Copyright: ©

Санариптик чечимдер саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жана жооп кайтарууну олуттуу түрдө жакшыртат

06.09.2023 / Просмотров: 606

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев, Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Б.Джангазиев жана Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директорунун орун басары Ч.Бексултанов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун "Санариптик доордогу саламаттык сактоо системаларынын келечеги" аттуу экинчи симпозиумуна катышууда.

 

Симпозиумда саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу, чоң маалыматтарды талдоо, саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана башка маселелер талкууланды.

 

«Санариптик чечимдер саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жана жооп кайтарууну олуттуу түрдө жакшыртат, тобокелдиктерди азайтат жана калк саламаттыгын натыйжалуу коргоого жардам берет. Кыргызстанда пандемия учурунда санариптик платформалар саламаттыкты сактоо кызматтарын координациялоо, байланыштарды издөө системалары, маалыматтык башкаруу жана мониторинг системалары колдонулду”, - деди Б.Джангазиев саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда санариптик чечимдерди колдонуу боюнча панелдик сессияда сүйлөп жатып.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги санариптик ден соолук тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн 2022-жылдын Максаттуу тобунун жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баштапкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын программасынын сыйлыгына татыган.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

06.12.2023
Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы балдар стационарларында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук ооруларына байланыштуу болуп жаткан кырдаал мезгилде ишти күчөтүүгө тапшырма берди

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык жогорулоо мезгилинде балдар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме КР Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адистеринин жана Бишкек шаарындагы балдар стационарларынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

КРВИ жана сасык тумоо боюнча маалыматты угуп, министр КРВИ жана пневмония менен ооруган этиологиясы такталбаган балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн балдарды кабыл алууга кошумча керебеттерди жайгаштыруу тапшырмасын берди. КРВИ жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун базасында 30 койка жана ошондой эле Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын санын 45 койкага чейин убактылуу уюштурулат.

Мындан тышкары, ЖКККБнын кадрдык потенциалын күчөтүү максатында Бишкек шаарынын ҮМБ педиатрлардын кызматын уюштуруу, жана 2-3 курстардын ординаторлорун кырдаалга байланыштуу жумушка чакыруу айтылды.

Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунунда ишти күчөтүү үчүн кошумча 10 врачтык ставканы бөлүп берүү керектиги каралды.

Ошондой эле КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык өсүү мезгилинде ҮМБнын алдындагы күндүзгү стационарлардын ишин кайра кароо,тактап айтканда бейтаптарды дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.00 дөн 20.00 гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки сменада кабыл алууну графиги бекитилди.

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

- маска режимин жана аралыкты сактоо;

- дем алуу гигиенасын сактоо – тактап айтканда оозду жана мурунду жабуу

жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;

- сасык тумоону жуктуруп алган адамдарды өз убагында изоляциялоо

- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, дайыма бөлмөлөрдү желдетүү, бөлмөлөрдү таза кармоо ж.б.).

06.12.2023
СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун гранттык каражатына Кыргызстандын өлкөлүк өтүнүчүнө кол коюлат

Бүгүн, 2023-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргызстанда СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруунун келээрки жылдарга даярдык көрүү маселелери талкууланган жыйын өттү.

Кеңешме саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Жылдыз Садырбаева, Айбек Маткеримов, Глобалдык фонддун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Думитру Латичевскинин,  ГФ портфолио менеджеринин милдетин аткаруучусу Корина Максим, ГФ Программалык кызматкери Вира Землянска жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда өттү.

СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун делегациясы менен жолугушууда АИВ жана кургак учук боюнча ГФдун грантын ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы АИВ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитеттин курамын талкууланды. Негизги реципиенттин кийинки ишке ашыруу мезгилине даярдыгын, анын ичинде күтүлбөгөн кырдаалдарды пландаштыруу жана келечектеги өткөөлгө карата Саламаттык сактоо министрлигинин Программаны ишке ашыруу бөлүмү менен кызматташууну баалоо.

Министр Глобалдык Фонддун миссиясынын мүчөлөрүнө АИВ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүгө, ошондой эле биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд менен кызматташуу АИВ инфекциясынын жана кургак учуктун жугушун алдын алууда белгилүү ийгиликтерге жетишүүгө жардам берип жатат. Бүгүнкү күндө биздин жалпы милдетибиз – АИВ-инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүдө бизге белгилүү болгон кемчиликтерди жоюу», - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

  Глобалдык фонддун Кыргызстан боюнча Программалык кызматкери Вира Землянска өз кезегинде Кыргызстандын гранттык каражаттарга өтүнмөсү Глобалдык фонд тарабынан жактырылганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу жолугушууларды жана документке кол коюу аземин өткөрүү боюнча макулдашышты.

06.12.2023
КР Саламаттык сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Улуттук госпиталга барышты

6-декабрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга барды.

Министр менен депутат оорукананын бөлүмдөрүн, палаталарды кыдырып, бейтаптар менен баарлашып, алардын ал-абалын сурап, дарылануу үчүн уюштурулган шарттар менен таанышышты. Ошондой эле Улуттук госпиталдын аймагында жайгашкан «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышышты.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо жарандардын сапаттуу жана квалификациялуу медициналык кызматтарды алуусу керектигине токтолду. Ал ошондой эле аймактарды, тактап айтканда, Нарын облусунун Кочкор районун кыдырып, «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалардын иши менен таанышканын белгиледи. «Мамлекеттик дарыкана ачуу министрдин эң жакшы демилгелеринин бири. Дары-дармектер чындыгында жеке дарыканаларга караганда арзан сатылуусуна өзүм күбө болдум. Бул ишти колдоо керек жана биз депутаттар да өз тараптан мамлекеттик дарыканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана колдоого даярбыз», - деди депутат.