Copyright: ©
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды
25.07.2023 / Просмотров: 1791
2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коллегия өтүп, анда ведомствонун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.
Коллегия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун, коллегиянын мүчөлөрүнүн жана республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Эдиль Жолдубаевич Байсалов өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы өлүм көрсөткүчүнүн азайышын, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнүн азайгандыгын баса белгиледи. «Өлкөдө жалпы өлүмдүн олуттуу төмөндөшү медицина кызматкерлеринин ишининнатыйжалуулугун, жакшыртылган медициналык технологияларды жана сапаттуу дарылоонун жеткиликтүүлүгүн көрсөтүп турат. Саламаттыкты сактоо системасынын ийгилигинин эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири - ымыркайлардын өлүмүнүн кыскарышы болуп саналат. Эненин жана баланын ден соолугун коргоо боюнча жаңы программаларды киргизүү, педиатриялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана болочок ата-энелерге балага кам көрүү боюнча билим берүү бул көрсөткүчтүн жакшыруусуна өбөлгө түздү. Акушердик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кош бойлуу аялдарды колдоо жана медициналык кызматкерлерди даярдоону жакшыртуу менен энелердин өлүмүн азайтууга мүмкүн болду. Бул келечек муундардын саламаттыгын камсыздоодогу маанилүү кадам. Жетишилген ийгиликтерге карабастан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди уланта бермекчи. Алыскы аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ар кандай ооруларды диагностикалоо жана дарылоодо инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча кошумча иш-чаралар пландаштырылууда. Жарым жылдыктагы жетишкендиктер туура багыт алынганын, саламаттыкты сактоо тармагындагы аракеттер токтобой турганын айгинелейт. Өкмөт медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртууга жана өлкөнүн калкынын саламаттыгын камсыздоого умтулат”.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова ведомствонун жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы боюнча баяндама жасап, ошондой эле негизги оорулар боюнча статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду.
Республикада калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү КР УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 12,0%га төмөндөп, 1000 жашоочуга 4,4 түздү (2022-ж. - 5,0). 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы республика боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн 1,3%га төмөндөшү белгиленген (2023-ж. - 14,7; 2022-ж. - 1000 тирүү төрөлгөнгө 14,9). Энелердин өлүмүнүн деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,6%га төмөндөгөн (2022-ж. – 33,1/23 аб.с.; 2023-ж. – 100 000 тирүү төрөлгөнгө 29,0/20).
Ошондой эле, министр Гүлнара Баатырова республиканын калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында министрдин орун басарларына, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине жана башкармалыктардын башчыларына бир катар тапшырмаларды берди.
«Биз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга карата Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча «Эң жакшы» деген баа алдык. Бул жогорку баа, аны биз жылдын аягында ырасташыбыз керек. Ушуга байланыштуу белгиленген иш-чаралардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти башкармалыктардын башчыларына жүктөйм. Алар – дары-дармектерге көз салуу системасын киргизүү, “Медициналык туризм” кластерин ишке киргизүү, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчүлөргө акы төлөө механизми жана Мамлекеттик кепилдик программасын кайра карап чыгуу, көндүмдөрдү жана компетенцияларды баалоо борборун түзүү».
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүүгө өтүү үчүн Санариптик амбулатордук картанын ишке ашырылышын жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды. Жылдын аягына чейин биз бул маалыматтык системаны 40%дан кем эмес баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында ишке киргизишибиз керек. «Жылдын аягына чейин медициналык статистиканы чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча онлайн платформа иштеп чыгууну тапшырам жана жылдык отчетторду тапшыруу үчүн Бишкекке эч ким келбесин. Ошентип, биз статистикалык маалыматтардын сапаттуу жана ыкчам алынышын камсыздап, иш сапарга кеткен чыгымдардан дээрлик 7 миллион сом үнөмдөйбүз», - дейт Гүлнара Баатырова.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
07.11.2025
Кыргыз дарыгерлери Кытайда эндоскопиялык хирургиянын заманбап ыкмалары боюнча окуудан өтүшүүдө
Саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлери Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарындагы Санья клиникасында «Эндоскопиялык хирургия» тема боюнча эки жумалык окуудан өтүп жатышат.
