Copyright: ©
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси ачылды
23.08.2024 / Просмотров: 3806
Бүгүн, 2024-жылдын 23-августунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык реформалоо жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, Лебединовка айылында Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасынын мурдагы административдик имаратында күнү-түнү иштеген 5 мобилдүү тез жардам бригадасына, анын ичинен 3 реанимациялык бригада жана 2 фельдшердик бригадага ылайыкталган тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси ачылды. Иш-чара КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси Бишкек шаарына кошулган Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлейт.
№6 жаңы линиялык чыкма бекетчесинин имараты косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү эмеректер жана жабдуулар сатылып алынды, бул медициналык кызматкерлердин ыңгайлуу шартта иштөөсүнө жана Аламүдүн районунун борбор калаага кошулган конуштарынын тургундарынын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет.
«Тез жардам борборунун жаңы линиялык чыкма бекетчесинин ачылышы Бишкек шаарында жана анын айланасындагы аймактарда медициналык тез жардам көрсөтүү системасын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Мындан ары да инфраструктураны жакшыртуу жана биздин медицина кызматкерлерине эң жогорку деңгээлде жардам көрсөтүүгө шарттарды түзүү боюнча иштерди улантабыз”, – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Берилген административдик имараттын чарчы метри буга чейин Көлбаев көч., 49 дарегиндеги №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында жайгашкан №3 линиялык көмөк чордонду да жайгаштырууга мүмкүндүк берди. Бул көмөкчордон Аламүдүн, Энергетиктер шаарчасы, Куруучулар шаарчасы, Тунгуч ж.б. кичи райондорунун тургундарын тейлейт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облустук ооруканасын шаардын чыгыш бөлүгүндөгү калкты тейлей турган Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына профилдештирүүнү пландаштырууда, бул күнү-түнү ыкчам адистештирилген медициналык жардамга муктаж оорулууларды жана жаракат алгандарды ооруканага жаткыруу убактысын бир топ кыскартат.
Мындан тышкары, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги шаардын түштүк-батыш жана түндүк-батыш аймактарын тейлейт турган эки линиялык чыкма бекетчени этап-этабы менен ачууну пландаштырууда.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
10.07.2025
Саламаттык сактоо министри Жалал-Абад облусундагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты
2025-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусундагы санитардык-эпидемиологиялык кызмат мекемелерине иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Чаткал, Аксы жана Ала-Бука райондорундагы абал менен таанышты.
Министр сапардын жүрүшүндө бул кызматтардын инфраструктуралык абалына, кадр менен камсыз болуусуна жана модернизациялоо, жаңы объектилерди куруу боюнча пландарга өзгөчө көңүл бурду.
Чаткал районунда 2016-жылы курулган лаборатория бар болгонуна карабастан, кадр тартыштыгы курч — бул жерде жалгыз гана адис эмгектенет. Ал эми административдик имарат начар абалда. Министр жеринде таанышкандан кийин, санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген жаңы бир кабаттуу имараттын долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды.
Ала-Бука районунда санитардык-эпидемиологиялык борбордун имараты авариялык абалда турат. Объект боюнча долбоордук-сметалык документация бекитилгенине карабастан, ал 2025-жылга карата капиталдык курулуштун титулдук тизмесине киргизилген эмес. Министр бул маселени өзгөчө тартипте карап чыгып, объектти артыкчылыктуу курулуштардын тизмесине кошууну тапшырды.
Аксы районунда жаңы имараттын курулушу менен таанышкан министр, курулуш иштери графикке ылайык жүрүп жатканын белгиледи. Объектти ушул жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
«Санитардык-эпидемиологиялык кызмат — элдин саламаттыгын коргоонун негизги тиреги. Бул тармакты бекемдөө — инфраструктура жана кадрлар боюнча — өзгөчө алыскы райондордо — биздин приоритетибиз бойдон калат», — деп баса белгиледи министр Эркин Чечейбаев.
10.07.2025
Министрлик 2025-жылдагы жайкы туристтик сезон учурунда медициналык камсыздоону күчөтүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жайкы сезондо жарандарга жана туристтерге өз убагында, сапаттуу медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жардам көрсөтүү максатында комплекстүү планды ишке ашырууда.
Министрликтин буйругуна ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында медициналык инфраструктура даярдалды:
- дары-дармек кору түзүлдү,
- медициналык техника жана жабдуулардын даярдыгы текшерилди,
- саламаттык сактоо уюмдарында кошумча керебеттер даярдалды.
Иш пландын алкагында тез жардам пункттары күнү-түнү иш алып барууда, өзгөчө эл көп жүргөн автожолдордо нөөмөтчү бригадалар жайгаштырылды:
Бишкек — Ош жолу:
- Токойлу (114-км): 3 бригада, 1 автоунаа (вахта режиминде, Суусамыр ЖДПБ);
- Тоо-Ашуу: 2 бригада, 1 автоунаа (Суусамыр ЖДПБ);
- Чычкан (238-км): 3 бригада, 1 автоунаа (Токтогул ЖДПБ).
