Copyright: ©
Кыргызстан менен Катар саламаттык сактоо жаатында кызматташууну бекемдөөдө: балдарга акысыз операция жасоо жана дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу
24.07.2024 / Просмотров: 9777
Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катарлык жана кыргызстандык адистер тарабынан Кыргызстандагы угуусу начар балдарга бекер операция жасоо маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө 168 балага кохлеардык имплантация бекер жасалган, жыл аягына чейин дагы 200гө жакын операция пландалууда.
Мындан тышкары, жолугушууда кыргызстандык беш лор дарыгердин Катар Мамлекетинин клиникаларында квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев угуусу начар балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, Катар мамлекети менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал КР Саламаттык сактоо министрлиги инвесторлор менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин белгилели.
Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
10.07.2025
Саламаттык сактоо министри Жалал-Абад облусундагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты
2025-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусундагы санитардык-эпидемиологиялык кызмат мекемелерине иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Чаткал, Аксы жана Ала-Бука райондорундагы абал менен таанышты.
Министр сапардын жүрүшүндө бул кызматтардын инфраструктуралык абалына, кадр менен камсыз болуусуна жана модернизациялоо, жаңы объектилерди куруу боюнча пландарга өзгөчө көңүл бурду.
Чаткал районунда 2016-жылы курулган лаборатория бар болгонуна карабастан, кадр тартыштыгы курч — бул жерде жалгыз гана адис эмгектенет. Ал эми административдик имарат начар абалда. Министр жеринде таанышкандан кийин, санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген жаңы бир кабаттуу имараттын долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды.
Ала-Бука районунда санитардык-эпидемиологиялык борбордун имараты авариялык абалда турат. Объект боюнча долбоордук-сметалык документация бекитилгенине карабастан, ал 2025-жылга карата капиталдык курулуштун титулдук тизмесине киргизилген эмес. Министр бул маселени өзгөчө тартипте карап чыгып, объектти артыкчылыктуу курулуштардын тизмесине кошууну тапшырды.
Аксы районунда жаңы имараттын курулушу менен таанышкан министр, курулуш иштери графикке ылайык жүрүп жатканын белгиледи. Объектти ушул жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
«Санитардык-эпидемиологиялык кызмат — элдин саламаттыгын коргоонун негизги тиреги. Бул тармакты бекемдөө — инфраструктура жана кадрлар боюнча — өзгөчө алыскы райондордо — биздин приоритетибиз бойдон калат», — деп баса белгиледи министр Эркин Чечейбаев.
10.07.2025
Министрлик 2025-жылдагы жайкы туристтик сезон учурунда медициналык камсыздоону күчөтүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жайкы сезондо жарандарга жана туристтерге өз убагында, сапаттуу медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жардам көрсөтүү максатында комплекстүү планды ишке ашырууда.
Министрликтин буйругуна ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында медициналык инфраструктура даярдалды:
- дары-дармек кору түзүлдү,
- медициналык техника жана жабдуулардын даярдыгы текшерилди,
- саламаттык сактоо уюмдарында кошумча керебеттер даярдалды.
Иш пландын алкагында тез жардам пункттары күнү-түнү иш алып барууда, өзгөчө эл көп жүргөн автожолдордо нөөмөтчү бригадалар жайгаштырылды:
Бишкек — Ош жолу:
- Токойлу (114-км): 3 бригада, 1 автоунаа (вахта режиминде, Суусамыр ЖДПБ);
- Тоо-Ашуу: 2 бригада, 1 автоунаа (Суусамыр ЖДПБ);
- Чычкан (238-км): 3 бригада, 1 автоунаа (Токтогул ЖДПБ).
Бишкек — Торугарт жолу:
- Боом (140-км): 4 бригада, 1 автоунаа (Кемин ЖДПБ).
Бишкек — Каракол / Эңилчек жолу:
- Эңилчек: 1 бригада, 1 автоунаа (Ак-Суу ЖДПБ).
