ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

15.05.2023 / Просмотров: 48112

2023-жылдын 16-майында, саат 10:00дө, Park Hotel, L’Art/Summer Garden залында (Орозбеков көч., 87) «Коопсуз энелик» аталышында пресс-кафе өткөрүлөт. Иш-чара Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнүн белгилөөгө арналган. Быйыл Энелер күнү 21-майда белгиленет.

Келечек муундардын саламаттыгы, коомдун адеп-ахлактык принциптеринин жана баалуулуктарынын калыптанышы үй-бүлөнүн бакубаттуулугунан жана эненин ден соолугунун абалынан түздөн-түз көз каранды. Энелердин өлүмү боюнча Кыргызстан Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Бардык эле аялдар үй-бүлөнү пландаштыруу, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки кам көрүү, кош бойлуу аялдарга берилүүчү социалдык жеңилдиктер жөнүндө жетиштүү маалыматка ээ эмес. Ошондуктан репродуктивдүү курактагы аялдардын ден соолугун сактоо жана коопсуз эне болууну камсыздоо үчүн алар менен маалыматтык иш алып баруу зарыл.

Жалпыга маалымдоо каражаттары аялдарга жеткиликтүү кызматтар жана кош бойлуу аялдардын социалдык жана медициналык кызматтарды алуу укуктары жөнүндө маалымдоодо мамлекеттин негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле медиа коомчулуктун, жарандык сектордун өкүлдөрүнүн, блоггерлердин жана эксперттердин катышуусу күтүлүүдө.

 

Аккредитация үчүн байланыш, Рахат, тел.: 0701 16-16-27

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

12.11.2025
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

2025-жылдын 13–14-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, «Жаннат» мейманканасы (Аалы Токомбаев көч., 21/2)

Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча XIII Улуттук конгресс өтөт.

Иш-чара Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген респиратордук медицина жаатындагы адистерди бириктирет. Конгресске Улуу Британиянын, Даниянын, Швейцариянын, Нидерланддын, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери жана клиницисттери катышат.

Конгресс дем алуу органдарынын ооруларын жана аллергияны аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы заманбап ыкмаларды талкуулоого арналган маанилүү кесиптик аянтча болот. Күн тартибинде — бронхиалдык астманы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларын көзөмөлдөө, антимикробдук резистенттүүлүк, өнөкөт дем алуу оорулары бар бейтаптарды реабилитациялоо, узак мөөнөттүү кычкылтек терапиясы, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоону баштапкы звенодо интеграциялоо маселелери каралат.

Программада: пленардык докладдар, панелдик талкуулар жана алдыңкы адистердин катышуусундагы окуу семинарлары өткөрүлөт.

Кошумча маалымат үчүн:
📞 +996 708 878 525 — Магдиева Камила

11.11.2025
ММК үчүн чакыруу

2025-жылдын 12–13-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы (Абдрахманов көч., 191)

Ар жылы 14-ноябрда дүйнө коомчулугу кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилеп, бул оорунун алдын алуу, эрте аныктоо жана сапаттуу дарылоонун маанисине көңүл бурат.

Дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнүн алкагында «Кант диабети — заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага алдыңкы эндокринологдор, ДССУнун эксперттери, Эл аралык диабет федерациясынын (IDF) өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышат.

Программада:
– диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары;
– оорунун татаалдашуусунун алдын алуу;
– мониторингдин жана инсулин терапиясынын жаңы технологиялары;
– «Саламаттык үчүн диалог: диабетке каршы биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек стол.

25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында  стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы

🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190

ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга  седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.

Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.

Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).

Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.