууда.
Оорунун жайылышын токтотуу жана контролдоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү иштерди аткарууда:
2025-жылдын 11-апрелинде №380 буйрукка кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын алдын алуучу эмдөөлөрдүн календардык мөөнөтү менен өз убагында эмделбеген балдарды, өспүрүмдөрдү жана жарандарга кошумча иммунизациялоо» жүргүзүү каралган.
2025-жылдын 14–26-апрель күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында 2 000ден ашуун медициналык кызматкерлер үчүн наверстывающая иммунизацияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү.
2025-жылдын 12-майынан баштап кошумча эмдөө иш-чаралары башталат. Учурда даярдык иштери жүрүүдө, вакциналар жана керектүү материалдар аймактарга жеткирилүүдө, эмдөө календары боюнча эсептер жүргүзүлүүдө жана маалыматтык материалдар басылып чыгарылууда.