Copyright: ©

Кыргызстандын делегациясы медициналык форумга катышууда

16.08.2023 / Просмотров: 1829

2023-жылдын 16-17-августунда Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында эл аралык медициналык иш-чара өтүп жатат, ага Кыргызстандан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев баштаган делегация катышууда. Иш-чаранын негизги максаты - Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө болгон Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мамлекеттеринин калкынын бакубаттуулугун жана саламаттыгын камсыздоо.

Иш-чаранын программасына ылайык Бүткүл дүйнөлүк түрк медициналык конгресси өтүп, ага катышуу үчүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин гана эмес, Татарстандын да саламаттыкты сактоо министри келди.

Конгрессти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев ачып, бүгүнкү иш-чаранын мааниси, максаттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарга токтолду.

КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев өз сөзүндө бул конгресс түрк мамлекеттеринин медицина адистеринин башын кошкон маанилүү окуя экенин белгиледи. Ал ошондой эле конгресстин жүрүшүндө катышуучу өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча инновациялык сунуштар айтыларын кошумчалады. «Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, анда өлкөбүздү өнүктүрүүнүн негизги социалдык-экономикалык демилгелери аныкталган. Улуттук программада белгиленгендей, өлкөнүн келечегине стратегиялык көз караштын болушу өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүгө көмөктөшүүчү тармактык/системалык программалардын алкагында долбоорлорду жана пландарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Калктын ден соолугун коргоо жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасы өлкөнүн бардык аймагында калктын ден соолугун жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу системаларды чыңдоого, калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн максималдуу жакшыртууга, ден соолукка болгон теңсиздикти кыскартууга жана финансылык жактан коргоого көмөктөшөт.

Системаны өнүктүрүүдө заманбап электрондук саламаттыкты сактоонун ролу абдан маанилүү, ошондуктан медициналык технологияларды өнүктүрүүгө, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого, ошондой эле мамлекеттердин улуттук илимий-техникалык билим берүү уюмдарынын ортосундагы тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Биз ошондой эле кызматташуунун маанилүүлүгүн жана саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилейбиз.

Калкка сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүү максатында биздин өлкөлөр ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташууну кеңейтүү дагы эле өтө актуалдуу жана маанилүү маселе экендигин белгилегим келет.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу биздин тажрыйбабыз көрсөткөндөй, саламаттык сактоо системасын чыңдоо негизги медициналык кызматтарды колдоо үчүн гана эмес, өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү жооп кайтаруу үчүн да маанилүү.

Мен биздин өлкөлөр бирдиктүү, тең укуктуу, туруктуу саламаттык сактоо системасын куруу жана бекемдөө милдеттерин чечүү үчүн БИРГЕ иш алып бараарыбызга ишенем», - деди министрдин орун басары.

 

Ошондой эле, программанын алкагында өзбек-түрк медициналык форуму өтүп, медициналык көргөзмө уюштурулду. Түштөн кийин Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны болду. Жолугушууда саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.06.2025
Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у медициналык маалымкатты онлайн алуу кызматы ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы электрондук мамлекеттик кызматтын ишке киргизилгенин жарыялайт — айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у формасындагы медициналык маалымкатты онлайн форматта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эми Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат, аны менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга жөнөтүлүп, бул ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту камсыз кылат жана жасалмалуулуктан коргойт.

Онлайн кызмат «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.

Жаңы кызматтын артыкчылыктары:

  • Маалымкат алууну жөнөкөйлөтүү — бардык этаптар санарип медициналык карта алкагында жүргүзүлөт.
  • Кагаз документтердин жүгүртүүсүн азайтуу жана маалыматтарды берүүдө адам факторун жокко чыгаруу.
  • Ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу.

Бул кызматты киргизүү саламаттык сактоо тармагындагы бирдиктүү санарип мейкиндикти өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашты. Медициналык адистердин кароосунан өткөндүгү боюнча маалыматтар корголгон маалыматтык система аркылуу катталып, иштетилет.

«Бул — Санарип MED максаттуу моделин ырааттуу ишке ашыруунун кезектеги кадамы. Ал жарандар менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Натыйжада мамлекеттик кызматтар жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк, натыйжалуураак жана коопсузураак болууда», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик өнүгүү боюнча орун басары Н.Аднаева.

