29.02.2024

Тамактануу адаттарын өзгөртүү – дени сак жашоого карай кадам

 Дени сак тамактануу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары:

- Рационуңуздагы майдын, өзгөчө жаныбарлардан алынган майлардын жалпы көлөмүн чектеңиз (мындай майлар, мисалы, каймакта жана каймак майда болот).

- Этикеткадагы малыматка дайыма көңүл буруңуз. Эгерде этикеткада "жарым-жартылай гидрогенделген майлар" айтылса, бул продукттун курамында бир аз транс май бар экенин билдирет. Андан баш тартыш керек же жок дегенде азыраак өлчөмдө жеген жакшы.

- Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды күнүмдүк керектөөнү жок дегенде 400 г (күнүнө беш порция) чейин көбөйтүңүз.

- Күнүнө 5 г туздан (бир чай кашыктан) аз колдонуу абзел, туз дайыма йоддолгон болушун камсыз кылыңыз.

- Кантты аз жегиле. Кантты күнүмдүк керектөөнү максималдуу азайтыныз: чоңдор үчүн 50 г (же болжол менен 12 чай кашык) жана балдар үчүн 25 г менен чектеңиз.