ЖМКларды ЧАКЫРУУ: Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун жана дарылоонун актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе

22.03.2023 / Просмотров: 13662

Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай 2023-жылдын 23-мартында саат 10.30да "Сити-отель" мейманканасынын конференц-залында (дареги: ул. Байтик-Баатыр, 34) Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун жана дарылоонун, ошондой эле бул оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе өткөрүлөт. 

Кыргыз Республикасында март айы бою салттуу түрдө өткөрүлүүчү кургак учукка каршы бир айлыктын алкагында бул иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Быйылкы жылы пресс-кафе төмөнкү темалар боюнча уюштурулат:

• Кургак учукту кантип аныктоого болот?

• Кургак учукту кантип дарылоо керек?

• Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учук менен ооругандарга кандай жардамдар көрсөтүлөт?

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом уюмдары кургак учук менен ооруган адамдарга кандай жардам көрсөтүшөт?

• Кургак учук жөнүндө айта берүү эмне үчүн маанилүү?

• Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматында кандай реформалар жүргүзүлүп жатат?

Журналисттер кургак учук боюнча эксперттер жана адистер менен бир жерден жолугуп, бул оору тууралуу толук маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат. Эксперттик топтун курамына КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук физиология борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери, “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун жана бул тармакта иштеген бейөкмөт уюмдар (Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому, Айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы, ОФ "ТБ-Пипл") адистери кирет. Алардан башка пресс-кафеге кургак учуктан өздөрү айыгып, учурда башка бейтаптарга колдоо көрсөтүп жаткан адамдар да катышат.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

20.06.2024
АНОНС

2024-жылдын 21-июнунда саат 12:00дө Бишкек ш., Чүй пр., 112 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын Иммунопрофилактика программасынын 30 жылдыгына, жетишкендиктерге, көйгөйлөргө жана өнүгүү келечегине арналган илимий-практикалык конференция өтөт. 

 

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын программасына төмөнкү баяндамалар кирет:

- Кыргыз Республикасында иммунизациялоо кызматынын калыптануу тарыхы жана өнүгүү келечеги;

- Жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөөнүн мааниси.

- Жаңы вакциналарды киргизүүдө илимий негизделген чечимди кабыл алуу процесси, Иммунизация боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун сунуштары. Кыргызстан;

- Кыргыз Республикасында В вирустук гепатитине каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо;

- вакцина менен алдын ала турган инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал.

- КПК вакцинасы менен эмделгендердин иммунитетине серологиялык баа берүү.

 

Мындан тышкары, төмөнкү чакырылган коноктордун баяндамалары күтүлүүдө:

- Г.Н.Габричевский атындагы Москва эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту. Роспотребнадзор;

- Коомдук маалымдуулуктун ролу. Иммунизацияга болгон суроо-талапты жана ишенимди жогорулатуу. Өзбекстан Республикасы (макулдашуу боюнча);

- "М.П. Чумаков атындагы Иммунобиологиялык препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча Федералдык илимий борбор" Федералдык мамлекеттик автономдуу илимий мекемеси.

- Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана жогорку билим берүү министрлигинин «И.И.Мечников атындагы Вакциналар жана сывороткалар илимий-изилдөө институту» Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси (макулдашуу боюнча).

- кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл системасы. Казакстан Республикасы (макулдашуу боюнча).

- “СПИД Инфосвязь” фонду. Орусия.

06.05.2024
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

7-майда саат 09:00 КММАнын конференц-залында (Ахунбаев көч., 92) Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө жана Акушерлердин күнүнө арналган V Эл аралык медайымдык форум өтөт.

Форум И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 85 жылдык мааракесине туш келди. Беш жылдан бери Форум медайымдык жана акушердик чөйрөдөгү актуалдуу жана маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн ачык аянтча катары кызмат кылып келет. Бул жылы форумдун негизги темаларынын арасында саламаттыкты сактоодогу медайымдын ролу, кесиптин имиджин жогорулатуунун жолдору жана медайымдарды даярдоонун билим берүү системасына сереп салуу каралат.

 

Форум саламаттыкты сактоо тармагынын, медициналык билим берүүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү көпүрөсү болуп саналат.

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрү үчүн чакыруу: Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы

2024-жылдын 2-апрелинде саат 10:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан манежинин имаратында “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму башталат.

 

Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин өтөт, ал Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.

 

Борбор Азиядагы медицина тармагы боюнча беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн маанилүү окуя болуп саналат. MedExpo Kyrgyzstan 2024 – тармактын лидерлери менен жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

 

Быйылкы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүү үчүн байланыш телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.