Ысык-Көл жээгиндеги эс алуу аймактарында медициналык пункттар уюштурулду:
- Ысык-Көл району – 3,
- Балыкчы шаары – 1,
- Түп району – 2,
- Каракол шаары – 3,
- Ак-Суу району – 1,
- Жети-Өгүз району – 1,
- Тоң району – 1.
Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларда жана эс алуучулар жайгашкан объекттерде санитардык-гигиеналык жана инфекциялык оорулардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.
Туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көл облусунда 463 санитардык паспорт алуу өтүнүчү түшүп, анын ичинен 317си каралып, даярдык актылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлдү. Ошондой эле капчыгайларда жана пляждарда жайгашкан 179 боз үйдүн текшерүүсү жүргүзүлүп, санитардык талаптар түшүндүрүлдү.
Кошумча түрдө төмөнкүдөй экологиялык текшерүүлөр жүргүзүлдү:
- 332 үлгү таза ичүүчү суудан алынды,
- 128 үлгү көлдөн,
- 178 үлгү пляждагы кумдан.
Бул чаралардын баары — жарандардын жана меймандардын коопсуздугун, ден соолугун жана жайлуулугун камсыз кылууга багытталган.
09.07.2025
Чаткалда Жалпы дарыгерлик практика борборунун 85 орундуу жаңы имараты курулат
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) барып, жаңы имарат куруу иштерине даярдык менен таанышты.
Жаңы долбоордун алкагында ЖДПБнын 85 орундуу заманбап үч кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Анын курамында терапия, хирургия, педиатрия, төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрү болот. Учурда айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Саламаттык сактоо министрлиги техникалык тапшырманы даярдап жатат, ал эми долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда. Курулуш иштеринин башталышы 2025-жылдын август айына, ал эми аякташы 2026-жылга пландалган.
Жаңы имарат куруу демилгеси Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлүп, курулуш иштери анын жеке көзөмөлүнүн астында жүрүп жатат.
Чаткал ЖДПБнын директору Малик Исмаиловдун маалыматына ылайык, учурдагы райондук оорукана 1985-жылы курулган. 2023-жылы анын экинчи кабатына капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн, бирок төрөт жана гинекология бөлүмдөрү жайгашкан биринчи кабат оңдоп-түзөөгө муктаж. Андан тышкары, терапия жана педиатрия бөлүмдөрү жайгашкан өзүнчө имарат авариялык деп табылган. Бул жагдай жаңы имарат курууну өзгөчө зарыл кылууда.
Министр Эркин Чечейбаев өз сөзүндө алыскы аймактардагы медициналык инфраструктураны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, мындай деди:
«Медициналык жардамга алыскы аймактардын тургундары да толук жеткиликтүү болушу керек. Биз ар бир жаран кайсы жерде жашабасын, сапаттуу жана өз убагында жардам ала тургандай шарттарды түзүшүбүз зарыл», — деди министр.
Чаткал ЖДПБ 19 миңден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Анын курамында беш жалпы дарыгерлер тобу, сегиз ФАП, үч стационардык бөлүм жана төрт "тез жардам" пункту бар. 2024-жылы төрөт бөлүмүндө 224 наристе төрөлгөн, бирок 156 аял башка райондордогу төрөт үйүнө барууга мажбур болгон. 2025-жылдын алты айында 80 бала ушул мекемеде төрөлсө, дагы 43 кош бойлуу айым район сыртынан жардам издөөгө аргасыз болгон.
Бул сандар төрөт бөлүмүнүн коопсуз жана толук кандуу инфраструктурасын жеринде түзүү зарылдыгын көрсөтөт. Жаңы имарат куруу менен кош бойлуулардын район сыртында төрөөгө муктаждыгы азайып, аялдар үчүн өз аймагында эле сапаттуу шартта төрөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул Чаткал сыяктуу алыскы жана жол каттамы татаал аймактарда өзгөчө маанилүү.
Учурда мекемеде 15 дарыгер иштейт, алардын үчөө чакыртылган адистер. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан ай сайын 30 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм жана турак жай берилет. Ошол эле учурда алты адис жетишпейт — алардын катарында эки жалпы дарыгер, педиатр, неонатолог, эндокринолог жана невропатолог бар.