Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине кабыл алуу

30.03.2023 / Просмотров: 40167

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №39 “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, туруктуу (мөөнөтсүз) негизде саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №39 токтому менен бекитилген “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун 4-пунктуна ылайык, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга жана дайындалууга укугу бар кадрлар резервинде турган адамдар гана дайындалат.

Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине киргизүү үчүн талаптар:

  • жогорку кесиптик билимге (медицина, экономика, мамлекеттик башкаруу) ээ;
  • саламаттык сактоо системасында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарында башкаруучулук кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү документтер керек:

  1. паспорттун көчүрмөсү;
  2. жогорку кесиптик билими жөнүндө, анын ичинде интернатураны / ординатураны аяктагандыгы жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
  3. “Саламаттык сактоону башкаруу” адистиги / квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
  4. эмгек китепчесинин көчүрмөсү, анын ичинде учурдагы эмгек келишиминин көчүрмөсү;
  5. кесиптик жетишкендиктери жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер (илимий наамдары, илимий даражалары, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары).

Кадрлар резервине документтерди киргизүүнүн жол-жоболору https://hsi.kg сайтында “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин реестри” маалыматтык системасынын алкагында, Арыз ээси тарабынан өз алдынча электрондук форматта жүргүзүлөт.

Документтерди даярдоо, каттоо жана арыз берүү боюнча нускама https://hsi.kgсайтынын “Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин компетенттүүлүгүн камсыздоо системасы” бөлүмүндө жайгаштырылган.

Кошумча маалыматтар үчүн +996 (312) 660 521 телефону аркылуу кайрылыңыздар.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине киргизилбейт.

Резервке кабыл алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынат.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

20.06.2024
АНОНС

2024-жылдын 21-июнунда саат 12:00дө Бишкек ш., Чүй пр., 112 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын Иммунопрофилактика программасынын 30 жылдыгына, жетишкендиктерге, көйгөйлөргө жана өнүгүү келечегине арналган илимий-практикалык конференция өтөт. 

 

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын программасына төмөнкү баяндамалар кирет:

- Кыргыз Республикасында иммунизациялоо кызматынын калыптануу тарыхы жана өнүгүү келечеги;

- Жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөөнүн мааниси.

- Жаңы вакциналарды киргизүүдө илимий негизделген чечимди кабыл алуу процесси, Иммунизация боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун сунуштары. Кыргызстан;

- Кыргыз Республикасында В вирустук гепатитине каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо;

- вакцина менен алдын ала турган инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал.

- КПК вакцинасы менен эмделгендердин иммунитетине серологиялык баа берүү.

 

Мындан тышкары, төмөнкү чакырылган коноктордун баяндамалары күтүлүүдө:

- Г.Н.Габричевский атындагы Москва эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту. Роспотребнадзор;

- Коомдук маалымдуулуктун ролу. Иммунизацияга болгон суроо-талапты жана ишенимди жогорулатуу. Өзбекстан Республикасы (макулдашуу боюнча);

- "М.П. Чумаков атындагы Иммунобиологиялык препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча Федералдык илимий борбор" Федералдык мамлекеттик автономдуу илимий мекемеси.

- Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана жогорку билим берүү министрлигинин «И.И.Мечников атындагы Вакциналар жана сывороткалар илимий-изилдөө институту» Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси (макулдашуу боюнча).

- кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл системасы. Казакстан Республикасы (макулдашуу боюнча).

- “СПИД Инфосвязь” фонду. Орусия.

06.05.2024
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

7-майда саат 09:00 КММАнын конференц-залында (Ахунбаев көч., 92) Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө жана Акушерлердин күнүнө арналган V Эл аралык медайымдык форум өтөт.

Форум И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 85 жылдык мааракесине туш келди. Беш жылдан бери Форум медайымдык жана акушердик чөйрөдөгү актуалдуу жана маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн ачык аянтча катары кызмат кылып келет. Бул жылы форумдун негизги темаларынын арасында саламаттыкты сактоодогу медайымдын ролу, кесиптин имиджин жогорулатуунун жолдору жана медайымдарды даярдоонун билим берүү системасына сереп салуу каралат.

 

Форум саламаттыкты сактоо тармагынын, медициналык билим берүүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү көпүрөсү болуп саналат.

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу: Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата чуркоо – 2024 "Ден соолугум - менин укугум"

Жыл сайын 7 - апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай Бишкекте "Менин ден соолугум - менин укугум", аттуу  ураан астында массалык чуркоо болуп өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР алдыңкы спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өтмөкчү.

Иш-чараны КР Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен бирге уюштурду. Борбор калаадагы чуркоо бир жуманын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын камтыган "ден соолук кербенинин" башталышы болот.

Башталышы: 6-апрель, 10:00, Жайыл Баатыр көч., 66 "Газпром" спорт комплекси. Чуркоо аралыгы: 1,5 км.

Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолот.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү - бул сергек жашоо образы жөнүндө ойлонууга жана өзүңүздүн жыргалчылыгыңыз үчүн жоопкерчиликтүү болууга  сонун мүмкүнчүлүк. Физикалык жана психикалык саламаттыгыңызды жакшыртуу үчүн кичинекей, бирок маанилүү кадамдарды бүгүндөн кеч калбай жасай баштаңыз. Мисалы, көбүрөөк басуу, жаман адаттардан баш тартуу ж.б.

Биргелешип, биз өзгөрүүлөргө жетишип, коомубуздун дени сак келечегин түзө алабыз!

###

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүүңүздү өтүнөбүз. Байланыш үчүн телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.