ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

17.05.2023 / Просмотров: 18850

2023-жылы 18-майда саат 10:00дө КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекстин ачылыш жана ишке киргизүү аземи болот.

Бул жабдуулар орнотулганга чейин оорулууларды жеке клиникаларга алып барып, кан тамыр ооруларын аныктоого туура келген. Эми алынган ангиографтын аркасында диагноз коюу үчүн башка клиникаларга кайрылбай, түздөн-түз Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө диагностика жана дарылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Жогорку технологиялуу ангиографиялык комплекс абалын тез өзгөртүүгө жана бейтапка ыкчам жетүүнү камсыз кылган кыймылдуу С формасындагы арканы, ангиографиялык столду, генераторду жана нур чагылдыргычты, детекторду, маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана сактоо үчүн санариптик көп милдеттүү системаны, мониторлорду жана рентгендик операциялык бөлмөдө жана пульттук башкаруу модулдары жана башка кошумча жабдууларды камтыйт.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

17.11.2023
Приглашение для СМИ

В рамках Дня действий по элиминации рака шейки матки, 20 ноября 2023 года в 15:00ч. в отеле ОРИОН (бульвар Эркиндик, 21) состоится пресс-кафе с участием депутата ЖК КР, председателя Комитета ЖК по социальной политике Винеры Раимбачаевой, по вопросу важности профилактики рака шейки матки и рака молочной железы.

На встрече лица принимающие решения расскажут о проводимой политике, по снижению заболеваемости такими грозными для женского здоровья заболеваниями, как рак шейки матки и рак молочной железы.

Профильные специалисты расскажут также о важности ранней диагностики, при которой можно провести эффективное лечение и продлить жизнь женщины. Женщины играют важнейшую роль в семье и обществе, поэтому приоритетное внимание к женскому здоровью способствует не только индивидуальному благополучию, но и укреплению и оздоровлению всего общества.

17 ноября 2020 года была принята Глобальная стратегия ВОЗ по ликвидации рака шейки матки и Кыргызстан присоединился к ней. Ежегодно, 17 ноября Всемирная организация здравоохранения и партнеры по всему миру отмечают День действий по элиминации рака шейки матки.

10.11.2023
АНОНС📢

2023-жылдын 11-ноябрында саат 10.00дө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (Ахунбаев, 192) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин катышуусунда:

- жаңы имараттагы МРТ- диагностикалык борборунун,

- мамлекеттик дарыкананын,

- стационардык бейтаптарга ургенттик кызматтын расмий ачылышы болот.

11.10.2023
14-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнү

Паллиативдик жардам ассоциациясы КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Швейцариянын Морис фондунун, Сорос Кыргызстан фондунун, Эргенэ КФ, Ракка каршы бирге КФ колдоолору менен Бүткүл дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнүнө арналган бир катар иш-чараларды өткөрөт. 

18-октябрда саат 10:00до Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунда ушул маселелердин чечүү максатында, суроолорду талкуулоо үчүн бардык кызыкдар тараптар чогулушат. Ошондой эле 16-17-октябрда Нарын шаарында жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда да семинарлар жана жолугушуулар өтөт.

17 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча октябрдын ар бир экинчи ишембисинде хоспистик паллиативдик жардам күнү белгиленип келет, бул дүйнө жүзү боюнча паллиативдик жардамга, ооруну басаңдатуучу дары-дармектерге болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында өткөрүлөт.  

Паллиативдик жардам калкты медициналык тейлөө жана алгачкы медициналык-санитардык жардам менен жалпы камтыган саламаттык сактоо тутумунун негизги компоненттеринин бири катары таанылган. Бүткүл дүйнөлүк хоспистик паллиативдик жардам альянсынын маалыматы боюнча, жыл сайын паллиативдик жардамга 57 миллион адам, өмүрүнүн аягында 25 миллиондон ашык адам муктаж болсо, 18 миллион адам ага жетпегендиктен ашыкча азап чегет. Жардамдын жоктугу көйгөйүнүн көпчүлүгү паллиативдик жардам кандайча көрсөтүлүшү керектигин жана ал эмне үчүн маанилүү экендигин билбегендиктен келип чыгат. 

Кыргызстанда жылына 25 миңден ашык чоң киши паллиативдик жардамга муктаж. Бул өнөкөт жүрөк оорулары, өпкө оорулары, рак оорулары, диабет, кургак учук, СПИД жана башка оорулар боюнча оор стадиядагы бейтаптар. 

Бардык кошумча суроолор боюнча: Тынара Аскаровна Касымалиева, тел: (0555) 922 604