Делегациянын курамында төрт дарыгер жана Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүнүн башчысы бар. Ал кыргыз тараптын аталган программага катышуусун координациялоодо.
Окуу эл аралык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулуп, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга, заманбап минималдык инвазивдүү технологияларды өздөштүрүүгө жана медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Программа лекциялардан, мастер-класстардан жана Санья клиникасынын алдыңкы адистеринин жетекчилиги астында өтүүчү хирургиялык операцияларга катышуудан турат. Дарыгерлер эндоскопиялык операциялардын эң жаңы ыкмаларын, ошондой эле операциядан кийинки бейтаптарды кароо жана жогорку технологиялык хирургиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруу маселелерин өздөштүрүүдө.
«Кыргызстан медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Мындай эл аралык стажировкалар биздин дарыгерлерге дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны үйрөнүүгө жана заманбап технологияларды улуттук практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов.
Тажрыйба алмашуу медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн хирургиялык кызматын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
06.11.2025
Кыргызстандын балдар онкологдору — дүйнөлүк илимий аренада!
Кыргызстандын балдар онколог дарыгерлер тобунун постердик баяндамасы 2025-жылдын октябрь айында Нидерланд Королдугунун Амстердам шаарында өткөн Эл аралык балдар онкологиясы коомунун (SIOP – International Society of Paediatric Oncology) конгрессинде жарыяланды.
Баяндаманын темасы:
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Эл аралык рак изилдөө агенттигинин (МАИР) биргелешкен «DEDICA» долбоорунун маалыматынын негизинде «Кыргыз Республикасында балдар рагынын кеч диагноз коюлушунун жана дарылоонун кеч башталышынын детерминанттары».
Авторлор:
Камбарова Ж.А., Стамбеков С.А., Идрисова Р., Айдарбекова А.А., Алтымышева А.Т.
SIOP конгресси — дүйнөдөгү балдар онкологиясы боюнча эң ири илимий коом, ал дүйнөнүн бардык бурчундагы дарыгерлерди, изилдөөчүлөрдү жана окумуштууларды бириктирет.
Кыргыз командасынын ишинин эл аралык деңгээлде жарыяланышы — өлкө медицинасы үчүн маанилүү окуя. Бул биздин адистердин жогорку кесипкөйлүгүн жана Кыргызстандын дүйнөлүк балдар онкологиясынын өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырат.
Изилдөө кеч диагноз коюу көйгөйүнө көңүл буруп, онкологиялык оорулары бар балдардын дарылоосуна жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
06.11.2025
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —УКМК төрагасы генерал-полковник К. Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрадан барды
Бүгүн, 2025-жылдын 5-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.
Иш сапарынын жүрүшүндө К.Ташиев борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берди.
Аталган жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.
Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда К.Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдууларды сатып алууну убада кылды.
Ошол эле учурда, борбордун дарыгерлери К.Ташиевге ыраазычылык билдиришип, борбор үчүн 180 орундуу (4400 чарчы метр) унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле дарыгерлер үчүн бир кызматтык унаа берүүнү суранышты.
Өз кезегинде К.Ташиев борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайды тез арада куруп берүүнү жана бир унаа берүүнүн ордуна, борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилээрин убада кылды.
Мындан тышкары, К.Ташиев өлкөдө саламаттыкты сактоо системалуу түрдө өнүгүп жатканын баса белгиледи: ар кайсы аймактарда жаңы ооруканалар курулуп, медициналык мекемелер модернизацияланып, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылып жатканы айтылды.
К.Ташиев ошондой эле келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бир топ жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Улуттук борбордун кызматкерлери саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана көңүл буруусу үчүн өлкө жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.