Copyright: ©
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык кызматкерлерине курч кармаган миокард инфаркты жана инсульт учурундагы негизги кызматтар боюнча тренинг уюштурулду
16.11.2023 / Просмотров: 4945
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 16-20-ноябрь күндөрү медициналык кызматкерлерге Кардиология боюнча чукул жардам программасынын алкагында курч кармаган миокард инфаркты жана инсульт учурундагы негизги кызматтар боюнча окуулар өткөрүлөт.
170тен ашык медицина кызматкерлери баштапкы деңгээлде диагностикалоонун жана дарылоонун, саламаттык сактоонун кийинки этабына которуунун, ошондой эле зарыл болгон учурда ооруканага жаткыруунун негизги маселелери боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборунда жана Улуттук госпиталда окутулат.
Бүгүнкү иш-чарада саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова сөз сүйлөп жатып, бейтаптарды БМСЖдан кайра багыттоо боюнча жакшы координацияланган системанын маанилүүлүгүн, анда курч кармаган миокард инфаркты жана инсульттун белгилерин өз убагында аныктоо керектигин, ал эми үчүнчү даражадагы саламаттык сактоо уюмдарынын башчылары ST сегментинин көтөрүлүшү жана инсульт менен курч кармаган миокард инфаркты боюнча негизги кызматтарды күчөтүүнү координациялап, бейтаптарга бардык зарыл болгон жогорку технологиялык, адистештирилген жардамды көрсөтүүгө тийиш экенин белгиледи
УКжТБнын директору, профессор Талант Сооронбаев “Ыкчам кардиология” программасын ишке ашырууда Борбордун флагман болууга, ошондой эле аймактардан келген дарыгерлерге методикалык жардам көрсөтүүгө, тромболитикалык терапия боюнча иш ордунда окутууга даяр экендигин билдирди.
Мындан тышкары, бейтаптарга жардам көрсөтүүдө медайымдардын ролу жогорулап жатканын эске алуу менен аларды инфаркт жана инсульт учурунда алгачкы симптомдорду таанууга жана биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүү пландалып жатканы белгиленди.
Бул тренинг Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынат.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
12.05.2025
Бишкекте медайымдык иш боюнча VI Эл аралык форум болуп өттү
2025-жылдын 12-майында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү жана Акушерлер күнүнүн белгиленишине карата медайымдык иш боюнча VI Эл аралык форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарынын медайымдары, Корея Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү катышты.
Форумдун ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева жана Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Элнура Боронбаева сөз сүйлөп, медайымдардын оорулардын алдын алууда жана калктын жашоо сапатын жогорулатууда зор салымы бар экенин баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн бир катар адистер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
«Медайымдык илим: изилдөө, өнүгүү жана инновациялар» урааны алдында өткөн форум төмөнкү негизги багыттарды талкуулоого арналды:
- медайымдык илимдеги изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
- медайымдардын жана акушерлердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу;
- медайымдык билим берүү жана практиканы өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.
Кыргызстанда медайымдар менен акушерлер өлкөдөгү медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Алардын саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүүгө, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана калктын жалпы медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого кошкон салымы баа жеткис. Медайымдар калк менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы байланыштын 90% камсыздашат жана бейтаптардын жашоосунун бардык этаптарында коштоп жүрүшөт. Айрыкча алыскы аймактарда алардын ролу өзгөчө мааниге ээ, анткени көп учурда алар бейтапка жалгыз жеткиликтүү медициналык адис болуп саналат.
2025-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү «Биздин медайымдар. Биздин келечек. Медайымдарга кам көрүү — экономиканы чыңдайт» ураанынын алдында өтүүдө. Бул ураан медайымдар үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүнүн, алардын физикалык жана психикалык жыргалчылыгын колдоонун жана кесиптик түйшүктөн сактоонун маанилүүлүгүн белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медайымдардын ролун кеңейтүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп келет. Реформанын алкагында дарыгерлердин айрым функциялары, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугун коргоо, паллиативдик жардам көрсөтүү тармактарында медайымдарга өткөрүлүп берилүүдө.
12.05.2025
Президенттин бардык тапшырмалары аткарылды: Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүлүү улантылууда
2025-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Убактылуу Республикалык диагностикалык борбордун имаратында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХжОТИИ) борборуна барып, “Global Cardiac Alliance” эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген.
Саламаттык сактоо министрлиги, КММАнын командасы, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы, ЖХжОТИИ жана кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте бардык кемчиликтер жоюлду. Атап айтканда:
• Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.
• Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.
• Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.
• “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.
• Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.
ЖХжОТИИ имаратында болгон өрт кырсыгынан кийин борбор убактылуу Республикалык диагностикалык борборго көчүрүлгөн. Бирок ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Ошону менен катар кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бул клиниканын толук кандуу иштешин калыбына келтирип, балдарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул тармакты чыңдоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган медициналык мекемеге болгон акыркы сапарында берилген тапшырмаларынын алкагында улантылат. Мамлекет башчысы балдардын өмүрү менен саламаттыгын мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы катары так белгиледи.
Эске салсак, 2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды.
30.04.2025
Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 6 миңден ашты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 29-апрелине карата өлкө боюнча кызамыктын 6 102 учуру катталды.
Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 9 өлүм катталды, алардын ичинен:
6 учур — бир жашка чейинки балдар арасында (жашы жетпегендиктен эмделбеген);
2 учур — медициналык каршылыгы бар адамдар арасында;
1 учур — эмдөөдөн баш тартуу фонунда болгон.
Бишкек шаары — 3 791 учур
Ош шаары — 384 учур
Чүй облусу — 755 учур
Ош облусу — 478 учур
Талас облусу — 156 учур
Жалал-Абад облусу — 196 учур
Баткен облусу — 131 учур
Ысык-Көл облусу — 93 учур
Нарын облусу — 118 учур
Жалпы ооругандардын ичинен 5 749 адам (94%) эмделбеген. Алардын ичинен:
1 834 адам (30%) — жашы жетпегендиктен эмделбеген
2 726 адам (45%) — эмдөөдөн баш тарткандар
532 адам (9%) — медициналык каршылыгы барлар
100 адам (2%) — мигранттар
557 адам (9%) — эмдөө макамы белгисиз
Эмделгендер – 353 адам (6%):
193 адам — ККП вакцинасын бир жолу алган
160 адам — ККП вакцинасын эки жолу алган
Кызамык боюнча эпидемиялык кырдаалга жооп катары, өлкө боюнча 9 айдан 7 жашка чейинки 906 миңден ашуун балага эки этаптуу иммунизация жүргүзүлгөн. Бирок, карабастан, кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдөн баш тартуу деңгээли жогору бойдон калууда.
Оорунун жайылышын токтотуу жана контролдоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү иштерди аткарууда:
2025-жылдын 11-апрелинде №380 буйрукка кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын алдын алуучу эмдөөлөрдүн календардык мөөнөтү менен өз убагында эмделбеген балдарды, өспүрүмдөрдү жана жарандарга кошумча иммунизациялоо» жүргүзүү каралган.
2025-жылдын 14–26-апрель күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында 2 000ден ашуун медициналык кызматкерлер үчүн наверстывающая иммунизацияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү.
2025-жылдын 12-майынан баштап кошумча эмдөө иш-чаралары башталат. Учурда даярдык иштери жүрүүдө, вакциналар жана керектүү материалдар аймактарга жеткирилүүдө, эмдөө календары боюнча эсептер жүргүзүлүүдө жана маалыматтык материалдар басылып чыгарылууда.