Copyright: Пресс-служба Кабинета Министров КР©
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар медициналык мекемелерге барды
12.07.2023 / Просмотров: 1464
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды.
Алгач, МинКаб Төрагасы ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат.
Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.
Белгилей кетсек, бул Перинаталдык борбордун курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилиши күтүлүүдө.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай Перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы курулат.
“Заманбап перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, андагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана техникалык абалын жакшыртуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири”, – деди Акылбек Жапаров.
Андан ары МинКаб Төрагасы Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барып, ооруканын жаңы хирургиялык кабыл алуу бөлүмүн реконструкциялоо иштери менен таанышып чыкты.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
07.11.2025
Кыргыз дарыгерлери Кытайда эндоскопиялык хирургиянын заманбап ыкмалары боюнча окуудан өтүшүүдө
Саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлери Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарындагы Санья клиникасында «Эндоскопиялык хирургия» тема боюнча эки жумалык окуудан өтүп жатышат.
Делегациянын курамында төрт дарыгер жана Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүнүн башчысы бар. Ал кыргыз тараптын аталган программага катышуусун координациялоодо.
Окуу эл аралык тажрыйба алмашуунун алкагында уюштурулуп, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга, заманбап минималдык инвазивдүү технологияларды өздөштүрүүгө жана медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Программа лекциялардан, мастер-класстардан жана Санья клиникасынын алдыңкы адистеринин жетекчилиги астында өтүүчү хирургиялык операцияларга катышуудан турат. Дарыгерлер эндоскопиялык операциялардын эң жаңы ыкмаларын, ошондой эле операциядан кийинки бейтаптарды кароо жана жогорку технологиялык хирургиялык жардам көрсөтүүнү уюштуруу маселелерин өздөштүрүүдө.
«Кыргызстан медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Мындай эл аралык стажировкалар биздин дарыгерлерге дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны үйрөнүүгө жана заманбап технологияларды улуттук практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов.
Тажрыйба алмашуу медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн хирургиялык кызматын эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
06.11.2025
Кыргызстандын балдар онкологдору — дүйнөлүк илимий аренада!
Кыргызстандын балдар онколог дарыгерлер тобунун постердик баяндамасы 2025-жылдын октябрь айында Нидерланд Королдугунун Амстердам шаарында өткөн Эл аралык балдар онкологиясы коомунун (SIOP – International Society of Paediatric Oncology) конгрессинде жарыяланды.
Баяндаманын темасы:
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Эл аралык рак изилдөө агенттигинин (МАИР) биргелешкен «DEDICA» долбоорунун маалыматынын негизинде «Кыргыз Республикасында балдар рагынын кеч диагноз коюлушунун жана дарылоонун кеч башталышынын детерминанттары».
Авторлор:
Камбарова Ж.А., Стамбеков С.А., Идрисова Р., Айдарбекова А.А., Алтымышева А.Т.
SIOP конгресси — дүйнөдөгү балдар онкологиясы боюнча эң ири илимий коом, ал дүйнөнүн бардык бурчундагы дарыгерлерди, изилдөөчүлөрдү жана окумуштууларды бириктирет.
Кыргыз командасынын ишинин эл аралык деңгээлде жарыяланышы — өлкө медицинасы үчүн маанилүү окуя. Бул биздин адистердин жогорку кесипкөйлүгүн жана Кыргызстандын дүйнөлүк балдар онкологиясынын өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырат.
Изилдөө кеч диагноз коюу көйгөйүнө көңүл буруп, онкологиялык оорулары бар балдардын дарылоосуна жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
06.11.2025
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —УКМК төрагасы генерал-полковник К. Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрадан барды
Бүгүн, 2025-жылдын 5-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.
Иш сапарынын жүрүшүндө К.Ташиев борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке берди.
Аталган жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын Президентинин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.
Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда К.Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдууларды сатып алууну убада кылды.
Ошол эле учурда, борбордун дарыгерлери К.Ташиевге ыраазычылык билдиришип, борбор үчүн 180 орундуу (4400 чарчы метр) унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле дарыгерлер үчүн бир кызматтык унаа берүүнү суранышты.
Өз кезегинде К.Ташиев борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жайды тез арада куруп берүүнү жана бир унаа берүүнүн ордуна, борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилээрин убада кылды.
Мындан тышкары, К.Ташиев өлкөдө саламаттыкты сактоо системалуу түрдө өнүгүп жатканын баса белгиледи: ар кайсы аймактарда жаңы ооруканалар курулуп, медициналык мекемелер модернизацияланып, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылып жатканы айтылды.
К.Ташиев ошондой эле келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын бир топ жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Улуттук борбордун кызматкерлери саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана көңүл буруусу үчүн өлкө жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.