27.02.2022
Ысытма тамекиден жасалган заттар ден-соолукка зыян
- Ысытма тамекиден
жасалган заттар (ЫТЗ) керектөөчүлөрдү уулуу заттардын таасирине дуушар кылат,
алардын көпчүлүгү рак оорусун жаратышы мүмкүн.
- Ысытма тамекиден жасалган заттар табияты боюнча тамеки заттары
болуп саналат, андыктан кадимки тамеки заттарынан ЫТЗга өтүү тамеки чегүүдөн
баш тартуу болуп саналбайт.
- Ысытма тамекиден жасалган заттар кадимки тамекиге салыштырмалуу
анча зыяндуу эмес деген ырастоону тастыктаган жетиштүү далилдер жок.