Copyright: ©
ЖМК өкүлдөрү үчүн чакыруу: Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы
01.04.2024 / Просмотров: 79275
2024-жылдын 2-апрелинде саат 10:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан манежинин имаратында “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму башталат.
Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин өтөт, ал Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.
Борбор Азиядагы медицина тармагы боюнча беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн маанилүү окуя болуп саналат. MedExpo Kyrgyzstan 2024 – тармактын лидерлери менен жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Быйылкы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.
01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүү үчүн байланыш телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
19.11.2024
АНОНС
2024-жылдын 20-ноябрында саат 12:00дө (Шакиров көч., 4) Нефрология, диализ жана трансплантология борборунун курулушуна капсула салуу аземи болот.
Салтанаттуу иш-чара КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтөт.
Объекттин сметалык баасы 446 604 640 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу эмеректерди берет.
04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу
2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.
Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.
Маалымат үчүн:
Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.
25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС
2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.
Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.
Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.