Copyright: ©

ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

27.06.2023 / Просмотров: 18500

2023-ж. 2-июль - Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү

2023-жылдын 29-июнунда, саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында (Чүй пр., 253) КРнын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өтөт.

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана башкалардын катышуусу күтүлүүдө.

Салт боюнча мыктылар жана татыктуулар сыйланат. «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен 663 адам, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен 525 кесибинин мыктылары сыйланат.

Иш-чарага аккредитацияны 29.06.2023 саат 09:00го чейин, 0556 303086 байланыш номери аркылуу өтсөңүздөр болот. Басма сөз катчы, Жылдыз Айгерчинова.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

17.11.2023
Приглашение для СМИ

В рамках Дня действий по элиминации рака шейки матки, 20 ноября 2023 года в 15:00ч. в отеле ОРИОН (бульвар Эркиндик, 21) состоится пресс-кафе с участием депутата ЖК КР, председателя Комитета ЖК по социальной политике Винеры Раимбачаевой, по вопросу важности профилактики рака шейки матки и рака молочной железы.

На встрече лица принимающие решения расскажут о проводимой политике, по снижению заболеваемости такими грозными для женского здоровья заболеваниями, как рак шейки матки и рак молочной железы.

Профильные специалисты расскажут также о важности ранней диагностики, при которой можно провести эффективное лечение и продлить жизнь женщины. Женщины играют важнейшую роль в семье и обществе, поэтому приоритетное внимание к женскому здоровью способствует не только индивидуальному благополучию, но и укреплению и оздоровлению всего общества.

17 ноября 2020 года была принята Глобальная стратегия ВОЗ по ликвидации рака шейки матки и Кыргызстан присоединился к ней. Ежегодно, 17 ноября Всемирная организация здравоохранения и партнеры по всему миру отмечают День действий по элиминации рака шейки матки.

10.11.2023
АНОНС📢

2023-жылдын 11-ноябрында саат 10.00дө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (Ахунбаев, 192) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин катышуусунда:

- жаңы имараттагы МРТ- диагностикалык борборунун,

- мамлекеттик дарыкананын,

- стационардык бейтаптарга ургенттик кызматтын расмий ачылышы болот.

11.10.2023
14-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнү

Паллиативдик жардам ассоциациясы КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Швейцариянын Морис фондунун, Сорос Кыргызстан фондунун, Эргенэ КФ, Ракка каршы бирге КФ колдоолору менен Бүткүл дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнүнө арналган бир катар иш-чараларды өткөрөт. 

18-октябрда саат 10:00до Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунда ушул маселелердин чечүү максатында, суроолорду талкуулоо үчүн бардык кызыкдар тараптар чогулушат. Ошондой эле 16-17-октябрда Нарын шаарында жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда да семинарлар жана жолугушуулар өтөт.

17 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча октябрдын ар бир экинчи ишембисинде хоспистик паллиативдик жардам күнү белгиленип келет, бул дүйнө жүзү боюнча паллиативдик жардамга, ооруну басаңдатуучу дары-дармектерге болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында өткөрүлөт.  

Паллиативдик жардам калкты медициналык тейлөө жана алгачкы медициналык-санитардык жардам менен жалпы камтыган саламаттык сактоо тутумунун негизги компоненттеринин бири катары таанылган. Бүткүл дүйнөлүк хоспистик паллиативдик жардам альянсынын маалыматы боюнча, жыл сайын паллиативдик жардамга 57 миллион адам, өмүрүнүн аягында 25 миллиондон ашык адам муктаж болсо, 18 миллион адам ага жетпегендиктен ашыкча азап чегет. Жардамдын жоктугу көйгөйүнүн көпчүлүгү паллиативдик жардам кандайча көрсөтүлүшү керектигин жана ал эмне үчүн маанилүү экендигин билбегендиктен келип чыгат. 

Кыргызстанда жылына 25 миңден ашык чоң киши паллиативдик жардамга муктаж. Бул өнөкөт жүрөк оорулары, өпкө оорулары, рак оорулары, диабет, кургак учук, СПИД жана башка оорулар боюнча оор стадиядагы бейтаптар. 

Бардык кошумча суроолор боюнча: Тынара Аскаровна Касымалиева, тел: (0555) 922 604