COVID-19 боюнча виртуалдык пресс-брифинг: ДССУнун Европа аймагындагы кырдаал боюнча маалымат

14.02.2022 / Просмотров: 3296

 Шейшемби, 15-февраль, 2022-жыл, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00

 

ДССУнун Европалык Регионалдык бюросу ДССУнун Европадагы Регионалдык директору доктор Ханс П.Клюгенин жана техникалык эксперттердин катышуусунда ДССУнун Европа аймагындагы COVID-19 кырдаалы боюнча акыркы маалыматарды берүү жана ММКнын суроолоруна жооп берүү үчүн орус тилинде кезектеги пресс-брифинг өткөрөт. Ошондой эле рак менен ооруган балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ДССУнун Европалык Регионалдык бюросу балдардагы рак оорусуна карата теңсиздик боюнча жаңы баяндамасын чыгарат.

 

Виртуалдык пресс-брифинг (орус тилинде) ДССУнун Европа регионалдык бюросунун Фейсбук баракчасы, Твиттердеги жана ДССУнун Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн ВКонтактедеги баракчасы аркылуу көрсөтүлөт.

 

Брифингдин алкагында англис тилине синхрондук которуу уюштурулат.

 

Zoom аркылуу брифингге кошулуп, сурооңузду онлайн режиминде берсеңиз болот (туташуу тууралуу толук маалымат төмөндө). Zoom'га кошулууда аты-жөнүңүздү жана медианын аталышын киргизгениңизди текшериңиз (медианын аталышын/өзүңүздүн атынызды колдонуңуз). Суроо берүү үчүн "Колду көтөрүү" баскычын басыңыз жана сиз суроо берүүнү каалаган адамдардын тизмесине киресиз. Компьютериңиздин микрофону күйгүзүлүп, активдүү экенин текшериңиз.

 

Журналисттер суроолорун алдын ала, т.а. 2022-жыл 14-февраль Москва убактысы боюнча саат 19:00гө чейин электрондук дарекке жөнөтө алышат. Электрондук почта: manukhinao@who.int (Ольга Манухина).

 

ТУТАШУУ ҮЧҮН:

 

Zoom-жолугушуусуна кошулуңуз: https://who.zoom.us/j/94398035061

 

Жолугушуунун номери: 943 9803 5061

 

Кирүү коду: Uv6SG1*f

 

ММК өкүлдөрү үчүн байланышуу жолдору:

 

Ольга Манухина: manukhinao@who.int

Бхану Бхатнагар: bbhatnagar@who.int

ДССУнун Европа басма сөз кызматы: eupress@who.int

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу

2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.

Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.

 

Маалымат үчүн:

Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.

Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.

25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС

2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.

 

Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.

 

 Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана  ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.

20.06.2024
АНОНС

2024-жылдын 21-июнунда саат 12:00дө Бишкек ш., Чүй пр., 112 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын Иммунопрофилактика программасынын 30 жылдыгына, жетишкендиктерге, көйгөйлөргө жана өнүгүү келечегине арналган илимий-практикалык конференция өтөт. 

 

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын программасына төмөнкү баяндамалар кирет:

- Кыргыз Республикасында иммунизациялоо кызматынын калыптануу тарыхы жана өнүгүү келечеги;

- Жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөөнүн мааниси.

- Жаңы вакциналарды киргизүүдө илимий негизделген чечимди кабыл алуу процесси, Иммунизация боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун сунуштары. Кыргызстан;

- Кыргыз Республикасында В вирустук гепатитине каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо;

- вакцина менен алдын ала турган инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал.

- КПК вакцинасы менен эмделгендердин иммунитетине серологиялык баа берүү.

 

Мындан тышкары, төмөнкү чакырылган коноктордун баяндамалары күтүлүүдө:

- Г.Н.Габричевский атындагы Москва эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту. Роспотребнадзор;

- Коомдук маалымдуулуктун ролу. Иммунизацияга болгон суроо-талапты жана ишенимди жогорулатуу. Өзбекстан Республикасы (макулдашуу боюнча);

- "М.П. Чумаков атындагы Иммунобиологиялык препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча Федералдык илимий борбор" Федералдык мамлекеттик автономдуу илимий мекемеси.

- Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана жогорку билим берүү министрлигинин «И.И.Мечников атындагы Вакциналар жана сывороткалар илимий-изилдөө институту» Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси (макулдашуу боюнча).

- кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл системасы. Казакстан Республикасы (макулдашуу боюнча).

- “СПИД Инфосвязь” фонду. Орусия.