Copyright: ©

Бишкекте Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат өттү

05.07.2024 / Просмотров: 13162

Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Бүгүн, 2024-жылдын 5-июлунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган медицина коомчулугунун салтанаттуу жыйыны болду.

 

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, саламаттыкты сактоо тармагынын ардагерлери ж.б. катышты.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жарандардын саламаттыгын жана бакубаттуулугун сактоого жана коргоого кошкон салымын баса белгиледи.

Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттын жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып: «Дарыгерлик кесип коомдо ар дайым өзгөчө кадыр-баркка ээ болуп келген жана мындан ары да кадыр-барктуу кесиптердин бири болуп кала берет», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина кызматкерлерин – бүт өмүрүн адамзаттын ден соолугуна жана өмүрүнө кам көрүү асыл миссиясына арнагандардын бардыгын кесиптик майрамы менен куттуктап, медицина кызматкеринин күнүмдүк эмгеги, өз кызматына жана кесибине берилгендиги, кесипкөйлүк жана мыкты адамдык сапаттары эң жогорку баага жана ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи.

Майрамдык салтанатта салт боюнча мыктылар жана татыктуулар сыйланышты. 405 медкызматкер «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгисинин ээси болуп, 367 медицина кызматкери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Боорду алмаштыруу боюнча операцияларды ийгиликтүү жасаганы үчүн трансплантологдордун тобу да сыйланды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө

2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду. 

Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.

Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.

17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды

2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.

 

Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.

13.01.2025
Республикадагы сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча 2024-жылдын 2-жумасында (06.01.25 - 12.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталган (и.к. 105,0), өткөн жумага салыштырмалуу (01-жума, и.к. 60,0) +1,7 эсе жогору катталган, бул эпидемиялык босогодон (148,1) -29,1%га төмөн. Ооругандардын 7,9%ы (586 бейтап) ооруканага жаткырылган.

 Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга (КРИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

Октябр айынан баштап (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 2-жумасына чейин) 1335 үлгү алынган, анын ичинен 128и оң, анын ичинде 78,9% А (H1N1 (2009) - 100 учур, H3N2-1 учуру)), В-9,4% (12 учур), COVID-19 – 11,7% (15 учур).

Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, алардын ичинен РС вирусу – 30,3% (280), риновирус – 26,2% (242), аденовирус – 12,8% (118), I-IV парагрипп – 11,4% (105), башкалар – 19,3% (179).

Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлгө алынат.

 

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.