Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу илимий медициналык мекемелеринин саламаттык сактоо тармагында изилдөөлөрдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн жаңы интеграцияланган моделинин консорциуму түзүлдү

28.03.2025 / Просмотров: 7989

2025-жылдын 24 – мартында Академик М.Миррахимов атындагы УКТБ КР ССМ илимий жана билим берүү мекемелери арасында кызматташтык  жөнүндө  Меморандумуна кол коюуу аземи болуп өттү.

Саламаттык сактоо чөйрөсүндө туруктуу жана эффективдүү улуттук системаны түзүү медициналык илимдин өнүгүүсүнө жана билимдин таралышына, саламаттык сактоо системасындагы кудреттин жогорулашына  алып  келүү  менен  калктын  ден соолугун чыңдоону   жана элдин  жашоо  сапатын  арттырууну, коопсуздук  боюнча глобалдык, улуттук максаттардын ишке ашышын камсыздайт.

Ушул максатта КР ССМ илимий мекемелеринин биригүүсү жана медицина тармагында өз ара бири -бирин толуктоочу компетенциялар менен , илимдин инфраструктурасын бирге өнүктүрүү менен, келечекте трансляциялык медицинаны өнүктүрүү менен бардык инновациялык лабораториядан – клиникага чейинки чынжырды камтыган жалпы илимий чөйрөнү жаратуу.

Бул адамдардын ден соолугуна карата өткөрүлүп жаткан илим-изилдөө иштер ортосундагы өз ара байланыштырды жаратууга мүмкүнчүлүк берүү менен калкка эффективдүү медициналык кызмат сунуштоону камсыз кылат.

Ошол контексте интеграцияга багытталган кластердик ык менен  артыкчылыктуу илимий программалар алкагындагы илимий иштерди өткөрүүдө жана уюштурууда, жалпы эле илимий кудретти бекемдөөдө, инновациялык жана технологиялык стимулда концепцияны, мультдисциплинардык  жана секторлор  аралык ыктарды иштеп чыгуу чоң кызыгууну жаратат. 

Бул  медициналык илимий кластер медицина тармагындагы алдыңкы эксперттердин, жаш изилдөөчүлөрдүн муунун  бириктирген алдыңкы илимий топтун заманбап модели болуп саналат.

 

Жогоркуларды эске алуу менен саламаттык сактоодогу артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий иштерди биргеликте уюштуруу макстында эл аралык стандарттарга жооп бергендей, сапаттуу, заманбап, интеграцияланган моделдеги  КР ССМ илимий мекемелеринин Консорциумун түзүү маанилүү жагдай болуп саналат.

Келечекте бул түзүлгөн консорциум жана кластер Кыргыз Республикасында инновациялык, ресурстук билим алмашууну жаратып, саламаттык сактоодогу жана медицинадагы туруктуу прогресстин  болушун камсыз кылат.

Ошол максатта КР  ССМ улуттук илимий медициналык борборлору жана жогорку медициналык билими берүү мекемелери ортосунда Меморандумга төмөнкү курамда кол коюлду.

 

  • Академик М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Улуттук балалыкты жана энени коргоо борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору;
  • Улуттук фтизиатрия борбору
  • М.М.Мамакеев атындагы улуттук хирургия борбору
  • Улуттук коомдук саламаттык сактоо институту;
  • С.Б.Данияров атындагы кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту;
  • Россия Федерациясыны биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети;

 

Меморандум саламаттык сактоо тармагындагы узак мөнөттөгү өз ара кызматташтыкты, өнүгүүнү, билим алууну шарттайт. 

 

Кол коюу аземина Улуттук илимий медициналык борборлордун директорлору жана өкүлдөрү катышты:  Сооронбаев Т.М., Сулайманов Ш.А.,  Кадыров А.С., Касымбеков Ж.О., Букуев Н.М. Элеманов Н.Ч., КМКДжКЖМИ ректору Курманов Р.А. КРСУ илимий иштер боюнча проректору Шекунов Е.В. 

 

Меморандумдун алдына койгон максаттары төмөнкүдөй:

 

  1. Илим-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу жана алардын жыйынтыктарын эл аралык, жогорку рейтингдүү медициналык журналдарга жарыялоо.
  2. Изилдөөлөрдүн далилденген жыйынтыктарын алуу жана алардын саламатты сактоону чыңдоо системасы боюнча саясаттык, клиникалык чечимдерди чыгарууда колдонулушу
  3. Эл аралык стандартка туура келген жаш адистердин жаңы муунун даярдоо.
  4. Эл аралык илимий коомчулукка интеграцияны  жана инвестицияны тартуу.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.