Copyright: ©

АНОНС: Автоунааларды тапшыруу аземи

07.12.2023 / Просмотров: 131919

2023-жылдын 8-декабрында саат 9:00. Эски аянтта Республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жалпы суммасы 3 000 000 АКШ долларын түзгөн 47 бирдик тез жардам унаасын, 35  даана седан кузовдуу санитардык унааларын,  19 бирдик минивэн кузовдуу  санитардык унаалардын, 4 даана өлүк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана залалсыздандыруучу автоунааларды тапшыруу  аземи өтөт. 

Автоунааларды тапшыруу аземи КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Россия Федерациясынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченконун катышуусунда өтөт.

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун автопарктарын жаңыртуу медициналык тейлөөнүн сапатын, бейтаптарды ташуудагы коопсуздуктун жана комфорттун деңгээлин жогорулатат.

ЖМК өкүлдөрүн 7-декабрь саат 20:00гө чейин  0556 303086 номери боюнча (Жылдыз Айгерчинова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы) аккредитациядан өтүүгө чакырабыз.  

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

19.11.2024
АНОНС

2024-жылдын 20-ноябрында саат 12:00дө (Шакиров көч., 4) Нефрология, диализ жана трансплантология борборунун курулушуна капсула салуу аземи болот.

 

Салтанаттуу иш-чара КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтөт.

 

Объекттин сметалык баасы 446 604 640 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

 

Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу эмеректерди берет.

04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу

2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.

Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.

 

Маалымат үчүн:

Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.

Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.

25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС

2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.

 

Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.

 

 Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана  ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.