Copyright: ©
ММК өкүлдөрүн чакыруу: «Онкологиянын жетишкендиктери жана келечеги: УОжГБга 65 жыл» Эл аралык конференция
08.09.2025 / Просмотров: 26347
«Онкологиянын жетишкендиктери жана келечеги: УОжГБга 65 жыл» Эл аралык конференция
Бишкек, 10–12-сентябрь, 2025-жыл
Кыргыз Республикасынын Улуттук онкология жана гематология борбору мекеменин 65 жылдык мааракесине карата эл аралык конференция өткөрөт. Бул аймактагы онколог жана гематологдор үчүн эң маанилүү иш-чара.
Негизги программа:
🔹 10-сентябрь — преконгресс «Жандуу хирургия»: операциялардын түз көрсөтүүлөрү.
Дареги: Улуттук онкология жана гематология борбору, Бишкек.
🔹 11–12-сентябрь — пленардык жыйындар жана илимий сессиялар:
- диагностика
- таргеттик жана персоналдаштырылган терапия
- балдар онкологиясы
- мультидисциплинардык ыкма
- паллиативдик жардам
Дареги: Orion Hotel, Бишкек.
Дүйнөлүкдеңгээлдеги спикерлер:
Андрей Каприн (Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги, радиология боюнча Улуттук медициналык изилдөө борбору (УМИБ)),
Андрей Рябов (радиология боюнча УМИБ),
Сергей Поляков (Н.Н. Александров атындагы онкология боюнча Республикалык илимий-практикалык борбор, Беларусь) ж.б.
ММК өкүлдөрүн аккредитациялоо: +996 999 094 300
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы
🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190
ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.
Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.
Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).
Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.
23.09.2025
ММК ӨКҮЛДӨРҮН ЧАКЫРУУ: Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү 2025
2025-жылдын 24-сентябрында саат 11:00дө «Кабар» Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинде Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган басма сөз жыйыны өтөт.
«Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү 2025: Кыргызстанда 2025–2030-жылдарга карата жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу, эрте аныктоо жана көзөмөлдөө үчүн интеграцияланган бейтапка багытталган саламаттык сактоо тутумун түзүү»
Басма сөз жыйынынын максаты — жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана дарылоонун заманбап ыкмалары тууралуу коомчулукка маалымат берүү, ошондой эле ар бир жаранды жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүгө активдүү катышууга чакыруу.
Басма сөз жыйынынын негизги темалары:
- «Дени сак жүрөк» Улуттук программасы: Кыргызстанда 2025–2030-жылдарга карата жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу, эрте аныктоо жана көзөмөлдөө үчүн интеграцияланган бейтапка багытталган саламаттык сактоо системасынын моделин тааныштыруу;
- Санариптик профилактика: мамлекеттик «Түндүк» платформасына “Ден соолугуңду текшер” чек-ап модулун 8 параметр боюнча киргизүү тууралуу анонс;
- «Шашылыш кардиология» программасы: курч миокард инфаркты (КМИ) 24/7 программасынын ийгиликтүү ишке ашырылышы;
- Тармактык өнөктөштүк: өлкө тарыхында биринчи жолу жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга диний институттар кошулууда – Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте мечиттерде кан басымды өлчөө пункттарынын тармагын түзүү;
- 2025-жылдагы иш-чаралар программасы: өлкө боюнча «Ден соолугуңду текшер!» акциялары (29-сентябрь, 1–30-октябрь), тромболитикалык терапия жана эхокардиография боюнча бардык региондордон келген дарыгерлер үчүн адистештирилген мастер-класстар (30-сентябрь – 2-октябрь).
08.09.2025