Онлайн маалымдаманы ишке киргизүү демилгеси мамлекеттик башкарууда санариптик инновациялар менен чечкиндүү чечимдерди киргизүүгө багытталган Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке ашты.

12.06.2025
Жогорку Кеңеште тамекиге салыктарды өзгөртүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо тармагындагы салык системасын өркүндөтүү маселеси боюнча талкуу болуп өттү. 

2025-жылдын 11-июнунда өткөн жыйынга Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Толонов, депутаттар Айсаракан Абдибаева жана Таалайбек Масабиров, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, ошондой эле ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясынын Секретариатынын Билим борборунун өкүлдөрү катышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин маалыматына караганда, Рамкалык конвенциянын Секретариатынын Билим борборунун эксперттери тамеки тартуудан келип чыккан зыянды азайтуу үчүн фискалдык чараларды иштеп чыгышкан. Тамекиге болгон акциздик салыкты жыл сайын 25%га акырындык менен жогорулатуу сунушталды. Учурда акциздик салык тамекинин наркынын 32% түзөт, ал эми ДСУ 70% кем эмес деп сунуш кылат. «Тамекилердин арзан баалары жана жеткиликтүүлүгү алардын балдар жана өспүрүмдөр арасында жайылышына шарт түзөт», - деп баса белгиледи министр.  Тамекинин арзан жана жеткиликтүү болушу балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында анын жайылышына шарт түзүп жатат, - деп белгиледи министр Чечейбаев.

ДСУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенция Билим борборунун директорунун орун басары Эстель Доши модельдик эсептөөлөрдү сунуштап, ага ылайык акциздик салыктардын жогорулатышы 2027-жылга чейин Кыргызстанда 40 миң адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берерин айтты.

Бюджеттик комитеттин төрагасы Данияр Толонов Кыргызстанда калктын 27 пайызы тамеки тартарын, бирок керектөөнүн төмөндөө ылдамдыгы Борбор Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгиледи.

Тамекилердин баасы бүгүнкү күндө дагы элге өтө жеткиликтүү бойдон калууда, ошол себептен салыктык саясатты тез арада реформалоо керек, -деп билдирди ал.

Ошондой эле Данияр Толонов бардык түрдөгү тамеки буюмдарына, анын ичинде ысытылган (нагреваемый) тамекилерге дагы бирдей акциздик салык киргизүүнү сунуштады.

Бул жерде саясий эрк керек, анткени тамеки менен спирттин артында ири компаниялар турат. Бирок бул маселеде саясий эрк бар, президент жана анын командасы спортчулар болгондуктан сергек жашоо образын карманышат», - деди ал.

Депутаттар элдин саламаттыгын сактоо боюнча чараларды колдоого жана улуттун кызыкчылыгы үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар сунушталган материалдарды жана эсептөөлөрдү ийне-жибине чейин изилдеп, андан соң Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү караштырууну пландаштырууда.

12.06.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы эндоскоптун жардамы менен 8 жаштагы баланын ашказанынан тыйын чыгарылды

Бишкек, 2025-жылдын 12-июнь — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 2017-жылы төрөлгөн баланын ашказанынан бөтөн затты — 10 сомдук тыйынды эндоскопиялык жол менен алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзүштү.

Процедура борборго жакында тапшырылган заманбап SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жасалган. Жаңы аппарат мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кичинекей бейтаптарга тез жана пландык жардам көрсөтүүдө жаңы деңгээлге чыгууга өбөлгө түзөт.

Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаковдун айтымында, ичеги-карын жана дем алуу жолдорунда бөтөн заттын болушу менен кайрылган учурлар аз эмес.

"Бизге жумасына 3-4 бала ушундай учурлар кайрылып турат. Жаңы эндоскоп сыяктуу жогорку тактыктагы жабдыктар жаш бейтаптарга өз убагында жана аз инвазивдүү жардам көрсөтүү үчүн өтө маанилүү", - деп белгиледи адис.

Жогорку технологиялуу эндоскопту өз убагында колдонуу бөтөн затты операциялык жол менен кеспей туруп эле чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Бул бейтап үчүн тобокелдиктерди азайтып, калыбына келүү процессин тездетүүгө шарт түздү. Бала канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Жабдуулардын алынышы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Медициналык мекеменин жетекчилиги жаңы медициналык технологиялар менен жабдуу балдардын өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойноорун жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым экенин баса белгиледи.