Массалык маалымат каражаттары үчүн чакыруу

22.03.2022 / Просмотров: 3557

2022-жыл24-март саат 10:30да Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору менен биргеликте Европа мейманканасында (Ибраимов көч., 70) пресс-кафе өткөрөт.

Жыл сайын 24-мартта калктын кургак учук тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн белгилеп келебиз.

Иш-чарага катышууга эксперттер, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук кургак учукка каршы программанын, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү, кургак учук менен ооруган бейтаптар жана кургак учук менен ооругандарга колдоо көрсөткөндөр жана «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун өнөктөштөрү чакырылат.

 

Пресс-кафенин катышуучулары төмөнкү суроолорго жооп ала алышат:

• Кургак учукту БМСЖдын базасында аныктоо (баштапкы деңгээл);

• Өлкөдө дарылоону уюштуруу;

• Балдардын кургак учук көйгөйлөрү;

• Байланыштарды иликтөө;

• Калктын жүрүм-турумун өзгөртүү, стигманы жана дискриминацияны азайтуу үчүн жагымдуу маалыматтык чөйрөнү түзүү, кургак учук көйгөйлөрүнө коомдун мамилесин өзгөртүү;

• Артыкчылыктуу топтор менен иш-чараларды өткөрүү, кургак учук менен ооругандарды аныктоо.

Маалымат үчүн:

Кургак учук дүйнөдөгү эң коркунучтуу инфекциялардын бири бойдон калууда. Күн сайын кургак учуктан 4100дөн ашык адам өлөт, 28 000ге жакын адам бул алдын алууга жана дарылоого боло турган оору менен ооруйт. 2000-жылдан бери кургак учук менен күрөшүү боюнча глобалдык аракеттер 66 миллиондой адамдын өмүрүн сактап калды. Бирок, COVID-19 пандемиясы бул ооруга каршы күрөштө жетишкен ийгиликтерди жокко чыгарды. 2020-жылы он жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу кургак учуктан каза болгондордун саны өстү.

2022-жылы Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү “Кургак учук менен күрөшүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо” урааны астында белгиленет. Өмүрлөрдү сактайбыз!», бул кургак учукка каршы күрөштү активдештирүү үчүн ресурстарды тартуу жана ДСУнун саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетүүгө умтулуусуна ылайык дүйнөлүк лидерлердин бул ооруну жок кылуу боюнча кабыл алган милдеттенмелерин аткаруусу зарылдыгын билдирет.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

11.04.2025
ПРИГЛАШЕНИЕ ДЛЯ СМИНациональный Форум по развитию образования работников реабилитации

ПРИГЛАШЕНИЕ ДЛЯ СМИ


 

14 апреля 2025 года в 9:30 ч. в отеле Orion Hotel по адресу бульвар Эркиндик 21 состоится Национальный Форум по развитию образования работников реабилитации на тему «Реабилитация для всех: построение более сильной и здоровой нации в Кыргызстане».


 

Доступ к активной реабилитации необходим для обеспечения возможности жить с достоинством и независимостью для детей и взрослых с ограниченными возможностями здоровья, восстанавливающихся после травм или болезней.

Многие семьи в Кыргызстане сталкиваются с трудностями в доступе к жизненно важным реабилитационным услугам из-за нехватки квалифицированных специалистов.


 

Форум сосредоточен на разработке системы образования в области реабилитации в Кыргызстане, основанной на компетенциях, продвижении национальной дорожной карты по увеличению числа квалифицированных специалистов в области физиотерапии, эрготерапии и смежных областях. Обсуждения будут акцентировать внимание на местных потребностях и международных лучших практиках.


 

В мероприятии ожидается участие:

🔹 Министров здравоохранения, образования и труда и социального обеспечения

🔹 Представителя ЮНИСЕФ Самман Дж. Тапа

🔹 Международных экспертов из Всемирной физиотерапии (WP), Всемирной федерации эрготерапии (WFOT) и университетов Канады, Катара и Кыргызстана.

26.03.2025
АНОНС: Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата форум: “Жашоонун сергек башталышы – бакубат келечектин ачкычы”

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган форум уюштурууда.

Датасы: 2025-жылдын 4-апрели Убактысы: 10:00 – 12:30.

Өтүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Бишкек шаары, Чүй пр., 122, Ала-Тоо аянты.

 Иш-чаранын максаты эне жана баланын ден соолугун коргоо маселелерин, ошондой эле Кыргызстанда саламаттыкты сактоо кызматын жакшыртуу стратегияларын талкуулоо болуп саналат. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү чогулуп, ар бир баланын жашоосунун дени сак башталышын камсыз кылуунун жолдорун биргелешип издөөгө багытталган.

Форумдун алкагында: 

• Адистердин консультациялары менен коштолгон тематикалык көргөзмө, маалыматтык материалдарды таратуу жана ден соолук бурчтары уюштурулат.

• Президенттик Аппараттын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, ЮНИСЕФтин жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү баштаган коноктор сөз сүйлөйт.

• Эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы алдыңкы эксперттер менен панелдик талкуулар.

• Медициналык кызматтарды өнүктүрүү, эне жана баланы колдоо боюнча инновациялык программалардын презентациялары.

Журналисттер эксперттик комментарийлерди алып, баяндамачыларга суроолорду берип, саламаттыкты сактоо тармагындагы акыркы демилгелер менен тааныша алышат.

ЖМК өкүлдөрүн келечек муундардын ден соолугун чыңдоого багытталган бул маанилүү иш-чарага катышууга жана чагылдырууга чакырабыз.

26.03.2025
ММК ӨКҮЛДӨРҮН ЧАКЫРУУ: «Жооптуу бол!» эркектер арасында өткөн республикалык бир айлыктын жыйынтыгы

2025-жылдын 27-мартта саат 9:00дө Orion Hotel мейманканасында (Эркиндик бульвары, 21) «Жооптуу бол!» эркектер арасында өткөн республикалык бир айлыктын алкагында медициналык уюмдарды сыйлоо аземи өтөт. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.   

Иш-чаранын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү өткөн бир айлыктын негизги жыйынтыктары боюнча маалымат беришет.