Бишкек — Торугарт жолу:
- Боом (140-км): 4 бригада, 1 автоунаа (Кемин ЖДПБ).
Бишкек — Каракол / Эңилчек жолу:
- Эңилчек: 1 бригада, 1 автоунаа (Ак-Суу ЖДПБ).
Ысык-Көл жээгиндеги эс алуу аймактарында медициналык пункттар уюштурулду:
- Ысык-Көл району – 3,
- Балыкчы шаары – 1,
- Түп району – 2,
- Каракол шаары – 3,
- Ак-Суу району – 1,
- Жети-Өгүз району – 1,
- Тоң району – 1.
Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларда жана эс алуучулар жайгашкан объекттерде санитардык-гигиеналык жана инфекциялык оорулардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көл облусунда 463 санитардык паспорт алуу өтүнүчү түшүп, анын ичинен 317си каралып, даярдык актылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлдү. Ошондой эле капчыгайларда жана пляждарда жайгашкан 179 боз үйдүн текшерүүсү жүргүзүлүп, санитардык талаптар түшүндүрүлдү.
Кошумча түрдө төмөнкүдөй экологиялык текшерүүлөр жүргүзүлдү:
- 332 үлгү таза ичүүчү суудан алынды,
- 128 үлгү көлдөн,
- 178 үлгү пляждагы кумдан.
Бул чаралардын баары — жарандардын жана меймандардын коопсуздугун, ден соолугун жана жайлуулугун камсыз кылууга багытталган.
09.07.2025
Чаткалда Жалпы дарыгерлик практика борборунун 85 орундуу жаңы имараты курулат
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) барып, жаңы имарат куруу иштерине даярдык менен таанышты.
Жаңы долбоордун алкагында ЖДПБнын 85 орундуу заманбап үч кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Анын курамында терапия, хирургия, педиатрия, төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү болот. Учурда айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Саламаттык сактоо министрлиги техникалык тапшырманы даярдап жатат, ал эми долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда. Курулуш иштеринин башталышы 2025-жылдын август айына, ал эми аякташы 2026-жылга пландалган.
Жаңы имарат куруу демилгеси Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлүп, курулуш иштери анын жеке көзөмөлүнүн астында жүрүп жатат.
Чаткал ЖДПБнын директору Малик Исмаиловдун маалыматына ылайык, учурдагы райондук оорукана 1985-жылы курулган. 2023-жылы анын экинчи кабатына капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн, бирок төрөт жана гинекология бөлүмдөрү жайгашкан биринчи кабат оңдоп-түзөөгө муктаж. Андан тышкары, терапия жана педиатрия бөлүмдөрү жайгашкан өзүнчө имарат авариялык деп табылган. Бул жагдай жаңы имарат курууну өзгөчө зарыл кылууда.
Министр Эркин Чечейбаев өз сөзүндө алыскы аймактардагы медициналык инфраструктураны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, мындай деди:
«Медициналык жардамга алыскы аймактардын тургундары да толук жеткиликтүү болушу керек. Биз ар бир жаран кайсы жерде жашабасын, сапаттуу жана өз убагында жардам ала тургандай шарттарды түзүшүбүз зарыл», — деди министр.
Чаткал ЖДПБ 19 миңден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Анын курамында беш жалпы дарыгерлер тобу, сегиз ФАП, үч стационардык бөлүм жана төрт "тез жардам" пункту бар. 2024-жылы төрөт бөлүмүндө 224 наристе төрөлгөн, бирок 156 аял башка райондордогу төрөт үйүнө барууга мажбур болгон. 2025-жылдын алты айында 80 бала ушул мекемеде төрөлсө, дагы 43 кош бойлуу айым район сыртынан жардам издөөгө аргасыз болгон.
Бул сандар төрөт бөлүмүнүн коопсуз жана толук кандуу инфраструктурасын жеринде түзүү зарылдыгын көрсөтөт. Жаңы имарат куруу менен кош бойлуулардын район сыртында төрөөгө муктаждыгы азайып, аялдар үчүн өз аймагында эле сапаттуу шартта төрөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул Чаткал сыяктуу алыскы жана жол каттамы татаал аймактарда өзгөчө маанилүү.
Учурда мекемеде 15 дарыгер иштейт, алардын үчөө чакыртылган адистер. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан ай сайын 30 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм жана турак жай берилет. Ошол эле учурда алты адис жетишпейт — алардын катарында эки жалпы дарыгер, педиатр, неонатолог, эндокринолог жана невропатолог бар.