ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу
06.07.2022 / Просмотров: 3884
2022-жылдын 8-июлунда Кыргызстанда эмчек жана жатын моюнчасынын рагына каршы инновациялык скрининг программасынын башталгыч аянтчасы болуп калган Чүй облусунун Сокулук районундагыЖДПБнын Жаңы-Жер Үй-бүлөлүк тобуна пресс-тур өткөрүлөт.
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Médecins Sans Frontières (MSF) эл аралык гуманитардык уюму менен биргеликте эмчек жана жатын моюнчасынын рагынын алдын алуу боюнча жаңы программаны ишке киргизди, анын максаты кийинки уч жылдын ичинде Чуй областынын Сокулук районундагы 60 000 аялды текшерүүдөн өткөрүү болуп саналат.
Аккредитацияны 2022-жылдын 7-июль саат 17:00гө чейин төмөнкү телефондор аркылуу өтүүгө болот: +996 559 770 073, Нурия Чукушева.
Чогулуу: 8-июль саат 9.00
Чогулуу орду: Чүй проспектиси (Кыргыз мамлекеттик филармониясынын жанындагы аялдама).
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
12.11.2025
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу
2025-жылдын 13–14-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, «Жаннат» мейманканасы (Аалы Токомбаев көч., 21/2)
Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча XIII Улуттук конгресс өтөт.
Иш-чара Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген респиратордук медицина жаатындагы адистерди бириктирет. Конгресске Улуу Британиянын, Даниянын, Швейцариянын, Нидерланддын, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери жана клиницисттери катышат.
Конгресс дем алуу органдарынын ооруларын жана аллергияны аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы заманбап ыкмаларды талкуулоого арналган маанилүү кесиптик аянтча болот. Күн тартибинде — бронхиалдык астманы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларын көзөмөлдөө, антимикробдук резистенттүүлүк, өнөкөт дем алуу оорулары бар бейтаптарды реабилитациялоо, узак мөөнөттүү кычкылтек терапиясы, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоону баштапкы звенодо интеграциялоо маселелери каралат.
Программада: пленардык докладдар, панелдик талкуулар жана алдыңкы адистердин катышуусундагы окуу семинарлары өткөрүлөт.
Кошумча маалымат үчүн:
📞 +996 708 878 525 — Магдиева Камила
11.11.2025
ММК үчүн чакыруу
2025-жылдын 12–13-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы (Абдрахманов көч., 191)
Ар жылы 14-ноябрда дүйнө коомчулугу кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилеп, бул оорунун алдын алуу, эрте аныктоо жана сапаттуу дарылоонун маанисине көңүл бурат.
Дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнүн алкагында «Кант диабети — заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага алдыңкы эндокринологдор, ДССУнун эксперттери, Эл аралык диабет федерациясынын (IDF) өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышат.
Программада:
– диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары;
– оорунун татаалдашуусунун алдын алуу;
– мониторингдин жана инсулин терапиясынын жаңы технологиялары;
– «Саламаттык үчүн диалог: диабетке каршы биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек стол.
25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы
🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190
ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.
Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.
Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).
Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.