Copyright: ©

Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк кардиология конгрессинде кыргызстандык жаш дарыгер баяндама жасады

02.09.2024 / Просмотров: 2817

2024-жылдын 31-августунда академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жаш дарыгери А.Р. Рустамбекова Лондондо (Улуу Британия) өткөн Европалык кардиология коомунун дүйнөлүк конгрессинде илимий баяндама жасады. Анын англис тилиндеги баяндамасы эл аралык эксперттер тарабынан жогору бааланып, кызуу талкуу жаратты.

Бул жылы конференция дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 30 миңге жакын катышуучулардын башын бириктирип, Кыргызстандын жаш дарыгеринин катышуусу Улуттук кардиология жана терапия борборунда адистердин жогорку деңгээлде даярдалаарын айгинеледи.

Улуттук кардиология жана терапия борборунда жаш илимий дарыгерлерди даярдоого жана эл аралык илимий-медициналык коомчулук менен активдүү интеграцияга жана Кыргыз Республикасында медицина илимин өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы илимий медициналык кластер түзүлдү.

Европалык кардиология коомунун жетекчилиги жана европалык алдыңкы кардиологиялык борборлор менен кызматташуу жана Кыргызстанда кардиологияны өнүктүрүү боюнча жолугушуулар болуп жатканы да маанилүү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

12.05.2025
Бишкекте медайымдык иш боюнча VI Эл аралык форум болуп өттү

2025-жылдын 12-майында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү жана Акушерлер күнүнүн белгиленишине карата медайымдык иш боюнча VI Эл аралык форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарынын медайымдары, Корея Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева жана Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Элнура Боронбаева сөз сүйлөп, медайымдардын оорулардын алдын алууда жана калктын жашоо сапатын жогорулатууда зор салымы бар экенин баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн бир катар адистер ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

«Медайымдык илим: изилдөө, өнүгүү жана инновациялар» урааны алдында өткөн форум төмөнкү негизги багыттарды талкуулоого арналды:

  • медайымдык илимдеги изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
  • медайымдардын жана акушерлердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу;
  • медайымдык билим берүү жана практиканы өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.

Кыргызстанда медайымдар менен акушерлер өлкөдөгү медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Алардын саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүүгө, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана калктын жалпы медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого кошкон салымы баа жеткис. Медайымдар калк менен саламаттык сактоо системасынын ортосундагы байланыштын 90% камсыздашат жана бейтаптардын жашоосунун бардык этаптарында коштоп жүрүшөт. Айрыкча алыскы аймактарда алардын ролу өзгөчө мааниге ээ, анткени көп учурда алар бейтапка жалгыз жеткиликтүү медициналык адис болуп саналат.

2025-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү «Биздин медайымдар. Биздин келечек. Медайымдарга кам көрүү — экономиканы чыңдайт» ураанынын алдында өтүүдө. Бул ураан медайымдар үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүнүн, алардын физикалык жана психикалык жыргалчылыгын колдоонун жана кесиптик түйшүктөн сактоонун маанилүүлүгүн белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медайымдардын ролун кеңейтүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп келет. Реформанын алкагында дарыгерлердин айрым функциялары, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугун коргоо, паллиативдик жардам көрсөтүү тармактарында медайымдарга өткөрүлүп берилүүдө.

12.05.2025
Президенттин бардык тапшырмалары аткарылды: Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүлүү улантылууда

2025-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Убактылуу Республикалык диагностикалык борбордун имаратында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХжОТИИ) борборуна барып, “Global Cardiac Alliance” эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген.

Саламаттык сактоо министрлиги, КММАнын командасы, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы, ЖХжОТИИ жана кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте бардык кемчиликтер жоюлду. Атап айтканда:

• Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.

• Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.

• Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.

• “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.

• Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.

ЖХжОТИИ имаратында болгон өрт кырсыгынан кийин борбор убактылуу Республикалык диагностикалык борборго көчүрүлгөн. Бирок ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Ошону менен катар кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бул клиниканын толук кандуу иштешин калыбына келтирип, балдарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул тармакты чыңдоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган медициналык мекемеге болгон акыркы сапарында берилген тапшырмаларынын алкагында улантылат. Мамлекет башчысы балдардын өмүрү менен саламаттыгын мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы катары так белгиледи.

Эске салсак, 2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды.

 

30.04.2025
Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 6 миңден ашты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 29-апрелине карата өлкө боюнча кызамыктын 6 102 учуру катталды.


Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин  9 өлүм катталды, алардын ичинен:

6 учур — бир жашка чейинки балдар арасында (жашы жетпегендиктен эмделбеген);

2 учур — медициналык каршылыгы бар адамдар арасында;

1 учур — эмдөөдөн баш тартуу фонунда болгон.

 

Бишкек шаары — 3 791 учур

Ош шаары — 384 учур

Чүй облусу — 755 учур

Ош облусу — 478 учур

Талас облусу — 156 учур

Жалал-Абад облусу — 196 учур

Баткен облусу — 131 учур

Ысык-Көл облусу — 93 учур

Нарын облусу — 118 учур


Жалпы ооругандардын ичинен 5 749 адам (94%) эмделбеген. Алардын ичинен:

1 834 адам (30%) — жашы жетпегендиктен эмделбеген

2 726 адам (45%) — эмдөөдөн баш тарткандар

532 адам (9%) — медициналык каршылыгы барлар

100 адам (2%) — мигранттар

557 адам (9%) — эмдөө макамы белгисиз

Эмделгендер – 353 адам (6%):

193 адам — ККП вакцинасын бир жолу алган

160 адам — ККП вакцинасын эки жолу алган


Кызамык боюнча эпидемиялык кырдаалга жооп катары, өлкө боюнча 9 айдан 7 жашка чейинки 906 миңден ашуун балага эки этаптуу иммунизация жүргүзүлгөн. Бирок, карабастан, кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдөн баш тартуу деңгээли жогору бойдон калууда.

Оорунун жайылышын токтотуу жана контролдоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү иштерди аткарууда:

2025-жылдын 11-апрелинде №380 буйрукка кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын алдын алуучу эмдөөлөрдүн календардык мөөнөтү менен өз убагында эмделбеген балдарды, өспүрүмдөрдү жана жарандарга кошумча иммунизациялоо» жүргүзүү каралган.

2025-жылдын 14–26-апрель күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында 2 000ден ашуун медициналык кызматкерлер үчүн наверстывающая иммунизацияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү.

2025-жылдын 12-майынан баштап кошумча эмдөө иш-чаралары башталат. Учурда даярдык иштери жүрүүдө, вакциналар жана керектүү материалдар аймактарга жеткирилүүдө, эмдөө календары боюнча эсептер жүргүзүлүүдө жана маалыматтык материалдар басылып чыгарылууда.