Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Улуттук дем дүйнөлүк бийиктик” унгужолунун максаттарын ишке ашыруу, жайылтуу жөнүндө маалымат берди

31.03.2025 / Просмотров: 7693

2024-жылдын 18-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем дүйнөлүк бийиктик” унгужолун ишке ашыруу максатында 2025-жылдын 28-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.А. Мураталиев Министрликтин Борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине аталган Жарлык  жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жарлыкта айтылган “Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз элинин эгемендикке ээ болгон жылдарында улуттук баалуулуктары көңүлгө алынбай, улут билгелери баркталбай, жарандык сезими алсырап, келечекке болгон ишеними азайып кеткендиги тууралуу сөз кылган төрага кыргыз элинин байыртадан азыркыга чейинки тарыхый баскан жолун баяндап, Кыргыз мамлекетүүлүгүКыргыз улуу державасы улуу дөөлөт түзгөн байыркы элдерден экендиги  жөнүндө Кытай тарыхый булактарында сөз кылынгандыгын айтып, кызыктуу маек куруп берди.  Уңгужол мамлекеттик кызматкерлердин жана жалпы коомчулуктун улуттук аң-сезимин көтөрүүгө, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган стратегиялык идеологиялык негиз болуп саналат, ошондуктан “Өлкөнүн өнүгүү багыты, элдин максат-тилеги, карманган баалуулуктарыбыз бир болгондо гана ишке ашат, мунун өзөгү болуп саналган мамлекеттик тилди өнүктүрүү, коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө колдонууну камсыз кылуу үчүн биргеликте иш алып барышыбыз керек-  деп баса белгиледи Мелис Мураталиев.

 

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.11.2025
Кыргыз дарыгерлери Кытайда эндоскопиялык хирургиянын заманбап ыкмалары боюнча окуудан өтүшүүдө

Саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлери Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарындагы Санья клиникасында «Эндоскопиялык хирургия» тема боюнча эки жумалык окуудан өтүп жатышат.

Делегациянын курамында төрт дарыгер жана Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүнүн башчысы бар. Ал кыргыз тараптын аталган программага катышуусун координациялоодо.

Окуу эл аралык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулуп, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга, заманбап минималдык инвазивдүү технологияларды өздөштүрүүгө жана медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Программа лекциялардан, мастер-класстардан жана Санья клиникасынын алдыңкы адистеринин жетекчилиги астында өтүүчү хирургиялык операцияларга катышуудан турат. Дарыгерлер эндоскопиялык операциялардын эң жаңы ыкмаларын, ошондой эле операциядан кийинки бейтаптарды кароо жана жогорку технологиялык хирургиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруу маселелерин өздөштүрүүдө.

«Кыргызстан медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Мындай эл аралык стажировкалар биздин дарыгерлерге дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны үйрөнүүгө жана заманбап технологияларды улуттук практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов.

Тажрыйба алмашуу медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн хирургиялык кызматын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

06.11.2025
Кыргызстандын балдар онкологдору — дүйнөлүк илимий аренада!

Кыргызстандын балдар онколог дарыгерлер тобунун постердик баяндамасы 2025-жылдын октябрь айында Нидерланд Королдугунун Амстердам шаарында өткөн Эл аралык балдар онкологиясы коомунун (SIOP – International Society of Paediatric Oncology) конгрессинде жарыяланды.

Баяндаманын темасы:
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Эл аралык рак изилдөө агенттигинин (МАИР) биргелешкен «DEDICA» долбоорунун маалыматынын негизинде «Кыргыз Республикасында балдар рагынын кеч диагноз коюлушунун жана дарылоонун кеч башталышынын детерминанттары».

Авторлор:
Камбарова Ж.А., Стамбеков С.А., Идрисова Р., Айдарбекова А.А., Алтымышева А.Т.

SIOP конгресси — дүйнөдөгү балдар онкологиясы боюнча эң ири илимий коом, ал дүйнөнүн бардык бурчундагы дарыгерлерди, изилдөөчүлөрдү жана окумуштууларды бириктирет.

Кыргыз командасынын ишинин эл аралык деңгээлде жарыяланышы — өлкө медицинасы үчүн маанилүү окуя. Бул биздин адистердин жогорку кесипкөйлүгүн жана Кыргызстандын дүйнөлүк балдар онкологиясынын өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырат.

Изилдөө кеч диагноз коюу көйгөйүнө көңүл буруп, онкологиялык оорулары бар балдардын дарылоосуна жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.

06.11.2025
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —УКМК төрагасы генерал-полковник К. Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрадан барды

      Бүгүн, 2025-жылдын 5-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК  төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.
      Иш сапарынын жүрүшүндө К.Ташиев борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берди.
      Аталган жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.
      Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда К.Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдууларды сатып алууну убада кылды.
      Ошол эле учурда, борбордун дарыгерлери К.Ташиевге ыраазычылык билдиришип, борбор үчүн 180 орундуу (4400 чарчы метр) унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле дарыгерлер үчүн бир кызматтык унаа берүүнү суранышты.
      Өз кезегинде К.Ташиев борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайды тез арада куруп берүүнү жана бир унаа берүүнүн ордуна, борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилээрин убада кылды.
     Мындан тышкары, К.Ташиев өлкөдө саламаттыкты сактоо системалуу түрдө өнүгүп жатканын баса белгиледи: ар кайсы аймактарда жаңы ооруканалар курулуп, медициналык мекемелер модернизацияланып, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылып жатканы айтылды.
      К.Ташиев ошондой эле келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бир топ жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.
      Иш-чаранын соңунда Улуттук борбордун кызматкерлери саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана көңүл буруусу үчүн өлкө жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.